Садыр Жапаров расмий сапар менен Азербайжанга барды
Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 19-апрель күнү расмий сапар менен Азербайжандын борбору Баку шаарына барды.
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Ошондой эле Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен эки тараптуу жолугушуу да пландалган.
Мындан тышкары азербайжандык ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан жана соода-инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыктын келечеги тууралуу маалымат берилет.
Сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын, ошондой эле мамлекеттер ортосундагы достук жана кызматташтык Келишимине кол коюлгандыгынын 25 жылдыгынын алдында өтөт.
Бир катар документтерге, стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү боюнча меморандумга, мамлекеттердин кызыкчылыктарына жооп берген өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларга кол коюу пландаштырылган.
Комментарий: 2012-жылы Кыргызстан нефть жана газга бай болгон Азербайжан менен биргеликте жылына 2 миллион тонна нефтини кайра иштетүүчү заводду куруу боюнча келишим түзгөн эле. Ал долбоорду толук каржылоону Азербайжан мамлекеттик нефть компаниясы моюнга алган. Расмий маалыматтарга ылайык, азыр Кыргызстан бир жылда 1 миллион тонна нефть жана нефть продукцияларын керектейт. Эгер ал долбоор ишке ашканда Кыргызстан өзүн нефть менен камсыздагандан тышкары кошуна республикаларга да бензин импорт кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Бирок, аталган долбоор ишке ашпай калды.
Мунун негизги себеби, бүгүнкү күндө Кыргызстан нефть жана газ жаатында толук бойдон Россияга көз каранды экендигинде. Өз кезегинде Россия жогорудагы долбоор ишке ашуусуна тоскоолдук кылган. Бүгүнкү күндө Кыргызстан региондогу газ жана бензин кымбат болгон мамлекеттердин катарында турат о.э. бул жаатта Россиянын кабак-кашына карап турууга мажбур. “Кыргызгаз” Россияга 1 долларга сатлып жаткан кезде расмийлер Кыргызстан арзан газ менен үзгүлтүксүз камсыздалышын убада кылышкан болчу. Бүгүн Кыргызстан калкы газдын миң кубометри үчүн 220 доллардан төлөөгө мажбур болууда. Кошуна Казакстанда калк үчүн газдын баасы миң кубометри 74 долларга, Кыргызстанда бензин 69-70 сом болсо, Казакстанда 39-40 сомго барабар. Россия Кыргызстанды кымбат баада газ жана бензин сатып алууга мажбур кылгандан тышкары, нефтини басым өткөрүү рычагдарынын бири кылып алган. Эгер кыргыз бийлиги Россиянын кызыкчылыктарына туура келбей турган аракеттерди кыла турган болсо, дароо нефть продукциялары үчүн бажы алымдарын көтөрүү менен коркутат.
Жапаровдун бул сапарында ишке ашпай калган жогорудагы долбоорду жандандыруу маселеси да талкууланышы мүмкүн. Азербайжан постсоветтик республикалар ичинде Россия жетегиндеги уюмдарга мүчө болбогон бир нече республиканын бири болуп эсептелет. Кыргызстандын Азербайжан менен мамилелерди жандандыруу жолундагы бул аракетин Россиянын таасиринен чыгуу үчүн ташталган бир кадам катары бааласак болот.
Абдурахман Адилов