Украина кризисинен Европа биримдиги көбүрөөк зыян тартууда
Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтотту. Ишкана буга Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганын шылтоо кылып жатат. Ал эми, Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен буга байланыштуу билидирүүсүндө, Орусиянын манипуляциялык аракеттери натыйжа бербей турганына ишендиргиси келди.
Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым-1” куурлары аркылуу алып өтчү. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи жол катары “Түндүк агым-2” долбоорун курган. Бирок, Украина кризисинен улам бул долбоор ишке кирбей токтоп калган.
Аймактагы энергетика кризисинен улам Германиянын канцлери Олаф Шольц жана экономика министри Роберт Хабек Орусиянын газына альтернатива табуу үчүн 22-августта Канадага барган. Үч күндүк иш сапардын жүрүшүндө тараптар суутек энергетикасы боюнча макулдашууларга кол коюшту. Ал эми Европа энергетика министрлери 9-сентябрда энергетика тармагындагы кризисти шашылыш жөнгө салуу үчүн Брюкселде кезигүүнү пландашууда.
Дүйшөмбү күнү Европа биржасында газдын миң метр кубуна болгон баа 3 миң евродон ашып кетти. Башкача айтканда дагы 9% кымбаттады. Ал эми, август айында электр энергиясынын баасы дээрлик алты эсеге өстү. Инфляция да рекорддук көрсөткүчкө чыгып 8,9%га жетти. Мындан улам, Германиянын өкмөтү жакынкы айларда энергия булактарынын кымбатташына жана жогорулаган инфляцияга каршы күрөшүү үчүн 65 миллиард евро бөлө турган болду. Бирок, буга карабай Германиянын канцлери Олаф Шольц менен Бундестагдагы башкаруучу коалициянын рейтинги 2021-жылдын декабрынан бери эң төмөнкү деңгээлге түштү. 21-августта жарыяланган сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, Германияда калктын дээрлик үчтөн экиси – 62% Олаф Шольцтун ишине канааттанбайт. Бул март айындагы сурамжылоого салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз. Башкаруучу коалициянын рейтинги да рекорддук деңгээлге түштү. Респонденттердин 65% өкмөттүн ишине нааразы болгон.
Жогорудагылардан маалым болгондой, Украина кризисинин натыйжасында Европа биримдиги эң көп запкы тарткан тарап болууда. Башкача айтканда, АКШ Украина согушун пропагандалоо менен Орусияны дүйнөгө мокочо кылып көрсөтүп жатса да, негизги сокку Европага каратылууда. Муну менен АКШ өзүнө атаандаш күчтү экономикалык жактан сындырмакчы жана өзүнүн таасиринде кармап турууга аракет кылмакчы. Ошондой эле, өз кызыкчылыгына каршы аракеттерине каршы Орусия коркунучунан ар дайым колдоно берүүнү көздөп жатат. Ал эми, башка тараптан Тайвань кризисин күчөтүү менен Кытайдын таасирин да чектөөгө аракет кылууда.
Мумтаз Маверанахрий