Быйылкы Айт күнүн белгилөө
Быйыл 30-апрель Рамазан айынын 29уна дал келүүдө. Демек, ушул күнү кечинде Шавваль айынын хилалы күзөтүлөт. Эгер жаңырган айдын шаръий көрүлгөнү өз тастыгын тапса, анда 1-май Айт күнү болуп калат. Ал эми, эгер жаңырган ай көрүнбөсө же айдын шаръий көрүлгөнү өз тастыгын таппаса, мунун эртеси т.а. 2-май Айт күнү болот.
Белгилүү болгондой, ай санак боюнча, айрым айлар 29унан жаңырса, айрымдары 30унан жаңырат. Ошондуктан, ушул аяктап бараткан Рамазан айы да 29унан же 30унан жаңырып калышы мүмкүн.
Эгер биздин өлкөдө айды көрө албасак, дүйнөнүн калган бурчтарынан ай көрүлгөндүгү тууралуу кабарларды күтөбүз. Эгер кайсы бир өлкөдөн, адилеттүү бир мусулмандын ай көргөндүгү шаръий тастыкталса, анда биз үчүн да орозо башталат. Ал эми эгер, андай кабар келбесе, анда Рамазан айын отуз күнгө толуктайбыз.
Мындай ай күзөтүүдө “астрономиялык эсептөөлөр боюнча алганда”, “жерибиздин географиялык жайгашуу абалына ылайык” деген, же болбосо, “Саудия андай белгилептир”, “Түркия тигиндей белгилептир” деген, же “Муфтият мындай фатва чыгарыптыр” деген шылтоолор үзүргө өтпөйт. Мында бир гана чыныгы шаръий күзөтүү менен ай көрүлгөндүгү өз тастыгын табышы шарт кылынат.
Бардык мусулмандар ушул шаръий өкүмдү бекем кармансак, анда бул бүткүл дүйнө мусулмандары биримдигинин бир көрүнүшү болуп калат. Муну билген куфр башчылары – биримдигибизди бузуу үчүн – Айттын ар башка күнгө белгиленишине да зор маани беришет. Мындай карамүртөздүккө жол бербөөнүн бир гана жолу бар, ал ушул маселедеги шаръий өкүмдү бекем кармануу.
Аллахым сиздерди орозонун бардык жакшылыктарына жетиштирсин
Туркистон