Аманат жана ыйман
Окурман боордошум! Албетте аманатты жеткирүү пайгамбарлардын жана аларды ээрчиген ыйман ээлеринин жолун кармануу менен болот. Бул жол балээлерге кириптер болуу жолу, момундардын сыноодон өткөрүлүшү, сыналышы жолу. Бул жол жакшыны жамандан ажыратуу жолу. Бул жолду, бул тарыйкатты кармануу Аллахка жана Ал кабар берген бардык нерселерге чын дилден ыйман келтирүүнү талап кылат. Бул жолду кармануу жалгыз Аллахтан гана коркууну, Андан башка эч кимден коркпостукту талап кылат. Бул жолду кармануу кадардын жакшысы да, жаманы да жалгыз Аллахтан экенине ыйман келтирүүнү талап кылат. Албетте, амалы тастыктап турган бул ыйман ээси сөзсүз Аллахтын досторунан болуп эсептелет:
أَلَا إِنَّ أَوْلِيَاءَ اللَّهِ لَا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ
“Байкагыла, албетте Аллахтын досторуна (акыретте) бир да коркунуч жок, алар кайгы да чегишпейт”. [10:62]
Албетте мына ушундай ыйман ээлерине нусрат берилет жана алар жер жүзүндө халифа болушат:
إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ
“Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз”. [40:51]
وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُمْ فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمْ دِينَهُمُ الَّذِي ارْتَضَىٰ لَهُمْ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّن بَعْدِ خَوْفِهِمْ أَمْنًا ۚ يَعْبُدُونَنِي لَا يُشْرِكُونَ بِي شَيْئًا
“Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт”. [24:55]
Дилдин махлуктар алдында чөгөлөшү, инсандын дүйнөдөгү тагдырынан коркуу, Аллахтын ыраазылыгына алып баруучу жолду кармануудан кооптонуу – бул шайтандын иши, анын коркутуусу. Бул шайтандын жолдоруна ээрчүүнүн жана ага дос болуунун акыбети. Бул нерсе ыйманда кемчилик бар экендигине далалат кылат. Аллах Таала айтат:
إِنَّمَا ذَٰلِكُمُ الشَّيْطَانُ يُخَوِّفُ أَوْلِيَاءَهُ فَلَا تَخَافُوهُمْ وَخَافُونِ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ
“Албетте, ошол (силерди дүрбөлөңгө салмакчы болгон) шайтандын өзү. Ал силерди өзүнүн досторунан (кафирлерден) коркутмакчы болот. Демек, эгер момун болсоңор, алардан коркпогула, Менден корккула!” [3:175]
أَتَخْشَوْنَهُمْ ۚ فَاللَّهُ أَحَقُّ أَن تَخْشَوْهُ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ
“Алардан коркосуңарбы?! Эгер (чыныгы) момун болсоңор, коркушуңарга ылайыгыраак Зат Аллах го, акыры?!”. [9:13]
Аллах Таала (Акыйкат жолунда) сабыр кылуучу момундарга нусрат-жеңишти шерик-өнөктөш кылып – ар кандай абалда, ар кандай убакта – дилдерине тынчтык, кадыржамдыкты туруктуу кылып койду. Аллах Таала айтат:
وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ
“Ыйман келтирген заттарды үстөм кылууда Биздин мойнубуздагы чындык болгон”. [30:47]
Дагы айтат:
الَّذِينَ آمَنُوا وَلَمْ يَلْبِسُوا إِيمَانَهُم بِظُلْمٍ أُولَٰئِكَ لَهُمُ الْأَمْنُ وَهُم مُّهْتَدُونَ
“Ыйман келтирген, өз ыймандарын зулум (ширк) менен аралаштырбаган заттар – дал ошолор кадыржам болуучулар жана ошолор хидаят табуучулар”. [6:82]
Дагы айтат:
إِن تَتَّقُوا اللَّهَ يَجْعَل لَّكُمْ فُرْقَانًا وَيُكَفِّرْ عَنكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۗ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ
“…эгер Аллахтан корксоңор, силер үчүн чындык менен жалганды ажырата турган хидаят берет жана жамандыгыңарды-күнөөңөрдү өчүрүп, силерди кечирет. Аллах улуу фазл-берешен, жоомарттык ээси”. [8:29]
