Жолго акы алынат
Маалымат каражаттарында өлкөнүн белгилүү бир жолдоруна акы алына турганы айтылууда. Транспорт жана коммуникация министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайынбаев Чүй облусунун айланма жолу, Өзгөн шаарынын айланма жолу, түндүк-түштүк жолунун туннели жана эстакадалык көпүрөсү үчүн акы алынат деп билдирүү берди. Нурланбек Кайынбаевдин сөзүнө ылайык, чогулган каражаттар жолдорду оңдоого жумшалат. Негизи, бул демилге 2021-жылы көтөрүлүп, күйүүчү майга салыкты алты жыл катары менен эки сомдон кымбаттатуу, унаалардан жол акы алуу, кымбат унааларга ашкере байлык салыгын киргизүү сунушталган.
Бүгүнкү күндө капиталисттик системада бюджет элден чогулган салыктар аркылуу толукталат. Ал сыңары капитализмди колдонуп жаткан Кыргыз бийлиги да бюджетти толуктоо үчүн улам-улам салыктардын жаңы түрлөрүн ойлоп табышууда. Реалдуулуктан да, шарий жактан алганда да бул салыктар элге зулум болуп эсептелет. Транспорт жана коммуникация министрлиги чогулган каражаттар ошол жолдорду оңдоого, жакшы абалда кармап турууга жумшалат деп жүйөлөп жатат. Бирок, бул акчалар сол чөнтөккө эмес, белгиленген жайына сарпталашы күмөн жаратат. Ансыз да учурда транспортко тиешелүү салыктардан: унаа салыгын, күйүүчү май акциздерин, бажы төлөмдөрүн, транспорт каражаттарын каттоо, лицензия жана туннелден өтүү үчүн төлөмдөрдү төлөп келебиз. Бирок өлкөбүздөгү жолдор дагы эле оңдоону талап кылат.
Андан тышкары, мамлекет чет элден тынымсыз кредиттерди алат. Ал кредиттердин да чоң бөлүгү ушул жолдорду оңдоого сарпталууда деп отчёт берет бийлик. Финансы министрлиги билдиргендей, 2020-жылдын октябрь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин бийлик чет элден 466,8 млн доллар кредит алган. Мына ушинтип жол үчүн кредиттер алынып, салыктар киргизилип жатат, бирок элибиз жакшы жолго жарыбады. Акыбетте, бул кредиттер бузулган жолдордо унаасын айдоого мажбур элибиздин мойнуна түшүүдө. Негизи, жол кимдин мүлкү? Ар бир километрине акча төлөгүдөй жеке менчик жолдордон пайдаланып жатабызбы? Исламда жол элдик мүлк болуп эсептелет. Мамлекет же башка бир тарап жолдорго салык салганга акысы жок.
Харун Абдулхак