Орозо айдын жаңыруусу менен гана бүтөт

330
0

Орозо айдын жаңыруусу менен гана бүтөт

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Орозо айт намазы 2-май күнү эски аянтта окулуп, иш-чара таңкы саат 06:00до башталаарын билдирди. Ал эми, айт намазы 07:30да башталмакчы. Муну менен муфтият жылдагы катасын кайталоону улантууда.

Негизи мусулмандар жашап жаткан региондор, мейли бири-биринен алыста жайгашкан болсо да, алар орозо тутуу жана аны ачууда биригүүлөрү важип. Анткени, бул тууралуу ачык насс келген. Шариятта бирер маселе жөнүндө таъвил кылып болбой турган, ижтихад талап кылбаган насс келген болсо ошол маселе жөнүндө айтылган сөздөргө каралбастан, бир гана насс алынат. Мисалы, «кадыр түн рамазандан башка убакта да боло берет» деген сөз ката,  «байъат дайындоо менен да туура боло берет» деген сөз ката. Булардын ката экендигинин мааниси, булар далалаты анык болгон, ижтихадды да, таъвилди да көтөрбөй турган, ачык-айкын болуп келген насстарга тескери болгон сөздөр болуп эсептелет. Демек, ошол сөздөрдү айткан адамдардын саны жана даражасына карабастан, ал сөздөр эч кандай ижтихад эмес, шаръий жактан алардын эч кандай мааниси жок.

Эми орозонун башталышы жана бүтүүсү тууралуу насстарга токтолобуз. Биринчи далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

`yJsù} y‰Íky­ ãNä3YÏB tök¤¶9$# {çmôJÝÁuŠù=sù

«Демек, силерден ким бул айга күбө болсо орозо тутсун»  [2:185]

شهد – сөзүнүн лугатта (сөздүктө) төрт мааниси бар:

Биринчи: Бир ишти кабар берүү маанисинде келген. Мисалы: (شهد فلان بكذا عند القاضي) деген сөзүбүз (Баланча казынын алдында балан нерсени кабар берди) дегени.

Экинчи: Өз көзү менен көрүү маанисинде келген. Мисалы: (شهدتُ فلاناً يُصلي) дегени (Баланчанын намаз окуп жатканын өз көзүм менен көрдүм) деген мааниде.

Үчүнчү: Катышты маанисинде келген. Мисалы: (شهد عليٌّ رضي الله عنه بدراً) деген сөз (Али р.а. Бадр казатында катышты) деген мааниде келген.

Төртүнчү: Билди маанисинде келген. Буга мисал Алла Тааланын мына бул аяты:

«(Ханыша) айтты: «Эй адамдар, мага бул ишимде фатва-кеңеш бергиле. Мен тээ силер күбө болмоюнча бир да иш жөнүндө өкүм кылуучу эмесмин»     [27:32]

Ал эми айдын жаңыруусу туралуу кабар берүү маанисиндеги  (شهد) сөзү бул аятка эч кандай байланыштуу эмес. Экинчи өз көзү менен көрүү маанисиндеги (شهد) сөзү болсо накл жана ижма менен батыл болгон. Себеби, анын мааниси орозо айды өз көзү менен көргөн адамга гана важип болушун түшүндүрөт. Натыйжада айды көрүүгө чыгуу мусулмандардын ар бирине важип болуп калат. Үчүнчүсү т.а. катышты маанисиндеги (شهد)га келсек, айрым аалымдар буга катышуу маанисин беришип, «мукаллаф сапарда болбостугу, тескерисинче өз шаарында бар болушу керек» дешкен. Бул да туура сахих сөз, бирок, бул маанинин бул жерде бул маселеге тиешеси жок. Төртүнчүсү т.а. билди маанисиндеги (شهد)га келсек назарда тутулган акыркы маани мына ушул. Себеби:

«Жана ал (силерге келтирип жаткан Куранды) өз көңүл-каалоосу менен сүйлөбөс. Ал (Куран) жалгыз (Алла тарабынан пайгамбарга) вахий кылынып жаткан (түшүрүлүп жаткан) бир вахий-кабар»     [53:3-4] сыпаты менен сыпатталган Расулулла с.а.в. көздөгөн маани ушул болгон. Пайгамбар с.а.в.  өз сөздөрү жана иш-аракеттери менен ушул маанини баян кылып берген. Пайгамбар с.а.в. дын өзү да өзгөлөрдүн айды көрүшү менен орозо туткан жана аны ачкан. Анткени, Расулулла с.а.в.  өз алдында «айды көрдүм» деп күбөлүк берген адамга: Алладан башка илах жоктугуна жана Мухаммад Алланын Расулу экенине күбөлик бересиңби? – дегенде, анын «ооба» деп жооп бергени менен чектелген. Анткени, бул – шаръий өкүмдөгү шахадат түркүмүнө кирет жана ал мусулман адамдан гана кабыл алынат.

