Акыйда, акыйдадан келип чыгуучу өкүмдөр о.э. акыйда үстүнө курулуучу пикирлер – өзгөртүүнүн негизи

270
0

(Өзгөртүү  “Исламий мамлекет” үчүн мукаррар китебинен)

Акыйда, акыйдадан келип чыгуучу өкүмдөр о.э. акыйда үстүнө курулуучу пикирлер – өзгөртүүнүн негизи

Инсандык сулуку –  гарыйза жана узвий муктаждыктарын кандай көрүнүштө кандырышы – анын көтөрүп жүргөн түшүнүктөрүнө байланыштуу. Түшүнүктөр болсо, нерселерди жана алардын хусусияттарын идирек кылуудан о.э. ушул идирек үстүнө курула турган же ушул идиректин натыйжасы болгон башка канааттануулардан келип чыгуучу канааттануулар.

Түшүнүктөр эки түрдүү болот: Биринчиси; нерселер жөнүндөгү түшүнүктөр. Бул түшүнүктөр масдары-булагы дал ушул нерселер болгон канааттануулар  же өкүмдөр болуп эсептелет. Мисал келтирсек, от күйгүзөт, уу өлтүрөт, арак мас кылат, эт желет, топурак болсо желбейт, басымдын күчтүүлүгү жарылууну келтирип чыгарат, коом бири-бирин туруктуу мамилелер байлап туруучу фарддардан түзүлөт, ойгонуу жаркын пикир аркылуу гана жүзөгө чыгат. Демек, мына ушул пикирлер масдары – келип чыгышы дал ушул темалардын өздөрү болгон алардагы сыпат жана аларга болгон өкүмдөр болуп эсептелет. Ушул пикирлер туура болушу да, ката болушу да мүмкүн. Бул алардын вакиъге ылайык же тескери келишине байланыштуу. Кандай болгон күндө да, ушул пикирлерди тастыктаган кишинин алдында бул пикирлер түшүнүктөргө айланган болот. Инсандын жашоо таризи анын нерселер жөнүндөгү мына ушул түшүнүктөрүнө байланыштуу. Ошондуктан, тамак ууланганына канааттануу пайда кылган адам – эгер ал ачкалыктан өлгөнү жатса да – бул тамакка эч качан жакындабайт. Чаңкаган адам башка нерсеге эмес, сууга умтулат. Мас болууну каалаган адам болсо, сууга эмес, аракка умтулат.

Экинчиси: Жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр. Булар масдары-булагы дал ошол нерсенин вакиъсинен эмес, тышкарыдан болгон канааттануу же өкүмдөр. Мисалы, намаз фарз, алдамчылык арам, арак арам, адам өлтүрүү арам ж.б.у.с… Ушул нерсенин же иштин өзү өкүмдөрүнүн масдары эмес, балким булар өкүм чыгарылып жаткан темалары о.э. вакиъликтери болуп, өкүмдүн булагы бүтүндөй башка нерсе.

Мисалы, арак мас кылат, деген сөз арактын заттык хусусияты жана анын сыпаты болуп, бул болсо, нерсеге өзүндө болгон же анын курамында болгон нерсе менен өкүм чыгаруу болуп эсептелет.  Арак арам, деген сөз болсо, нерсеге өзүндө бар болгон нерсе менен өкүм чыгаруу эмес, балким бул “арам кылуу да, мубах кылуу да” анын акысы болгон Аллах Таала тарабынан берилген өкүм болуп эсептелет.

Инсандын сулуку анын жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрүнө да байланыштуу болот. Эгер инсан доңуз эти жөнүндө “ал жей турган нерсе т.а. аны жесе болот, ал ач калган адамды тойгузат” деп түшүнгөн болсо, анын бул түшүнүгү ошол нерсе жөнүндөгү түшүнүк болуп эсептелет. Анын жашоо жөнүндөгү түшүнүгү боюнча болсо, доңуз арам т.а. андан алыстоо важиб. Ким бул өкүмдү идирек кылса жана тастыктаса, бул идирек анын түшүнүгүнө айланат, бул түшүнүк болсо, өз кезегинде жашоо таризине таасирин тийгизет жана доңуздун эти менен курсагын тойгузуудан кайтарат.

Кимде өзүнүн коопсуздугуна, ырыскысына жана арзуу-үмүттөрүнө жетишине буттардын же өлгөн кишилердин таасири бар, деген түшүнүктөр болсо, албетте мындай кишини буттардан коркуу жана аларга моюн сунуу хистери (сезимдери) чулгап алат да, ал өлүктөрдөн жардам сурайт. Тескерисинче, ким мындай иштерди тастыктабаса, ал буттардын аккааратталышына таптакыр көңүл бурбайт, өлүктөрдөн жардам суроочуларды катага чыгаруудан тыйылбайт.

