БУУнун өкүлү Асад режиминин абагындагы туткундар проблемасын көтөрдү

269
0

БУУнун өкүлү Асад режиминин абагындагы туткундар проблемасын көтөрдү

БУУнун Сирия боюнча эл аралык көз карандысыз иликтөө комиссиясынын башчысы Пауло Пиньейру “Акыйкат жана адилеттүүлүктү көздөй: Сирияда кайып болгон туткундар проблемасы” темасындагы конференцияда сүйлөгөн сөзүндө, Сирияда Асад режими тарабынан камакка алынган жана дээрлик он жылдан бери камакта жаткан көптөгөн адамдардын тагдыры жөнүндө сөз кылды. Пиньейрунун айтымында, көпчүлүгү он жылдан бери Асад режиминин түрмөлөрүндө жаткан он миңдеген жай тургундардын тагдыры белгисиз. Оппозициянын билдиришинче, бул көрсөткүч жүз миңден ашат.

Пауло Пиньейру “бүгүн Сирияда камалуу дайынсыз жоголууга барабар” деп, дайынсыз жоголгон жай тургундардын абалын текшерүү үчүн эл аралык ыйгарым-укукка ээ көз карандысыз механизм түзүлүшү керектигин баса белгиледи. Асад режими камактагы жай тургундардын азыркы абалы жөнүндө алардын жакындарына кабар бербей, жүз миңдеген адамдарды атайылап өлтүрүп жатканын билдирген Пиньейру, “көз карандысыз адам укуктары уюмдарынын туткундар кармалып турган бардык абактарга эркин киришине шарт түзүлүшү керек” деген талапты айтты.

Комментарий: БУУ бир тараптан Асад режимин жырткычтыкта айыптап жаткан болсо, башка тараптан аны таанып жатат. Себеби, мындан эки апта мурда уюштурулган Женева сүйлөшүүлөрүнө Асад режиминин өкүлдөрү да чакырылды жана оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшүү столунда Сириянын жаңы конституциясын ачык талкуулады. Бул сүйлөшүү дал мына ушул БУУнун демөөрчүлүгүндө уюштурулду жана БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр О. Педерсен төрагалыгында өткөрүлдү.

БУУнун бир тараптан Асад режиминин мыйзамдуу өкмөт экендигин таанып, экинчи тараптан анын жырткычтыгы жөнүндө жар сала башташы эмнени түшүндүрөт? Ал тургай, Асадга караштуу аскерлер жай тургундар үстүнөн ишке ашырган кыргындар тартылган видеолор тарай баштады. Видеодон колдору жана көздөрү байланган адамдар массалык түрдө тирүүлөй көмүлгөнүн жана атып өлтүрүлгөн адамдар өрттөлүп жатканын көрүүгө болот.

Балким бул аркылуу шарият менен жашоону талап кылып чыгып жаткан Сирия калкына: “Мындан кийин бүтүндөй калк ушул режимге баш ийиши керек. Мусулман болсоң да, шариат менен жашоону талап кыла көрбө, антпесе мындан да жаман күндөр башыңа түшүп калышы мүмкүн”, – демекчи болуп жаткандыр. Сирия оппозициясынын атынан Женева сүйлөшүүсүнө катышкан делегациянын мүчөсү Тарик ал-Курди да “Анадолу” маалымат агенттигине берген интервьюсунда Сирия камактарындагы абалды жумшартуу максатында сүйлөшүүгө катышып жатканын билдирди.

“Сириядагы лагерлерде жашап жаткан жарандарыбыздын азаптарын жана камакка алынган балдарынан кабар ала албай жаткан үй-бүлөлөрдүн азабын жеңилдетүүнү үмүттөнүп бул жерге келдик”, “Сирияга жаңы конституция керек. Сирия калкы конституция өкүмдар болгон жана адам укуктары корголгон мамлекетте жашоого акылуу. Биз ушул максатка жетүү үчүн аракет кылып жатабыз”, – деди ал-Курди.

Негизи 2011-жылы башталган Сириядагы аракет олуттуу көрүнүштө мусулмандардын пайдасына өнүгүп бара жаткан бир убакта региондогу Исламий өлкөлөрдүн Батышка малай акимдери жана аларга көз каранды болгон саткын жетекчилердин кыянаты себептүү кыйроого учурады. Россия, Түркия, Иран жана Сирия оппозициясынын өкүлдөрү катышкан “Астана келишими” натыйжасында Мужахиддер колундагы стратегиялык чекиттер Асаддын колуна өтүп кетти. Ошентип, алда качан эле алдан тайып калган Асад режимин сактап калуу үчүн Мужахиддер менен кагышууларга тоскоолдук кылынды жана бара-бара Идлибге камалып калган Мужахиддер таасирсиз абалга келтирилди. Бүгүнкү күнгө келип АКШ башчылыгында Женевада Исламий жашоону каалаган Сирия калкына светтик конституция түзүп берүү жана тыюу салынган куралдар менен Сирия калкын кыргын кылган Асад режимине сөзсүз моюн сундуруу боюнча иш жүрүп жатат.

Бирок, бул Сирия ынкылабы биротоло көмүлдү дегени эмес. Себеби, Сирия ынкылабынын учкуну өчкөн жок. Анын дагы кайрадан жалындап кетери анык. Үммөттүн күндөн-күнгө ойгонуп бара жатканын дос тургай душман да жакшы түшүнүп турат. Батыш буту күйгөн тооктой тыбырчылап, саясий Исламга каршы күрөшүн ар түрдүү ыкмалар менен күчөтүп жатканы бекеринен эмес.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here