وَالَّذِينَ جَاهَدُوا فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا
“Биздин (жолубуз)да жихад кылган – күрөшкөн заттарды албетте Өз жолдорубузга баштайбыз”. [29:69]
وَلِلَّهِ الْعِزَّةُ وَلِرَسُولِهِ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَلَٰكِنَّ الْمُنَافِقِينَ لَا يَعْلَمُونَ
“Акыйкатта болсо, бардык күч-кудурет Аллахтыкы, Анын пайгамбарыныкы жана момундардыкы. Бирок мунаафыктар (муну) билишпейт”. [63:8]
Эгер момундун дилине Аллахка таква толуп-ташкан болсо, мындай дилде Аллахтан башка бирөө-жарымдан коркууга орун калбайт. Бардык нерсе Аллахтын амри менен болушуна момундун ыйманы толук болсо, бул нерсе анын тилинде эле эмес, сулукунда (жашоо таризи), жүрүш-турушунда жана ээлеген ордунда да албетте көрүнүп турат. Бул кеңдик, ырахат-жыргалчылыкта эле эмес, ар кандай абалда көрүнөт. Мына ошол кезде момун сыноодо нажат табат. Натыйжада Аллах мындай момунду Өзүнө дос тутат, ага дүйнө жана акырет неъматтарына дуушар кылат. Аллах Таала айтат:
أَمْ حَسِبْتُمْ أَن تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَأْتِكُم مَّثَلُ الَّذِينَ خَلَوْا مِن قَبْلِكُم ۖ مَّسَّتْهُمُ الْبَأْسَاءُ وَالضَّرَّاءُ وَزُلْزِلُوا حَتَّىٰ يَقُولَ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ مَتَىٰ نَصْرُ اللَّهِ ۗ أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ
“(Эй, момундар!) силерден мурунку өткөн заттардын өрнөгү силерге келбей туруп Бейишке кирүүнү ойлодуңарбы? Аларга балээ жана кайгы касыреттер катар-катар келе бергендиктен ыргылжың болуп калышты. Ал тургай, пайгамбар жана ыймандуу кишилер: «Акыры Аллахтын жардамы качан келет» – дей башташты. (Ошондо аларга) мындай жооп болду: “Билип койгула, албетте Аллахтын жардамы жакын”. [2:214]
مَّا كَانَ اللَّهُ لِيَذَرَ الْمُؤْمِنِينَ عَلَىٰ مَا أَنتُمْ عَلَيْهِ حَتَّىٰ يَمِيزَ الْخَبِيثَ مِنَ الطَّيِّبِ
“Аллах момундарды силер болгон мына ушул абалда (ким момун ким мунаафык экендиги маалым болбогон абалда) таштап коюучу эмес. Ары Ал (Ухудда мунаафыктарды момундардан ажыратып койгону сымал) жаманды жакшыдан ажыратат”. [3:179]
لَتُبْلَوُنَّ فِي أَمْوَالِكُمْ وَأَنفُسِكُمْ وَلَتَسْمَعُنَّ مِنَ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ مِن قَبْلِكُمْ وَمِنَ الَّذِينَ أَشْرَكُوا أَذًى كَثِيرًا ۚ وَإِن تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا فَإِنَّ ذَٰلِكَ مِنْ عَزْمِ الْأُمُورِ
“Албетте, силер мал- жаныңар менен сыналасыңар (т.а. Аллах Таала мал жана жандарыңарга ар түрдүү апаат балээлерди жиберип, силердин ыйманыңарды текшерет). Дагы, албетте, силерден мурунку Китеп берилген адамдар тарабынан жана мушриктер тарабынан көп азият-иренжитүүлөрдү угасыңар. Эгер (алардын бул кылыктарына) сабыр кылсаңар жана Аллахтан корксоңор (муратка жетесиңер). Анткени бул иш (сабырдуу болуп, Аллахтан коркуу) иштердин максатка ылайыгыраагы”. [3:186]
الم أَحَسِبَ النَّاسُ أَن يُتْرَكُوا أَن يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ
“Алиф, Лам, Мим. Адамдар: «Ыйман келтирдик», дешээри менен гана, сыноо кылынбастан таштап койулушун ойлоштубу?! Акыйкатта болсо биз алардан мурдагы (ыйман келтирген бардык) кишилерди сынаган элек го!! Анан (ушул сыноонун жардамында) албетте Аллах («Ыйман келтирдик», деп) чын сүйлөгөн кишилерди да, жалганчы адамдарды да анык билет”. [29:1-3] (уландысы бар).