Экинчи далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

«(Эй Мухаммад) Сенден айлар жөнүндө сурашат. Айткын: ал (айлар) адамдар жана ажылык үчүн убакыт өлчөөсү болот.       [2:189]

Айлар болсо он эки ай.  شهرт.а. ай деп эки жаңырган айдын ортосундагы убакытты айтабыз. Эгер кандайдыр бир мамлекетте ай көрүлсө биз балан ай жаңырыптыр деп айта алабыз. Ал болсо орозо тутуу жана ажылыкка барышыбыз үчүн убакыт өлчөөсүнө айланат. Эгер бир адам алдыбызга келип кадыр түнү т.а. (акыйкатта Куран түшүрүлгөн о.э. далалаты да, субуту да катъий болгон Куранда бир түн деп келген ошол түндү) бир түн эмес, тескерисинче бир нече түн деп айтса, анын ошол сөзү этибарга алынабы же бузуку сөз болобу? Мындай сөздү мусулмандардын уламалары бул жакта турсун, алардан бирер адамдын айтпастыгынын өзү анын сөзү бузук экендигине далалат кылып турат.

Үчүнчү далил: Алла Тааланын мына бул аяты:

«Эй момундар, Аллага моюн сунгула жана Пайгамбарга о.э. өзүңөрдөн болгон (мусулман) акимдерге моюн сунгула! Эгер бирер нерсе жөнүндө тартышып калсаңар, эгер чынында эле Аллага, акырет күнүнө ишенсеңер, ал нерсени Аллага жана пайгамбарына кайтаргыла! Мына ушул жакшыраак жана көркөмүрөөк чечим»      [4:59]

Аллага кайтаруу дегени анын Китебине кайтаруу болуп эсептелет, мунун мааниси мухкам аят муташабих аят үстүнөн, насих болсо мансух аят үстүнөн өкүм чыгаруучу болот ж.б… Мисалы, мурас жөнүндөгү керээз аятын далил катары келтирүүгө орун жок, акыйкатта болсо ал мурастар аяты менен мансух болгон. Мындан башка да аяттар көп.

Ал эми Расул с.а.в. га кайтарууга келсек, мындан максат, Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген мусулман Расул с.а.в. дын кылган иштери жана баян кылып берген сөздөрү алдында токтоосу керек болот. Ошолордун бири мүшкүлдүк жана жалпылыкты алып таштоо боюнча Пайгамбар с.а.в. дын:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ»

«(Ай)ды көрүп орозо туткула жана аны көрүп ооз ачкыла…» деген хадиси.

Муну өз иш-аракети менен да көрсөтүп берген. Мисалы, башка адамдын айды көрүүсү менен орозо туткан жана ооз ачкан. Мындан тышкары, мында айдын ар түрдүү жерлерден чыгышы да, ар бир мамлекеттин аны өзү көрүүсү да айтылбаган.

Төртүнчү далил: Байхакий өз «Сунан»ында Али ибн Ахмад ибн Абдан риваят кылат. Ал Ахмад ибн Абийдден, ал Убайд ибн Шурайктан, ал ибн Аби Марямдан, ал Мухаммад ибн Жаъфардан, ал Мухаммад ибн Абу Хармаладан, ал Курайбдан, ал ибн Аббастан риваят кылат: «Расулулла с.а.в бизге айды көрүп орозо тутууга жана айды көрүп орозону ачууга, эгер асман булуттуу болсо (шаъбанды) отуз күн кылып эсептөөгө буюрган», – деп жатканын укканын айтат. Ибн Аббас аны тафсир кылган абалда айткан.

