Кытай – Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды

183
0

Кытай – Кыргызстан кызматташтыгы талкууланды

Кытай Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина, коопсуздук тармагына 50 миллион юань (болжол менен 666,5 миллион сом) өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 6-февралдагы жолугушуусунда маалым болду.

Мамлекет башчылары жолугушууда саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, биргелешкен ири долбоорлорду каржылоону талкуулашты.

Си Цзинпин өз сөзүндө “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруунун жана үч өлкөнүн кызматташтыгын күчөтүү зарылдыгын айтып, бул жалпы Борбор Азия үчүн маанилүү экенин белгиледи. О.э. Кыргызстандан экологиялык таза азыктарды сатып алууга жана энергетика жаатында кызматташууга даярдыгын билдирди. Мындан тышкары, аба каттамдарын акырындап калыбына келтирүү жана жүк ташууну көбөйтүү зарылдыгын айтты.

Өз кезегинде Жапаров “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууга кыргыз тарап да кызыктар экенин билдирди. “Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери аркылуу жүк жана унаа өткөрүү маселесине токтолуп, кыргыз-кытай чек арасы аркылуу товарлардын импортун жана экспортун тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн “жашыл коридорлордун” натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Энергетика тармагында кызматташууну, экономиканы өнүктүрүү үчүн 1 млрд. долларлык капиталга ээ кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Аягында Садыр Жапаров Си Цзинпинди Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүүгө чакырды.

25-январда өткөн Кытай-Борбор Азия жетекчилеринин жыйынында Кытай лидери 2030-жылга карата Борбор Азия менен соода жүгүртүүнүн бир жылдык көлөмүн 70 миллиард долларга чыгаруу пландалып жатканын айткан. Учурда бул көрсөткүч пандемиядан улам 1,5 миллиард долларга түшүп кеткен.

Жогорудан маалым болгондой, Кыргызстан-Кытай ортосундагы ири долбоорлор тууралуу келишим түзүлбөсө да аны жандандырууга кадам ташталды. Ал эми келишимдер түзүлүүсү үчүн Кытай бийликтин күчтөнүүсүн жана кытайлык компаниялардын коопсуздугун камсыздоо кепилдигин ишке ашыруусун күтөт. Мына ушул иштердин көзү көрүнгөндөн кийин Кытай аймактагы ири долбоорлорду каржылоону башташы күтүлөт. Алардын бири жогоруда сөз болгон “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоору. Долбоордун алдын ала баасы 5 миллиард доллар деп бааланган. Бирок, буга чейинки бийликтер Орусия өкүмзордугунан чыга албагандыктан, бул долбоорду ишке ашырууга батына албай келишкен.

Мындан тышкары, энергетика жана тоо-кен тармагында да кыргыз бийлиги Кытай менен иштешүүгө кызыктар. Анткени, бул тармакты ишке салууга кыргыз бюджетинин чамасы чак келбейт. Буга чейин Жапаров Жетим-Тоодо темирдин беш миллиард тоннадан ашык запасы бар экенин айткан. Бул болжол менен 50 миллиард доллардык сырьё. Кыргызстанга окшогон алсыз өлкөлөр мындай ири кендерди чет элдик инвестор колу менен иштетүүсү талашсыз. О.э. «Камбар-Ата 1» ГЭСинин курулушун да бийлик өзү баштай турганын айтып келет. Бирок, аны да чет элдик инвесторлор менен шериктешип ишке ашыраары талашсыз. Демек, кытайдын компанияларын дал ушул тармактарга тартуу аракеттери көрүлөт. Эгерде алардын коопсуздугуна кепилдик берилбесе, кытай аскерлери аркылуу камсыздоого аракет кылат.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан бийлиги Орусиянын экономикалык чабал абалынан улам Кытай менен кызматташтыкты күчөтүп барууда. Муну Кытай да өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып, ири долбоорлорду ишке ашырууга белсенип турат. Түпкүлүгүндө, бул ири мамлекеттер өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларын ишке салышууда. Алар Азия жана Африкадагы 3-дүйнө өлкөлөрүнүн сырьёлорун ит бекер ташып кетүү, алардын арзан жумушчу күчүнөн пайдалануу жана бул аймактарды өз товарлары үчүн базарга айлантып алуунун натыйжасында өздөрүнүн экономикасын көтөрүүдө.

Ошондуктан, Кытайга биротоло кул болуп калбоо үчүн анын экономикалык, сакафий, аскерий баскынчылыгына каршы туруубуз керек, бийлик башында тургандарды элдин бул каалоосуна баш ийдирүү зарыл.

Демек, Борбор Азиядагы мусулмандар Кытайдын баскынчылыгынан, Орусиянын өкүмзордугунан чыгуу үчүн алгач биригүүлөрү зарыл. Бул биригүү улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу убактылуу төмөн пикирлердин негизинде эмес, бардык тармакта негиз боло турган Ислам акыйдасы негизиндеги биригүү болушу зарыл. Мына ушул Ислам негизиндеги башкаруу гана колонизаторлордун зулумдугунан коргоп, коомубузга бейпил жашоону кепилдеп берет. Үммөт кызыкчылыгындагы долбоорлорду чет элдиктердин колуна карматпастан, өзү ишке салып, калк кадыржамдыгы үчүн кызмат кылат. Мындан башка капитализм зулматынан кутулуунун жолу жок.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here