Аманат жана ыйман

204
0

(Өзгөртүү – “Исламий мамлекет” үчүн мукаррар китебинен)

Аманат жана ыйман

Аманатты жеткирүү эч качан токтобойт:

Коомдор жана адамдардын табияты ушундай дейсиң, алар пайгамбарлары өлгөндөн кийин шайтандын жолдоруна кирип кетишет. Диндерин бузушат, пайгамбарлары алып келген рисолатты адашууга алмаштырышат, аманатты сая кетиришет. Ошондон кийин залалатты көздөй жүздөнүп, Аллахтан башкага ибадат кыла башташат.  Натыйжада, алар хидаятка жана нажатка ээрчиши үчүн о.э. аманатты жеткириши үчүн Аллах Таала тарабынан жөнөтүлө турган жаңы рисолат, жаңы пайгамбардан башка эч кандай жол калбайт. Ушундай болгон соң, эгер аманатты сая кетиришкен болсо о.э. өздөрүнөн мурункулардын залалат жана адашууларына ээрчип алышкан болсо, Мухаммад с.а.в.дын үммөтү өз жолун кайдан табат?! Анткени анык билгенибиздей, Пайгамбарыбыз с.а.в.дын рисолатынын кийин эч кандай рисолат болбойт, Пайгамбарыбыз с.а.в.дан кийин эч кандай пайгамбар да келбейт.

Ушул үммөт жана анын рисолаты сакталып калышында о.э. анын рисолатты жеткиришинде эч качан кыйроого жүздөнбөй турган, жоголуп кетпей турган коргон – бул Аллахтын колдоосу жана Анын кепилдиги. Ошондуктан, ушул рисолат эч качан жоголуп кетпейт. Мусулмандар бул рисолаттан алыстап кетишсе да, жүз үйрүүчүлөр андан жүз үйрүшсө да, өзгөртүүчүлөр аны өзгөртүшсө да бул рисолат эч качан жоголбойт. Аллах Таала айтат:

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

“Албетте, бул эскертмени (Куръанды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана шек-күмөнсүз, Өзүбүз аны сактоочубуз”. [15:9]

Ошондуктан, бул рисолат түбөлүктүү. Ыйман жана хидаят жолу эч качан жоголбойт. Ушул рисолат бардык зулматтарды жарыктандыра турган жана тээ кыяматка чейин жолдорду жарык кыла турган нур болуп кала берет.

Бул рисолат түбөлүктүү болгон соң жана ал тээ кыяматка чейин сакталган соң, эгер адамдар андан жүз үйрүп, аны четке кагышса бул рисолатты ким жеткирет?! Буга чейин өткөн үммөттөрдүн абалына назар салсак, бирер үммөт адашып, жолдон тайып кетсе, Аллах Таала аларга жаңы рисолат жана жаңы элчи жөнөткөнүнө күбө болобуз. Эми адамдар залалат жолуна кирип кетишсе, аларга Ислам рисолатын ким жеткирет? Эми пайгамбар келбейт го?!

Бул суроонун жообу төмөнкүдөй: Аллах Таала ушул рисолатты жоголуп кетүүдөн жана өзгөтүп жиберүүдөн сактоону кепилдигине алганы сыяктуу эле – Өз рахматы менен – ушул үммөттүн залалатка кетпешин о.э. баары бирдей рисолатты жеткирүүдөн баш тартып отуруп калбашын да Өз кепилдигине алды.  Адашкандар, өзгөртүүчү жана четке кагуучулар канчалык көп болбосун, үммөттүн баары залалатка кетпейт. Рисолат бүтүн бойдон сакталып кала бергени сыяктуу эле, албетте үммөттүн арасында аны бүтүн бойдон жеткире турган кишилер да ар дайым табылат. Расулуллах с.а.в. айтат:

لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي قَائِمَةً بِأَمْرِ اللَّهِ لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ أَوْ خَالَفَهُمْ حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللَّهِ وَهُمْ ظَاهِرُونَ عَلَى النَّاسِ

“Үммөтүмдүн бир тайпасы Аллахтын амрин тикелөөдө туруктуу болот. Аларды жардамсыз таштап койгондор же аларга каршы чыккандар аларга эч качан зыян жеткире алышпайт. Ал тургай, Аллахтын амри келгенде алар инсандар үстүнөн үстөм болушат ”. Муттафакун алайх, лафз Муслимдики.

О.э. үммөт Исламдан канчалык алыстап кетпесин, канчалык адашып, шайтандын жолдоруна ээрчип кетпесин, үммөт канчалык ириңдеп кетпесин жана жолдон канчалык катуу тайылып кетпесин, албетте үммөт арасында Куръан жана Сүннөттү бекем кармаган тайпа болот. Ал тайпа Куръан жана Сүннөт менен нурланып турат, пайгамбарлардын хидаятын ээрчийт о.э. бул тайпа Аллах аларды халифа-орунбасар кылган иштерди аткарышат, пайгамбарлардын мурасын жеткиришет. Натыйжада бул тайпа тээ Аллахтын амри келгенге чейин Аллах Таала Өзүнүн لاالاه الاالله   деген аманатын сактоодо жана аны жеткирүүдө Өзү халифа кылган тайпа болот. Аллах Таала айтат:

كَتَبَ اللَّهُ لَأَغْلِبَنَّ أَنَا وَرُسُلِي

Алла (Лавхул-Махфузга) «Шек-күмөнсүз Мен Өз пайгамбарларым менен бирге жеңүүчү боломун», деп жазып койгон”. [58:21]

إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ

Албетте, Биз пайгамбарларыбызга жана ыйман келтирген заттарга дүйнө тирүүлүгүндө, да, күбөлөр тура турган Күндө (Кыяматта) да жардам беребиз. [40:51]

Мына ошону менен Ислам үммөтү – мусулмандар үммөтү канчалык аасий жана адашкан болушпасын, канчалык зулум кылышпасын, арасында пайгамбарлардын ишин кыла турган бир тайпа бар болгону себептүү, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт бойдон кала берет. Себеби, бул үммөт амру-маъруф жана нахий-мункар үммөтү болуп эсептелет. Бул үммөт Аллахка ыйман келтире турган үммөт. Бул үммөт Аллах Таала халифа кылган ишти аткара турган, бүтүндөй адамзат үстүндөгү өз жоопкерчилигин өтөй турган Халифа үммөт бойдон калат. Аллах Таала айтат:

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

(Эй Мухаммаддын үммөтү), силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар. Анткени силер жакшы иштерге буюрасыңар, жаман иштерден кайтарасыңар жана Аллага ыйман келтиресиңер”. [3:110]

وَكَذَٰلِكَ جَعَلْنَاكُمْ أُمَّةً وَسَطًا لِّتَكُونُوا شُهَدَاءَ عَلَى النَّاسِ وَيَكُونَ الرَّسُولُ عَلَيْكُمْ شَهِيدًا

Биз о.э силерди башка адамдардын үстүнөн күбө болууңар үчүн жана пайгамбар силердин үстүңөрдөн күбө болуусу үчүн Биз силерди орточо (адилеттүү) бир үммөт кылдык. [2:143]

Ар бир мукаллаф ушул аманатты түшүнүп жетүүгө о.э. жеткирүүгө жана анын туура жолунда жүрүүгө аракет кылышы керек. Ошондо ал өзүнүн ыйманы, амалы менен мына ушул тайпадан болууга аракет кылат. Жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн тикелөө үчүн мына ушул тайпа менен биргеликте аракет кылууга умтулат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here