Бешинчи далил: Эми бир аз аркага кайрылып Курайб тараптан риваят кылынган хадисти окуп чыгалы. Бул хадисти коом өздөрү үчүн хужжат деп далил кылышкан. Бирок, андай эмес. Себеби, Курайб ибн Аббастан: Муавиянын орозо тутуусу жана орозону ачуусу менен чектелбейсизби? – деп сураганда, ал: Жок, Расулулла с.а.в. бизге ушундай буюрган, – деп жооп берген. Себеби, хадис мавкуф жана марфуъну өз ичине алган. Мавкуф экендигине келсек, ал ибн Аббастын Курайбдын кабарын кабыл албастыгы, Муавиянын орозо тутуусу жана орозону ачуусун макулдабастыгы. Марфуъ экендиги болсо «Расулулла с.а.в. бизге ушундай буюрган» дегени. Мавкуф хадис – мухаддистер назарында белгилүү болгону сыяктуу – ал өз ээсине гана хужжат болот жана ал шаръий жактан этибардуу далилдерден эмес.

Алтынчы далил: Пайгамбарыбыздын мына бул сөздөрү:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا الْعِدَّةَ ثَلاَثِينَ»

«(Ай)ды көрүп орозо туткула жана айды көрүп орозону ачкыла. Эгер (асман) булуттуу болсо санакты отуз күн кылгыла» (Т.а. шаъбанды отуз күн кылып эсептегиле).

Мусулмандар орозо тутуу жана орозону ачууда биригүүлөрү зарыл экени туурасында келген эң ачык хадис мына ушул. Себеби, Расулулла с.а.в.дын: «صُومُوا وَأَفْطِرُوا орозо туткула жана орозону ачкыла» деген сөздөрү же өзүнүн жанында турган адамдарга болушу керек же бүтүндөй Үммөтү үчүн болушу керек. Лугавий жактан анын башка ыктымалы жок.

Эми «жанында турган адамдарга каратылган болушу керек» деген ыктымалга келсек, ал батыл жана аны эч ким айткан эмес. Себеби, пайгамбардын кайрылуусу бүтүндөй Үммөтүнө болгон кайрылуу болуп эсептелет. Ал менен бирер адам же жамаат хостолбойт. Демек, бул кайрылуунун хостолбогон абалда Үммөтүнө экендигинен башка ыктымал калбады.

Бул – «صُومُوا وَأَفْطِرُوا орозо туткула жана орозону ачкыла» деген сөздөрү жөнүндө. Ал эми «فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ эгер (асман) булуттуу болсо» деген сөзүнө келсек, буйрукту «эгер» деген шартка байланыштуу кылган. Кудум (эгер айды булут каптап көрүнбөй кала турган болсо орозо туткула) дегени. Акыйкатта болсо, ал бизге көрүнбөгөнү менен айрым адамдарыбыз көрүшкөн. О.э. көрүнбөй калса деген өткөн чак этиши мажхул нисбатка курулган. Кудум, бул (эй мусулмандар, эгер айды кай бириңер көрсөңөр аны көрүү менен орозо тутуу жана орозону ачуу баарыңарга шарт болот) деп айтылган сөз сыяктуу болот.

Жетинчи далил: Байхакий Варко ибн Умар аркылуу Абдуляъла Саълабийден, ал болсо Абдуррахман ибн Абий Яъладан риваят кылышынча, Абдуррахман айтат: «Мен Баро ибн Аазиб жана Умар ибн Хаттаб менен Бакиъде бирге элем. Ошондо ал жаңы айга карады. Кийин бир атчан келип калды. Умар ага учурап: Кайдан келдиң? – деген эле, ал: Магрибден, – деди. Айды көрдүңбү…? – деген эле, ал: Ооба, – деди. Умар: Аллаху акбар, бул адамдын (айды) көрүшү (бардык) мусулмандарга жетиштүү болот, – деди. Дарукутний да ушул хадисти ушуга жакын мааниде риваят кылган. Демек, мына ушул Умар ибн Хаттаб р.а ушул хадистен ибн Аббас р.а.дан накл кылынган нерсенин тескерисин түшүнгөн. Акыйкатта болсо, бул ушундай бир түшүнүү болуп, биз Аллага ошону менен ишенебиз жана андан башкасын ойлобойбуз. Далилдерибиз болсо, аяттар менен сахих жана ачык-айкын болуп келген сахих хадистер.

Жыйынтыктап айтканда, ай тууралуу ачык далилдер турганына карабай ихтилаф кылуучулар мусулмандар өлкөлөрү бөлүп ташталуусунун дагы да бекемделүүсүнө салым кошуп жатышат. Алар мындай фатваларын шаръий өкүмгө ээрчигени үчүн эмес, тескерисинче, Сайкс Пико келишимине моюн сунганы үчүн ишке ашырышууда. Аллахым бизге нусратын жакын кылсын жана бир Үммөт катары орозону бир учурда баштап, айт майрамын бир күндө белгилешибизди насип кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here