Жапаров менен Ван И эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

226
0

Жапаров менен Ван И эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Бишкекке расмий сапар менен Кытайдын тышкы иштер министри Ван И келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, коңшу өлкөнүн башкы дипломаты президент Садыр Жапаров жана Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту. Жолугушууда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, глобалдык жана чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алмашуу болду.

Жапаров өз сөзүндө Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады. Ван И өз кезегинде Бээжин үч тараптын катышуусунда долбоорго техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.

Ал эми, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ван Инин иш сапарынын алкагында эки тараптуу мамилелердин бардык өңүттөрү талкууланганын, өзгөчө соода агымын көбөйтүүгө басым жасалганын айтты.

Белгилей кетсек, 2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепетинен Кытайдан Кыргызстанга келүүчү импорт эки эседен ашуун өлчөмдө азайып, жүк ташуучу унаалардын саны 10 эсе кыскарган.

Маалым болгондой, Кытайда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандагы базардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеп турат, ошондуктан кытай импортунун азайып кетиши инфляцияны тездетти. Бажы алымдарынын кыскарышы өз кезегинде бюджеттеги тартыштыктын 20 млрд. сомго жетишине алып келди. Ошондуктан, жаңы бийлик Кытай менен болгон алакага өзгөчө көңүл бурууда. Акыркы беш ай ичинде кошуна өлкөдөн ташылган импорттук товар 1,3 млрд. долларга жетти. Бул былтыркы ушул мезгил аралыгындагы көрсөткүчтөн 3,5 эсе жогору. А бирок, товар жүгүртүүнүн 97% бөлүгү Кытай импорту. Кыргызстандан Кытайга негизинен чийки зат гана жиберилип турат, ал эми Кытайдан бизге даяр өнүмдөр келет, болгондо да анын көбү биздин чийки заттан даярдалган. Бул капитализмдеги колонизатор-колония алакасы экенин ачык мүнөздөйт.

Мындан тышкары, учурдагы бийлик Россиянын таасиринен чыгуу үчүн Кытайды куткаруучу катары көрүп жатат. Анткени, өлкөнүн Батыш менен алаканы жандантуусу Россиянын кескин чараларды көрүүсүнө алып келмек. Ал эми, Россиянын учурдагы оор абалы аймакка Кытай таасири кирип келишине аргасыз макул кылдырууда. Ошол себептен да кыргыз бийлиги маанилүү долбоорлорду Кытай менен биргеликте ишке ашырмакчы болууда. Бул багытта айрым долбоорлорго Жапаровдун Кытайга жасаган сапарында келишилсе, айрымдарына Кытайга лоялдуу дипломаттын Тышкы иштер министри болуп келиши менен арык чабылууда. Алардын катарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулушун баштоо, Нарындагы логистикалык борборду куруу, тоо-кен тармагына кытай инвесторлорун тартуу маселелери бар.

Жаңы темир жол долбоорунун башталышы болсо регионду орустун таасиринен мушрик кытайлардын чеңгелине тапшыруучу алгачкы кадам болуп калмакчы.

А бирок, кытай баскынчылыгынын кирип келиши аймактагы мусулман калктар үчүн абдан коркунучтуу. Анын экономикалык коркунучун министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да өз оозу менен тастыктаган. Ал Кытайга карыз төлөнбөй калса, кошуна өлкө Бишкек ЖЭБи, “Датка-Кемин” электр берүү чубалгысы жана Түндүк – Түштүк жаңы автожолу сыяктуу стратегиялык объекттерди өзүнүн башкаруу компаниясына өткөрүп аларын билдирген. Учурда Кыргызстан Кытайга дээрлик 1,8 млрд. доллар карыз. Анын негизги бөлүгүн жакынкы беш жылда төлөөгө мажбур.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Муну Кытай да өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турат. Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышууда. Алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында өздөрүнүн экономикасын көтөрүүдө.

Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек. Бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.

Ал эми, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка колонизаторлуктун зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here