Акыл жана дин ортосунда (2)

347
0

Бисмиллахир рохманир рохиим

Акыл жана дин ортосунда (2).

Аллах Тааланын адам баласын башка махлуктардан абзел кылышы, жалаң гана ушул акыл неъматы  менен  эле. Аллах Таала «Фуркан» сүрөсүндө айтат:

أَمْتَحْسَبُأَنَّأَكْثَرَهُمْيَسْمَعُونَأَوْيَعْقِلُونَۚإِنْهُمْإِلَّاكَالْأَنْعَامِۖبَلْهُمْأَضَلُّسَبِيلًا

Же сен алардын көптөрүн (акыйкат сөздү) уга алышат же түшүнө алышат деп ойлойсуңбу?! (Андай эмес, анткени) алар эч нерсе эмес, бар болгону үй айбандары сыяктуу. Жок, алар дагы да жолдон түгөл адашкан адамдар. [25:44].

Ушул жерде тыянактап айтуу мүмкүн болгон нерсе, акыйдаларга карата наклдын орду талкуу кылуу, назар салуу жана  нерселер үстүндө  акыйкат менен  өкүм чыгаруу. Акылдын наклий жана самъий акыйдаларга карата ээлеген орду болсо, насстарды түшүнүп жетүү жана аларда келген  нерселер чындык-акыйкат экендигине ишенгенден кийин ыйман келтирүүдөн турат.

Ал эми акылдын шаръий  өкүмдөргө карата ээлеген ордуна келсек, шаръий өкүмдөр туура жана каталыгына карала турган  нерселерден эмес. Анткени, шаръий өкүмдөр акыйкатты аныктоо же аларды сыпаттоо үчүн вакиъ үстүндө өкүм чыгаруу эмес. Себеби, шаръий өкүм вакиъге бар же жок, узун же кыска, күйө турган же күйбөй турган ж.б.у.с… деп өкүм  чыгаруу эмес. О.э. шаръий өкүм  кабар да эмес. Балким, шаръий өкүмдө итаат кылуу же  итаат кылбастык жагы каралат. Себеби, шаръий өкүм – бул Шореънин пенделеринин феълдерине (иш-аракетине) тиешелүү болгон хытабы. Демек, ал ыйманга эмес, феълге, амалга тиешелүү. Шаръий өкүмдөр Аллахтын пенделер үчүн болгон буйрук жана кайтарууларынан турат. Шаръий өкүмдөр намаз, орозо, амри-маъруф жана нахий-мункар, халифаны тикелөө, куфр өкүмдарлыгын жоготууга аракет кылуу, дарул куфрду дарул исламга айландырууга аракет кылуу сыяктуу иштерди аткарууну талап кылуу.  Же зына, риба, куфр  менен  өкүм жүргүзүү, кафирлерге дос болуу, мусулмандарга каршы согушуу жана ушул сыяктуулардан баш тартууну талап кылуу.  Же болбосо, басып-туруу, сапарга чыгуу, жеп-ичүү жана ушул сыяктуу иштер арасында буларды кылуу  менен  таштоо ортосунда ыктыяр берүү.

Акыл туура  же каталыгында талкуу кылышы  мүмкүн болгон нерселер бар жана талкуу кылышы мүмкүн болбогон нерселер да бар. Аллах Таала «Ниса» сүрөсүндө айтат:

يَاأَيُّهَاالَّذِينَآمَنُواآمِنُوابِاللَّهِوَرَسُولِهِوَالْكِتَابِالَّذِينَزَّلَعَلَىٰرَسُولِهِوَالْكِتَابِالَّذِيأَنزَلَمِنقَبْلُۚوَمَنيَكْفُرْبِاللَّهِوَمَلَائِكَتِهِوَكُتُبِهِوَرُسُلِهِوَالْيَوْمِالْآخِرِفَقَدْضَلَّضَلَالًابَعِيدًا

Эй момундар, Аллага, Анын пайгамбарына жана ошол пайгамбарына түшүргөн Китебине, ошондой эле мурун түшүргөн Китептерине, ыйман-ишенимиңер толо болсун. Кимде-ким Аллага, Анын периштелерине, Китептерине, пайгамбарларына жана Акырет Күнүнө ишенбесе, демек, ал абдан катуу адашат. [4:136].

Ушул аятта келген нерселер акыл алардын туура  же  туура эместигинде талкуу жүргүзүшү мүмкүн болгон нерселерден. Ошондуктан, инсан же ыйман келтирет, же ыйман келтирбей кафир  болот. Мисалы, Аллах Таала бар же жок болот. Анын бар экендиги акыл  менен  собит болгон. Малаика-периштелер да кудум ушундай. Малаика деген нерсе бар же жок болот. Алардын бар экендиги Куръан нассы  менен  т.а. асли акыл  менен  собит болгон нерсе  менен  собит болгон. Аяттагы «… Анын Китептерине, пайгамбарларына жана акырет күнүнө ишенбегендерге…» карата да кудум ушул сөздөрдү айтууга болот. Бул нерселер да акыл туура  же каталыгына назар сала турган нерселерден. Чындыгында, буларга ыйман келтирүү талап кылынган. Бул жердеги хытаб феълге эмес, ыйманга тиешелүү.

Аллах Таала «Маида» сүрөсүндө айтат:

يَاأَيُّهَاالَّذِينَآمَنُواإِنَّمَاالْخَمْرُوَالْمَيْسِرُوَالْأَنصَابُوَالْأَزْلَامُرِجْسٌمِّنْعَمَلِالشَّيْطَانِفَاجْتَنِبُوهُلَعَلَّكُمْتُفْلِحُونَ

 Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда, таякчалар менен палчылык кылуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула! [5:90].