О.э. инсаний сулук – нерселер жөнүндөгү түшүнүктөргө жана жашоо жөнүндөгү түшүнүктөргө байланыштуу. Кээде, айрым инсандарда көрүнүүчү ушул байланыштуулуктун алсыздыгы (т.а. нерселер жөнүндөгү түшүнүктөр менен жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрдү бири-бирине байланыштыра албастык) мына ушул түшүнүктөрдөн кабарсыз же андан алысташтырылганынан о.э. нафска учурай турган бир нече себептерге ылайык, кудум булар анын түшүнүктөрү эместей болуп калганынан келип чыгат. Расулуллах с.а.в. айтат:

لا يَزْنِي الزَّانِي حِينَ يَزْنِي وهو مُؤْمِنٌ، ولا يَشْرَبُ الخَمْرَ حِينَ يَشْرَبُ وهو مُؤْمِنٌ، ولا يَسْرِقُ حِينَ يَسْرِقُ وهو مُؤْمِنٌ، ولا يَنْتَهِبُ نُهْبَةً، يَرْفَعُ النَّاسُ إلَيْهِ فيها أبْصارَهُمْ حِينَ يَنْتَهِبُها وهو مُؤْمِنٌ.

“Зынакор зына кылып жаткан маалда момун абалында зына кылбайт, аракеч арак ичип жаткан маалында момун абалында арак ичпейт, ууру уурулук кылып жаткан маалында момун абалында уурулук кылбайт, талоончу адамдардын көз алдында талап-тоноп жаткан маалда момун абалында талоончулук кылбайт”. Бухарий риваяты.

Ошол себептен, сулукту жакшыртуу, аны оңдоо үчүн акыйкаттарды – нерселердин акыйкаттарын жана эътикад жана өкүмдөрдөн турган шаръий акыйкаттарды – инсандардын зээндерине кайталап туруу зарыл. Шаръий акыйкаттарды инсандарга эскертип туруу керек. Ошондо алар бул эскермелерди кабыл алып, сулуктарын оңдоп алышат. Аллах Таала айтат:

وَذَكِّرْ فَإِنَّ الذِّكْرَىٰ تَنفَعُ الْمُؤْمِنِينَ

Кеңеш-насаат кылгыла, анткени, ал кеңеш момундарга пайда жетирет”.[51:55].

Кафирлер болсо, мунун тескериси. Себеби, акыйкаттарды жана шаръий түшүнүктөрдү эскертүү аларга пайда бербейт. Себеби, алар бул акыйкаттарды жана шаръий түшүнүктөрдү, өз назарында, акыйкат болбогон пикирлер катары угушат. Бул акыйкаттар аларда түшүнүккө айланбаган. Бул  акыйкаттар жана шаръий түшүнүктөр  алардын сулукуна таптакыр таасир өткөрбөшү табигый.

Демек, жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр инсанга кандай жашашты белгилеп берет. Ошондуктан, инсандын максаты  жалаң жашоо, өмүр өткөрүү эмес, балким кантип, кандай көрүнүштө жашоодон турат. Анын камы муктаждыктарын кандыруу эле эмес, аларды кайсы жол менен кандыруу болот. Ошондуктан, инсандын жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрү ал үчүн белгилүү бир жашоо таризин белгилеп берет.

Жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрдүн масдары дал ушул нерселер жана феълдерден тышкарыда болгону себептүү, бул түшүнүктөрдү алуу үчүн албетте, ошол масдарды аныктап, анын өкүм чыгарууга акысы, ыйгарым-укугу же салтанаты бар экендигине о.э. анын чыгарган өкүмдөрү сахих экендигине канааттануу пайда кылышы керек болот.

