Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

156
0

Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди

 Кабар: 2019-жылы жергиликтүү калктын нааразылыгы себептүү иши токтотулган Нарындагы Солтон-Сары алтын кениндеги Бучук тилкесин иштетүүгө уруксат берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

 Анда президент Садыр Жапаров июнь айында жеринде барып көрүп, элдин «жол салып, жаратылыш талкаланат» деген пикирин укканын жазган.

 “Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди”.

 Султанбаев ишкана азырынча жергиликтүү элге 50 миллион сомдон кенемте төлөп, кийин алтын чыга баштаганда, бул сумма эселеп көбөйтүлөрү макулдашылганын билдирди.

 “Ишканага мамлекеттин үлүшү киргизилип, кенди иштетүүдө цианид колдонулбайт жана алтын Кара-Балтада аффинаждалат”, – деген Султанбаев.

 Президенттин маалымат кызматы кабарлагандай, Бучук тилкесинде 12 тонна алтын бар. Ал эми жалпы баалуу металлдын кору 22 тонна деп эсептелет.

Комментарий: Мындан бир аз убакыт мурда Садыр Жапаров башында турган расмий өкмөт “Кумтөр” алтын кенин мамлекетке кайтарып алуу үчүн “Кумтөр Голд” компаниясына коюлган доодон баш тартып, президент ал келишимди Кыргызстандын утушу катары көрсөткөн эле. Эске сала кетсек,   Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту экологиялык зыяндын ордун толтуруу үчүн “Кумтөр Голд Компанини” мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген. Мындан сырткары ишкана 1 млрд. 300 млн. сом алым (пошлина) төлөшү керек эле. Ал эми, “Кумтөр” алтын кенин казуу учурунда Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип кеткени, жаратылышка орду толгус зыян жеткирилгени унутулуп калды.

 Адаттагыдай эле расмий өкмөт Солтон-Сары кени Кытайдын “Zhong Ji Mining Company” компаниясына 20 жылга кандай шарттар жана келишимдер негизинде берилгени, андан түшкөн кирешенин канчасы мамлекетке тийиши, канчасын компания алышы жөнүндө маалымат бербеди.   “Кумтөр” алтын кенин иштетүүдөн Кыргызстан 1,5 миллиард доллар, “Центерра” 11,5 миллиард доллар пайда көргөнү сыяктуу эле, бул келишим да кытайлык компаниянын пайдасына түзүлгөндүгү анык. Президенттин кенди казып алууда жаратылышка зыян жеткирилбеши жана компания жыл сайын жергиликтүү бюджетке каражат бөлүп турушу жөнүндө айтканы, бул  болгону элди убактылуу тынтандырып туруучу үчүн гана болууда. Себеби, өкмөттүн Кытай менен элдин зыянына түзүлгөн келишимдери бар. Жапаров азырынча “Жетим-Тоо” темир кени казылбайт деп элди ишендирүүгө аракет кылып жатканы менен, Солтон-Сары кенинен кийин ал кенди да кытайлык компанияга өткөрүп берет. Мындан тышкары, өкмөттүн мойнунда Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кениндеги кытайлык компаниялардын иштерин кайрадан жандандыруу маселеси да турат.

 Негизи, расмий өкмөт пайдалуу кен-байлыктарды чет өлкөлүк компанияларга кош колдоп тапшыруунун ордуна, өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнөн келип чыгып өз күчү менен казып алганда мындан көбүрөөк пайда көрмөк. А бирок, колонизатор мамлекеттер орноткон эл аралык мыйзамдарга ылайык, Кыргызстан сыяктуу үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин мындай иштер үчүн зарыл болгон техника жана станокторду чыгаруучу оор өнөржайды өнүктүрүүгө укугу жок. Бул мамлекеттер жалаң гана айыл чарбасы менен алек болушу керек. Өз жериндеги байлыктарын казып алуу жана иштетүүдө болсо пайданын ири бөлүгүн алып кете турган колонизатор мамлекеттерге жана алардын компанияларына көз каранды.

Исламий өлкөлөр жана мусулмандар бул сыяктуу көз карандылык саясатынан кутулушу үчүн, ага негиз болуп жаткан капитализм түзүмүнөн баш тартып, ага каршы болгон мүмкүнчүлүгү менен күрөшүүсү керек. О.э. анын ордуна Исламды мабда катары колдонууга аракет кылышы керек. Себеби, проблеманын чечими Исламды колдонууда, Аллахтын шарияты менен башкара турган, өндүрүштү да үммөттүн пайдасы үчүн жолго коё турган, айыл чарбасын жана өнөржайды өнүктүрө турган Халифаны тикелөөдө. Көз карандылыктан кутулуунун мындан башка жолу жок.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here