Түркия «израил» менен дипломатиялык мамилесин калыптандырат

231
0

Түркия «израил» менен дипломатиялык мамилесин калыптандырат

Түркия «израил» менен дипломатиялык мамилесин толук калыбына келтирет. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө жакын арада «израил»ге элчи кызматына талапкерди дайындайт. «израил» да Түркиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн калыбына келтирет. Ошондой эле, эки өлкөнүн аба жолдору кызматташтыгы боюнча да келишим түзүлдү. Ал муну менен Палестина, Куддус жана Газанын акысын коргоого жаңы мүмкүнчүлүк ачыларын кошумчалады.

Ал эми, «израил» премьер министри Исак Герцог Түркия менен дипломатиялык алаканын жогорку деңгээлге чыгуусун жогору баалай турганын билдирди.

Калкы мусулман болгон Түркия мамлекети яхудий вужудун мамлекет катары алгачкылардан болуп тааныды. Ошондон бери яхудий вужуду менен саясий-экономикалык, аскерий-дипломатиялык жана туризм тармактарындагы мамилеси үзүлбөдү. Мусулмандар исламий көрүнүшү үчүн добуш берген Эрдоган өкмөтү доорунда мамиле эң жогорку деңгээлге чыкты. “Мави мармара” окуясы сыяктуу кээ бир абалдарда мамиле бир аз аксагандай көрүнгөнү менен, АКШнын “таарынычты токтоткула” деген буйругу аркасынан мамиле дагы кайрадан мурункудай эң жогорку деңгээлге чыга баштады.

Түркия «израил» менен дипломатиялык алаканы күчөтүп жаткан чакта баскынчы жөөт вужуду палестиналыктардын канын төгүүнү улантууда. Палестина «Кызыл ай» уюмунун маалыматына ылайык, Батыш жээктеги Наблус шаарында өткөн түнү 18 жаштагы Васиим Халифа өлтүрүлүп, 35 палестиналык жараат алды. «израил» ушундай жол менен Батыш жээкте 500.000 жөөттү жайгаштырууга жетишти. Бул аймакта 3 миллион палестиналык жашайт.

Буга чейин Араб Эмирлиги, Бахрейн, Судан сыяктуу араб өлкөлөрү дагы «израил» менен дипломатиялык алакалардын орнотулганын жарыялашкан. Түпкүлүгүндө, бул малай акимдердин жөөт вужуду менен мындай саткын мамилелери буга чейин эле болуп келген. Болгону абалга карай кожоюндарынын ишарасына ылайык, ачык түс берилүүдө. Анткени, мусулмандар Халифалык мамлекети кулагандан тарта анын ордун дал ушул АКШ баштаган колонизатор мамлекеттер басып алып, ордуна өздөрүнө малайлык кылган мамлекетчелерди пайда кылышты. Бул акимдер колонизаторлор сызып берген нота менен гана ырдап-бийлей алышат. Андан ашыкча укук берилбеген. Бул акимдер нота жөөт вужудун дос тутууга карай чертилсе ага ылайык, мусулмандардын туйгусуна ойноо үчүн душман жарыяланса ага да үндөш аткарып беришет. Демек, биз мусулмандар бул акимдердин бузук саясат жүргүзүүсүнө, Ислам дүйнө карашына толук тескери келген “диндер аралык диалог” сыяктуу куфр долбоорлоруна каршы турушубуз шарт.

Биз мусулмандар Куддус дегенде Аксону, Аксо дегенде Исламды түшүнөбүз. Анткени, Аксо мусулмандардын алгачкы кыбыласы, Пайгамбар с.а.в.дын Исро жана Мираж мекени. Ошондуктан, бул баскынчыларга достук мамиле кылуу жайиз эмес! Алар бүгүнкү күндөгү мусулман жетекчилеринин коркоктугунан илхам алып, кылмыштарын дагы да күчөтүшүүдө.

Эй мусулман жетекчилери! Силер кыла турган иш баскынчылар жана кан төгүүчүлөр менен дипломатия орнотуу эмес, аларды жерлерибизден кубалоо! Алар менен кызматташтыкты, соода байланышты күчөтүү эмес токтотуу! Алар менен диалог түзүү эмес, армияларды аттандыруу!

Эй мусулмандар! Куддус маселеси ал жерге Америка кызыкчылыгындагы эки мамлекетти пайда кылуу менен чечилбейт! Куддус маселеси «Куддус баскынчылар колунда болгон чакта бизге күлүү арам болсун!» деген Салахуддин сыяктуу жетекчилердин колу менен чечилет! Куддус каапырлардын жанынан аброй күткөн жетекчилер менен эмес, «Исламдан башка жерден аброй издесек Аллах бизди шерменде кылат» деген Умар р.а сыяктуу рошид халифа аркылуу куткарылат! Я Аллахым, Исламга жана мусулмандарга нусратыңды жакын кыл! Палестинадагы, бүткүл дүйнөдөгү зулум чегип жаткан мусулмандарга калкан боло турган Рошид Халифалык мамлекетин бизге насип эт!

Мумтаз Маверанахрий

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here