Бекмурзаев: Энергетика тармагындагы каржы тартыштыгы 15 миллиард сомдон ашты

160
0

Бекмурзаев: Энергетика тармагындагы каржы тартыштыгы 15 миллиард сомдон ашты

 Кабар: Энергетика министри Доскул Бекмурзаев өкмөттүн жыйынында бул тармактагы жалпы каржы тартыштыгы жөнүндө маалымат берди.

 “Биздин энергосистеманын ичиндеги финансылык тартыштык 15 миллиард 275 миллион сом. Жалпы чыгашабыз 40 миллиард сомдон ашып жатат. Быйыл биз 24 миллиард 993 миллион сомду азыркы тарифтик саясат менен чогултабыз деп пландап жатабыз. Ошонун айырмасы 15 миллиард сомдон ашып жатат. Өзүңөр билесиңер, мунун баары биздин тарифтик саясатыбыздан келип чыкты. Эң көп тартыштык “Электр станциялар” ачык акционердик коомуна таандык. Бул Бишкек жылуулук электр борбору, Токтогул ГЭСиндеги каскаддар. Андан кийинки орунда “Кыргызстан улуттук электро тармактары”, андан кийин бөлүштүрүүчү копаниялар, “Жылуулук тармагы”, Чакан ГЭС” турат”, – деди Бекмурзаев

Комментарий: Кыргызстан “эгемендүүлүк”  алгандан бери эң көп инвестиция салынган тармак – бул энергетика тармагы болуп, 30 жылдан ашуун убакытта аталган тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттардан жана жергиликтүү бюджеттен 2 миллиард долларга жакын каражат бөлүнгөн. А бирок бул тармакта терең тамыр жайган коррупция, өздөштүрүү жана бөлүштүрүүчү жеке менчик компаниялардын талап-тоношу натыйжасында бул тармак бүгүнкү күнгө чейин кризистен чыга албай келет.

 Расмийлер электрдин баасы арзандыгы себептүү бул тармак өз чыгымдарын жаба албай жатканын айтып келишет. Өкмөт  киргизген жаңы тариф саясаты натыйжасында электрдин баасы көтөрүлдү.  Калк үчүн тариф 700 кВт сатка чейин 1 кВт сааты 77 тыйын бойдон сакталып калганы менен ишканалар менен дагы башка керектөөчүлөр үчүн баа көтөрүлдү. Насостук станциялар 1 кВт энергия үчүн 1,09 сом, турак жай болбогон керектөөчүлөр үчүн тариф 2,52 сом, кен тармагындагы ишканалар (криптовалюта), алтын өндүрүүчү ишканалар (алтынды кайра иштетүүчү фабрикалар), алкоголдук ичимдиктерди өндүрүүчү ишканалар 5,04 сом, темир эритүүчү цехтер үчүн 3,78 сом, цемент чыгаруучу ишканалар үчүн 3,28 сом кылып белгиленди. А бирок ушуга карабастан, бул тармак кризистен чыга албай жатат. Себеби, карапайым калк карыз болбойт. Анткени, карапайым калк “светтен” 100 сом карыз болсо да светин өчүрүп коюу, ал эми чиновниктер менен өкмөткө жакын адамдардын электр энергиясына акча төлөбөшү адаттагы көрүнүшкө айланган.

Жыл сайын кыш жакындап калганда суунун аздыгын жана башка шылтоолорду айткан расмий өкмөт жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырып, ар түрдүү чектөөлөрдү киргизет. Былтыр кышында да Токтогул суу сактагычында суунун аздыгын шылтоолоп, бир фазалуукеректөөчүлөр үчүн 5 кВт саат, үч фазалуу керектөөчүлөр 10 кВт сааттык чектөө киргизди. Негизи энергетика тармагында тартыштыкка негизинен бөлүштүрүүчү компаниялар себепкер болушууда. Бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейинки баада сатып алышат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалар “табигый жоготуулар” шылтоосу менен өөнөп калышат. Бөлүштүрүүчү компаниялардан тышкары, алардын кардары болгон ортомчу компаниялар да бар. Ушул ортомчу болгон жеке менчик ишканалар да элдин эсебинен күн көрүшөт. Алардын көпчүлүгү бир кездерде трансформаторлар менен электр линияларын менчиктештирип алышкан.

  Исламий өкүмдөргө ылайык, электр энергиясы умумий (жалпы элдик) мүлк болуп эсептелет. Ага мамлекет да, жеке менчик компаниялар да ээлик кыла алышпайт. Анын пайдасын же андан түшүп жаткан кирешени ар бир жаранга жеткирүү мамлекеттин мойнундагы жоопкерчилик болот. Исламда электр энергиясы калкка өздүк наркы менен берилет. Ал эми чет өлкөгө энергия сатуудан түшкөн каражат болсо элге бөлүштүрүп берилет.

 Абдурахман Адилов

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here