Ислам албетте өкүм чыгаруучу Аллах субханаху экендигин о.э. өкүмдөрдүн масдары саййидибиз Мухаммад с.а.в.га түшүрүлгөн вахий экендигин белгилеп койду. Аллах Таала айтат:

إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِۚ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ

Өкүм-өкүмдарлык Аллахка гана таандык. Ал Зат силерди Өзүнө гана сыйынууга буюрган”. [12:40]

وَمَن لَّمْ يَحْكُم بِمَا أَنزَلَ اللَّهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْكَافِرُونَ

Кимде-ким Аллах түшүргөн дин менен өкүм кылбаса, анда алар кафирлер”. [5:44]

Аллахтын өкүмүнөн башка ар кандай өкүм тогут-шайтан. Аллах айтат:

أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ يَزْعُمُونَ أَنَّهُمْ آمَنُوا بِمَا أُنزِلَ إِلَيْكَ وَمَا أُنزِلَ مِن قَبْلِكَ يُرِيدُونَ أَن يَتَحَاكَمُوا إِلَى الطَّاغُوتِ وَقَدْ أُمِرُوا أَن يَكْفُرُوا بِهِ وَيُرِيدُ الشَّيْطَانُ أَن يُضِلَّهُمْ ضَلَالًا بَعِيدًا

(Эй Мухаммад), өздөрүн сага түшүрүлгөн нерсеге жана сенден мурда түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтирген деп эсептеген кимселер шайтанга өкүм сурап барууну каалап жатышканын көрбөдүңбү, акыйкатта болсо аларга ага ишенбөө буйрулган эле. (Себеби) шайтан аларды бүтүндөй жолдон азгырууну каалайт”. [4:60]

Демек, акылдын же инсандын өкүм чыгарууга акысы жок. Бул акылдын ролун тартып алуу же анын кудуретин чектөө эмес. Мунун себеби, акылдын өкүм чыгаруу үчүн зарыл болгон куралдарга ээ эместигинде. Себеби, бул өкүмдүн масдары нерсе же ошол теманын өзү эмес да. Мисалы, өкүм чыгарууну элдин колуна берүүчү кишилер эч кандай далилге таянышпады. Балким, алар тентиреп, жолдон адашып кетишти. Натыйжада, ката жана вакиъси жок түшүнүктү көтөрүп алып, акыйкатты четке кагышты. Ошондуктан, динди турмуштан ажыратууну көтөрүп чыгышкан. Бул дегени өкүм Аллахтыкы эместигин түшүндүрөт.

Эгер өкүмдөрдү чыгаруу салахияты инсанга берилсе – негизи инсанда өкүм чыгаруу куралы, жөндөмү жок – албетте ал өзүнүн напис-каалоосун о.э. көзү көрүп турган кызыкчылыктарын өкүмдар кылат. Анын көрүп турган кызыкчылыктары болсо, өзгөрүүчү жана туруксуз. Кээде ал зыянды пайда деп көрөт, оорунун булагын болсо шыпаа деп ойлойт.

Мына ушундан Аллахка, нубувватка жана Куръанга болгон ыйман канчалык маанилүү экендиги келип чыгат. Анткени, ушул ыйман инсандын сулукуна таасир өткөрө турган акыйда болуп эсептелет. Акыйда адамдын аң-сезиминде жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрдү пайда кылат. Бул түшүнүктөр инсандын кандай жашашын, анын жашоодогу гоясын белгилеп берет, инсандын сулукунан болгон гояны т.а. гарыйза жана узвий муктаждыктарын Аллах Таала айткандай кандыруу менен Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгына жетишүүдөн турган гоясын белгилеп берет.

Мына ушундан,  нерселер жана жашоо жөнүндөгү түшүнүктөр сахих жана садик болушу т.а. алардын акыйкат болушу канчалык маанилүү экендиги белгилүү болот. О.э. адамдардын аң-сезиминде ката түшүнүктөрдү пайда кылуу максатында чалгытуучу пикирлерди таратуу, сабатсыз кылуу жана адаштыруу иштери канчалык кооптуу экендиги да белгилүү болот. Мына ушундай кылмыштар натыйжасында адамдар жахалат жана залалат курмандыгына айланышат.

قُلْ هَلْ نُنَبِّئُكُم بِالْأَخْسَرِينَ أَعْمَالًا (103) الَّذِينَ ضَلَّ سَعْيُهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَهُمْ يَحْسَبُونَ أَنَّهُمْ يُحْسِنُونَ صُنْعًا

(Эй Мухаммад) айткын: “Силерге кылган иштеринин айынан көп зыян көрүүчү адамдардын кабарын берелиби?! Алар (кафир болгондуктары себептүү) кылган аракет-эмгектери ушул дүйнөдө эле жок болуп (текке) кеткен, а бирок (наадандыктары себептүү) өздөрүн көркөм-жакшы иштер кылып жаткан адамдар, деп эсептей турган кишилер!” [18:103-104]

Ооба, кайырмакка илинип коюлган жемди жутуп алган кезде балык адашкандай же капканга коюлган жемге шашылган чычкан адашкандай эле, адамдар да, элдер да адашат.

