Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

172
0

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы финансылык келишимге кол коюлду. 50 миллион доллар Баткен облусун өнүктүрүү боюнча долбоорго бөлүнгөнү жатат. Буга чейин каражаттын жарымы грант түрүндө, калганы жылдык үстөгү 0,75 пайыз менен 38 жылга берилери айтылган.

Суу чарба кызматтары менен климаттын өзгөрүшү үчүн бөлүнө турган 100 миллион доллар кандай шарт менен берилип жатканы азырынча белгисиз. Сумманын 50 миллиону грант экени гана маалым.

Белгилүү болгондой, эл аралык каржы уюмдары дүйнөлүк колонизаторлук системанын негизги куралына айланып калган. Башкача айтканда, бул уюмдар карыздарды жана кредиттерди белгилүү шарттар менен берүү аркылуу жакыр өлкөлөрдүн өнүгүп кетүүсүнүн алдын алат.

Буга чейин Дүйнөлүк банк Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алган. Уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерденин айтымында,  тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат. «Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз», — деп билдирген Бьерде.

Мындан көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк Банк мындай карыздарды берүү менен Кыргызстандын экспортко ылайыктуу, импортко атаандаш товар өндүрүшүнүн алдын алууда. Анткени, өлкөдө светтин кымбатташы товардын өздүк наркынын кымбатташын шарттайт. Натыйжада чет элдик арзан товарларга атаандаша албаган жергиликтүү компаниялар банкротко учурайт. Дүйнөлүк банк ушул максатта 1997-жылдан бери энергетика тармагын реформалоого каражат бөлүп келген. Мунун арты менен энергетика тармагында жеке компаниялар аралашып, тарифтер кымбаттай баштаган. Ал эми, 1992-жылдан ушул кезге чейин энерго-тармакка чет элдик кредиттер, ссудалар, гранттар жана жергиликтүү бюджеттен 2 млрд долларга жакын каражат жумшалган. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тармак электр энергия дефицитинен чыга элек.

Демек, эл аралык уюмдардан алынган каражаттар өлкөнү өнүктүрүү үчүн эмес, тескерисинче, мамлекеттин колу-бутун тушап, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында гана берилет. Ал эми, айрым гранттар, жеңилдик катары көрсөтүлгөн келишимдер көз боемочулук болуп, анын артында сырдуу талаптар коюлган.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here