Колонизаторлордун таасирин бекемдөө үчүн Тунис ички иштер министрлигин пайдалануу качан токтойт?!

346
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Колонизаторлордун таасирин бекемдөө үчүн Тунис ички иштер министрлигин пайдалануу качан токтойт?!

 Устаз Мамдух Буазиз

«Тунис ички иштер министри Тавфик Шарафиддин эки айдан аз убакытта эки ирет жогору кызматтагы коопсуздук жетекчилерин отставкага чыгарды жана мунун себеби жөнүндөгү суроолорду ачык калтырды… Ошол эле учурда, саясий лидерлер президенттин атаандаштарына каршы күрөштө «министрликтердин саясий аралашуусунан» эскертишти». (Ал-Жазира нет).

Айрымдар муну ички иштер министри Тавфик Шарафиддиндин жеңишке жетүү үчүн өч алуу кампаниясы деп эсептеп жатышат. Себеби, ал мурун Хишам Машиший өкмөтү убагында ички иштер кызматынан бошотулуп, басым жана акаараттоого учураган эле. Дагы кээ бирөөлөр муну Тавфик Шарафиддиндин аткаруучу органдын президенттин 25-июль иш-чаралары долбоорун аткаруу үчүн берилип моюн сунуу менен көрсөтүп жаткан кызматы деп айтууда. Дагы башкалардын оюнда, бул аракет негизинен Нахза кыймылына берилген жана анын мүчөсү катары таанымал акыркы он жыл ичинде жетекчилик кылышкан коопсуздук кызматынын кадрларына каршы жасалууда.

«Жеңишке жетүү үчүн өч алуу», «параллель коопсуздук» жана «президенттин буйруктарын аткаруу үчүн полицей мамлекетти кайрадан куруу» деген экинчи даражалуу жөнөкөй талдоолордун арасында анык акыйкат жана күчтүү далилдер жок болууда. Көпчүлүк саясий чөйрөлөр муну этибарсыз калтырышууда, бул жөнүндө сүйлөөдөн качышууда.

Бир аз артка кайтсак, мурунку премьер-министр Юсуф Шахид доорунда өкмөт тарабынан түзүлгөн келишимди эстейбиз. Ошол саткынчыл келишимдин талабы боюнча, Британиянын «Стратегиялык Х компаниясы» кеңсесине Тунис ички иштер министрлигинин коопсуздук доктринасы долбоорун кайра түзүү, мекемелерин кайра куруу о.э. стратегия жана максаттарын оңдоо милдети тапшырылган. Бул келишимдер логистикалык жана техникалык кызматташтык деп көрсөтүлгөн. Бирок, түпкүлүгүндө алардан максат – жогорку кызматтагы кадрларды колонизаторлордун кызыкчылыгына кызмат кылууга о.э. өкүмдар элитаны алардын өлкөдөгү таасирин коргоого тартуу.

Ушуга таянып, биз бүгүнкү күндө ички иштер министрлигинде көрүп жаткан бул күрөштөр, түпкүлүгүндө, эл аралык күрөштүн алкагына киргенин көрөбүз. Ушул көз караштан келип чыгып, «Демократиялык агым» партиясынын башкы катчысы Газий Шавашийдин «Шамс» радиосуна берген интервюсун эстейли. Шавашийдин айтымында, сот системасы алты же жети коопсуздук кызматкеринин үстүнөн тыңчылык кылган тармак боюнча тергөө ишин баштаган. Ал баса белгилешинче, бул тармак Тунистеги белгилүү адамдар, журналисттер, ишкерлер жана саясатчылардын үстүнөн тыңчылык кылуу менен алектенип, ички иштерде кызмат кылган. «Алгачкы текшерүүлөр бул тармак өлкөнүн ички жана сырткы күчтөрүнүн пайдасына кызмат кылганын көрсөттү», – деди ал.