«Бакара» сүрөсүндө айтат:

وَأَقِيمُواالصَّلَاةَوَآتُواالزَّكَاةَوَارْكَعُوامَعَالرَّاكِعِينَ

Намазды толук  аткаргыла, зекетти бергиле жана (Мага) руку кылуучулар менен бирге руку кылып сыйынгыла! [2:43]

 «Ниса» сүрөсүндө айтат:

يَاأَيُّهَاالَّذِينَآمَنُواأَطِيعُوااللَّهَوَأَطِيعُواالرَّسُولَوَأُولِيالْأَمْرِمِنكُمْ

Эй момундар! Аллага моюн сунгула жана пайгамбарга, ошондой эле өзүңөрдөн болгон (мусулман) акимдерге моюн сунгула”. [4:59].

 «Маида» сүрөсүндө айтат:

وَطَعَامُالَّذِينَأُوتُواالْكِتَابَحِلٌّلَّكُمْوَطَعَامُكُمْحِلٌّلَّهُمْ

 Китеп берилген кишилердин тамактары силер үчүн адал жана силердин тамактарыңар алар үчүн адал”. [5:5]

Биринчи аятта Аллах Таала белгилүү бир иштерди таштоого буюрат. Бул жерде итаат кылынат же же  итаатсыздык кылынат т.а. Аллах Таала кайтарган феъл ташталат же кылынат. Экинчи аятта Шореъ намаз окууга, зекет берүүгө жана рукуъ кылуучулар менен бирге рукуъ кылууга буюрат.  Т.а. бул жерде шореъ белгилүү бир амалды аткарууга буюрат. Ушул буйруктун каршысынан да итаат  кылуу же  итаат кылбастык келет.  Үчүнчү аятта Аллах Таала Өзүнө итаат кылууга, Расулуна итаат кылууга жана мусулмандардын амирлерине итаат кылууга буюруп жатат. Мына ушулардын бардыгы мусулмандар өздөрү амр кылынып жаткан же нахий кылынып, же аларга ыктыяр берилип жаткан орундарда итаат кылууга каратылган талаптар болуп эсептелет. Төртүнчү аятта Шореъ ахли китептин тамагынан жеш жаиз экендигин же аларга жештик менен жебестик ортосунда ыктыяр берилгендигин баян кылат. Демек, ушул төрт аят пенделердин феълдерине тиешелүү болгон аяттар болуп эсептелет. Себеби, бул аяттарда бир ишти кылуу же башка бирин кылбастык талап кылынат, же кылуу менен кылбастык ортосунда ыктыяр берилет.  Бул аяттардын ыйманга тиешеси жок. Бул аяттардын каршысында аларда келген амрга итаат кылуу же  итаат кылбастык турат.

“Бул жана ушул сыяктуу «Намазды аткаргыла!»  деген  аяттарда бир феълди аткаруу талабы да, ыйман талабы да бар”, – деп айтылбайт. “Феъл намазды аткаруу, ыйман болсо, Аллах Таала намазды аткарууну талап кылгандыгына ыйман келтирүү”, – деп айтуу туура эмес. Себеби,  Аллах Тааланын «Аткаргыла!»  деген сөзү намазды аткаруу феълине болгон амр. Ал эми бул талаптын Аллах тарабынан экендигине болгон ыйман бул  аяттын Куръан экендиги,  Куръанга ыйман келтирүү важибдиги тарабынан келет. Ошондуктан, башка аяттар сыяктуу эле ушул аятка да ыйман келтирүү важиб болот.  Ушул аяттын далалаты катъий болгону үчүн бул аятта келген нерсеге – намаздын фарздыгына ыйман келтирүү да важиб болот. Ошондуктан шаръий өкүмгө болгон ыйман насстын мантукунан эмес, насстын Аллахтын вахийи экендиги  тарабынан болот.

Ушуга ылайык, шаръий өкүмдөрдө туура  же каталыкка талкуу кылынбайт. Себеби, шаръий өкүм – бул амр, нахий жана ыктыяр берүү.  Туура жана каталык – бул кабардын вакиъге туура келиши же туура келбеши. Амр, нахий же  ыктыярдуулук каршысында аны өзүнө лазым тутуу менен  итаат кылуу же өзүнө лазым тутпоо менен итаат кылбастык турат. Шаръий өкүмдөрдөгү акылдын милдети, алгач алардын вахий аркылуу келгендигин тастыктоо, андан соң вахийдин максатын түшүнүп жетүү. Вахийди талкуу кылуу акылдын иши эмес.

Жогорудагылардан тыянак чыгарыш мүмкүн болгон нерсе, акыл туура акыйдаларды батылдарынан ажыратып алууда өкүм  чыгаруунун негизи болуп эсептелет. Акыйдадан акылдын талкуу кылышына моюн сунбай тургандары каршысында качан алардын асли билинмейинче унчукпай турулат. Асли белгилүү болгондон кийин гана акыл бул нерселерде өкүм чыгарат. Шаръий өкүмдөр буйрук жана кайтаруулар болуп, буларда туура  же  каталыгына каралбайт. Балким, аларга итаат кылуу важибби же важиб эмеспи деп каралат. Ошондуктан, алардын масдарына-булагына каралат. Эгер бул шаръий өкүмдөрдүн масдары вахий болсо, албетте аларга итаат кылуу важиб болот. Аллах Таала «Хашр» сүрөсүндө айтат:

وَمَاآتَاكُمُالرَّسُولُفَخُذُوهُوَمَانَهَاكُمْعَنْهُفَانتَهُواۚ

Пайгамбар өзү силерге тартуу эткен нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла.[59:7].

Бир гана маселе калды. Ал да болсо, акыл жана дин ортосундагы катъий зиддият (карама-каршылык) маселеси.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here