Инсан бир жолдо жүрүп, ушул жол аны өз гоясына алып барышына канааттанса да, бирок ага карама-каршы жолдо жүргөн болсо, бул инсан албетте адашат жана гоясына жете албайт.

О.э. инсан жахалат же ката үгүттөө натыйжасында жашоо жөнүндө ката түшүнүктөрдү көтөрүп жүргөн кезде да адашат. Мисалы, кээ бир инсандар рибаны адал жана демократияны Исламдан деп ойлошот же алар ушуга үгүттөлөт. Шарият да башка кесип, өнөр жана адистиктер сыяктуу эле акча табуу үчүн үйрөнүлөт деп ойлошот. Мына ушул инсандар анык адашат. Ислам акыйкаттары жоголуп, зээндерди ката пикирлер чулгап алган кезде инсан адашат. Мисалы, “жалпы эркиндиктер” пикирлери, “бузук вакиъни өзгөртүү биздин заманыбызда мүмкүн эмес жана жакынкы жүздөгөн жылдар ичинде да мүмкүн болбосо керек”, “вакиъни өзгөртүү Аллахтын сахаваты, биз аны тынч отуруп гана күтүшүбүз керек” же “Махдийдин келишин күтүшүбүз керек” деген сыяктуу пикирлер себептүү акыйкаттар унутулганда инсандар адашат. Мына ушундай ката пикирлер менен жеке адамдар да, элдер жана үммөттөр да кайдыгерлер, жалкоолор тобуна айланып калышат. Бул түшүнүктөрдү аларга ким сиңирип жаткан болсо, алар ушул кишилердин жетегиндеги малга айланышат. “Аларга каршы күрөшүп жатабыз”, деп ойлогон абалда душмандарынын колундагы куралга айланышат.

كَبَاسِطِ كَفَّيْهِ إِلَى الْمَاءِ لِيَبْلُغَ فَاهُ وَمَا هُوَ بِبَالِغِهِ

Алар алакандарын сууга жайып, ал суу оозуна жетишин күтүп турган бир кишиге окшошот. Акыйкатта болсо, ал (суу) анын оозуна жетүүчү эмес”. [13:14]

مَثَلُهُمْ كَمَثَلِ الَّذِي اسْتَوْقَدَ نَارًا فَلَمَّا أَضَاءَتْ مَا حَوْلَهُ ذَهَبَ اللَّهُ بِنُورِهِمْ وَتَرَكَهُمْ فِي ظُلُمَاتٍ لَّا يُبْصِرُونَ

Алар кудум от жагуучуга окшошот. Эми гана жалын айлананы жарык кылганда, Аллах жарыктыкты өчүрүп, аларды эч нерсе көрө албай турган абалда караңгыда калтырат”. [2:17]

Ошондуктан дагы кайталап айтабыз, сулукту өзгөртүү үчүн, аны оңдоо жана гояга жеткирүүчү сахих жана бийик кылуу үчүн – нерселер жана жашоо жөнүндө туура түшүнүктөрдү пайда кылуу керек. Мына ошондо гана инсан нерселердин жана алардын хусусияттарын ийгиликтүү моюн сундура алат. Өзүнүн гоясына, гоялардын гоясы болгон Аллах Азза ва Жалланын ыраазылыгына жеткирүүчү сулуку жакшырат.

وَابْتَغِ فِيمَا آتَاكَ اللَّهُ الدَّارَ الْآخِرَةَ ۖ وَلَا تَنسَ نَصِيبَكَ مِنَ الدُّنْيَا ۖ وَأَحْسِن كَمَا أَحْسَنَ اللَّهُ إِلَيْكَ

Аллах сага берген байлык-дөөлөт менен (оболу) акырет (жыргалчылыгын) издегин, дүйнөдөн болгон насибеңди да унутпагын. Аллах сага кайрымдуулук кылган сыяктуу, сен да (Алланын пенделерине) кайрымдуулук кыл”. [28:77]

Акыйкаттардын эң абзели жана эң маанилүүсү – инсан үчүн жашоо жөнүндөгү түшүнүктөрүн дайындап берүүчү акыйда. Акыйданын мааниси төмөнкүдөй; Нерселердин баары Холик болгон Аллах Тааланын махлуку, Аллах Таала расулу Мухаммад с.а.в.ды Ислам рисолаты менен жөнөттү, бул рисолат инсанга зарыл болгон нерселердин бардыгын баяндап берет, Аллах Таала инсанды ыйман же куфр үстүндө, Набий с.а.в. алып келген нерсеге моюн сунушу же моюн сунбашы үстүндө эсеп-китеп кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here