Учурда, президент Саид, ички иштер министри Тавфик жана премьер-министр Будиндин бул кылмыштары, түпкүлүгүндө, Британиянын каалоосуна ылайык аракет кылган эски саясий чөйрөнү түп тамыры менен жок кылуу, колонизатор кресттүү Францияга моюн сунган жаңы саясий чөйрөнү түзүүгө багытталган. Ушул жактан алганда, отставкага чыгаруу аркылуу иштен бошотуудан тартып, а түгүл кызматынан бошотулгандан кийин ишин сотко өткөрүүгө чейин жеткен иштерге уруксат берилген жана соттун чыгарчу токтомдору да даяр, белгилеп коюлган. Түпкүлүгүндө, бул иш менен өлкөнүн жан тамыры болгон ички иштер алектенип жаткан болсо эмне дейсиз?! Ал мамлекеттин бардык тарабын көзөмөлдөп, өлкөгө кирип-чыгып жаткан ар бир адамдын үстүнөн тыңчылык кылып, саясий атаандаштар жөнүндө маалымат топтоп жатат… Муну билүү үчүн ашыкча аракет кылууга кажет жок. Президенттин билдирүүлөрүнө карасаң, алардын башкаруу философиясын түшүнүп аласың. Бул – маалыматты көзөмөлгө алуу, кооп туудуруу, коркутуу, бири-бирин айыптоо о.э. Нахза кыймылы кылгандай саясий, финансылык жана сот шантаждарын алып барууга негизделген философия.

Шек-күмөнсүз, коомдук пикирди чалгытып, ички иштер министри кээ бир коопсуздук кызматкерлерин мажбурий отставкага чыгаруу аркылуу иштен бошотуусу жаңы доор үчүн реалдуу өзгөрүүнүн башталышы деп көрсөтүлүүдө. Бул жаңы доор тарапкечтикти камтыбаган адилетке негизделген, министрликтер саясий тарапкечтиктен алыс болушат деген сөздөр айтылууда. Бул болсо, коомчулукту чалгытуудан жана түпкү акыйкаттан адаштыруудан башка нерсе эмес.

Эмне үчүн президент Кайс өзүнүн саясий атаандаштары жөнүндө «алар чет элдик күчтөргө жан тартышат, Батыш мамлекеттери менен байланышы бар» деп жатканын кайра-кайра угуп жатабыз? Ал тургай, ал анын өмүрүнө кол салуу үстүндө өлкөдө жана чет элде тил бириктирилип жатканын айтууга чейин барды. Бирок, чет мамлекеттердин элчилери Тунистин чар тарабында эч кандай чектөөсүз жана көзөмөлсүз жүрүшүнө чекит коюу жөнүндө президенттен эч бир нерсе укпай жатабыз. Тескерисинче, Франция президенти чакырганда ал өз резиденциясынын жанындагы Франциянын «уясына» түн жарымда да чуркап барып жатканын көрүп турабыз!

Ошондой болгон соң, Умматтын ар бир калыс перзенти ушуну түшүнүүсү керек – козголоң министрликтердеги бир же бир нече адамдарды өзгөртүү, же өкмөттү алмаштыруу, же болбосо коопсуздук кызматкерлерин мажбурий отставкага чыгаруу аркылуу иштен бошотуу менен ишке ашпайт. Жок. Адилеттик да орнотпогон, мазлумга ынсаптык да кылбаган жана жакырларга жардам да бербеген режимди ыплас мыйзамдары менен бирге түп тамырынан кулатуу зарыл.

Демек, козголоңдон кийин болгондой, адамдарды гана өзгөртүү жана Ибн Алини бийликтен түшүрүп, бирок, режимдин өзүн сактап калуу менен козголоң ишке ашпайт. Тескерисинче, өзгөрүү түп тамырынан кеңири көлөмдө ишке ашырылышы керек. Бул болсо, Ислам негизинде болот. Т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелеп, бүгүнкү бузгунчу конституциянын ордуна колдонулуучу исламий конституцияны иштеп чыгуу менен жүзөгө чыгат.

 

Роя гезити, №374, 2022-жыл, 19-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here