Казакстанда Назарбаев кадрларын тазалоо саясаты уланууда

379
0

Казакстанда Назарбаев кадрларын тазалоо саясаты уланууда

Казакстанда президент Токаев январдан берки кадрдык жүрүштөрдүн экинчи толкунун баштады. Анын алкагында, Назарбаевдин тушунда мыйзам чыгаруу бийлигине келген Нурлан Нигматулин 1-февралда Мажилис төрагалыгынан алынып, депутаттык мандатын тапшырды. Ордуна президенттик аппараттын жетекчиси Ерлан Кошанов мандат алып, дароо төрага болуп шайланды. Мажилистин төрагасы Казакстандын Баш мыйзамы боюнча мамлекеттеги үчүнчү кызмат адамы.

Буга чейин ушундай эле жол менен Маулен Ашымбаев президенттик администрация башчысынын орун басарлыгынан, Сенаттын төрайымы Дарига Назарбаеванын ордуна депутат болуп келген.

Ал эми 28-февралдагы “Нур Отан” партиясынын курултайында экс-президенттин жакын адамдары эсептелген Дарига Назарбаева, Нурлан Нигматулин, экс-премьер-министр Аскар Мамин, Назарбаевдин классташы, партия төрагасынын орун басары Бауыржан Байбек партиянын саясий кеңешинин курамынан чыгарылган. Буга кошумча, Улуттук компаниялардын башчылары, Назарбаевдин күйөө балдары Кайрат Шарипбаев, Димаш Досанов кызматтарын тапшырды. Динара Назарбаевнын күйөөсү Тимур Кулибаев “Атамекен” ишкерлер палатасынын төрагалыгынан кетти. Дарига Назарбаеванын кудасы Берик Имашев Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан алынды.

Эске салсак, январь окуяларынын артынан президент Токаев атайын кызматтын башчысы Масимовду кызматтан алып, бир нече күндөн соң ага мамлекетке чыккынчылык, бийликти күч менен басып алуу жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптар тагылган. Аны менен бирге мурдагы эки орун басары Даулет Ергожин менен Ануар Садыкулов да камакка алынган.

Жогорудан маалым болгондой, Казакстанда дагы башка мусулман өлкөлөрүндөй эле бийликтеги бир ууч адамды алмаштыруу менен калкты алаксытуу жараяны жүрүп жатат. Муну менен калктын жашоо деңгээли көтөрүлбөшү, өлкө байлыктарынын кайрадан бир ууч элита үчүн кызмат кылуусу анык. Муну Токаевдин акыркы аракеттери да айгинелеп турат. Ал 10-январда ыкчам штабдын онлайн жыйынында туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда өтө кирешелүү компаниялар жана эл аралык деңгээлдеги ашынган байлардын катмары пайда болгонун айткан. Анын айтымында, экономикалык өнүгүүдөн олигархтык топтор гана пайда көрүшкөн. Токаев ошондой эле “эл аралык уюмдар Казакстандын байлыгынын жартысынан көбү 162 адамдын колунда” деп айтканын мисал келтирип, өлкө калкынын жарымынын ай сайын тапкан кирешеси 50 миң теңгеден (10 миң сомдон) ашпай турганын кошумчалаган.

Муну менен Токаев Назарбаевдин чөйрөсүндөгү адамдардын байлыктарын тартып алууну же бир бөлүгүн алуу менен жаңы системага кызмат кылдырууну көздөгөн. Айткандай эле, бул билдирүүнүн артынан Казакстандагы капиталисттердин миллиондогон сумманы Токаев түзгөн фондго которгону тууралуу кабарлар чыкты. Мындай абал дээрлик бардык капиталисттик өлкөлөрдө кайталанып турат. Маселен, Путин Ельцин ага бийликти өткөрүп бергенде Ельциндин жанындагы олигархтардын жарымын өзүнө тартып, ал эми сүйлөшүүлөргө көнбөгөндөрүнө сокку ура баштаган. Андан кийин олигархтардын жарымы түрмөгө камалды, башкалары качып кетти, ал эми кээ бирлери Путиндин жанында калып, анын командасынын бир бөлүгүнө айланды. Казакстанда деле ушундай кырдаал болот. Назарбаевдин айланасында жүргөн саясий жана бизнес-элитанын теңи Токаевдин командасына кошулат. Ал эми Токаевге ыктагандарды жана президент айткан фондго өз капиталын которууга макул болгондорду калтырышат.

Түпкүлүгүндө, Казакстан табигый байлыктары калктын бардар жашоосуна жетип ашып кете турган өлчөмдө көп. Нефть мамлекеттин ички дүң продукциясынын 21 пайызын түзөт жана күнүнө 1,5 миллион баррелден ашуун нефть казып алынат. Дүйнөдө уран өндүрүүчүлөрдүн сап башында турган бул өлкө 1,5 миллион тонна уран запасына ээ. Ал жерде чоң көлөмдө марганец, темир, хром, көмүр жана газ бар. Азыркы убакка чейин 2 триллион куб метрге жакын табигый газ табылган. Казакстан экспортунун болжол менен 90 пайызын нефть жана газ сыяктуу энергия ресурстары түзөт.

А бирок бул байлыктардын үзүрүн чет элдик капиталисттер менен бир ууч жергиликтүү элита сөрөйлөр көрүп жатат. Мисалы, Американын «Шеврон» компаниясы «Тенгиз» нефть кенинин 50 %ына ээлик кылат. Бул кен мамлекеттеги өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Европа компаниялары да Казакстандагы энергия ресурстарынын бир бөлүгүн ээлеп алган.

Мындан тышкары, бийлик башындагы капиталисттер бул байлыктарды өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Бир эле Назарбаевдердин байлыгы миллиарддаган долларга жеттет. Алардын Лондондо ачыкка чыккан мүлктөрү  эле 330 миллион фунт стерлингден ашат.

Жакында эле Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев өз ысымы менен аталган төрт жеке кайрымдуулук фонду аркылуу кеминде 7,8 миллиард долларлык активдерди көзөмөлдөгөнү тууралуу иликтөө жарыяланды. Иликтөөдө «Назарбаев», «Нурсултан Назарбаев», «Демеу» жана Элбасы Фонддору тууралуу айтылган. Назарбаев 2019-жылы президенттиктен кеткенде бул фонддор инвестициялоо менен активдүү алектене баштаган. Бул фонддор банк, медиа холдингдер, авиакомпания, мобилдик операторлор, отелдер, онлайн соода аянтчасын, ири кампаларды, соода борборлорун ал тургай макарон чыгарган фабрикага чейин ээлеп алган.

Жыйынтыктап айтканда, Казакстандагы эски жана жаңы элитанын ортосунда ушул байлыктарды бөлүштүрүүнүн үстүндө соодалашуу жүрүп жатат. Назарбаевдин тобу байлыктарынын акысына бийликтерин тапшырып берүүдө. Тилекке каршы, дээрлик бардык мусулман калктарындагы абал ушундай. Мындай адилетсиздик алардын мезгил-мезгил менен нааразылык толкундарына чыгуусун шарттайт. Натыйжада бир малай башкасына алмаштырылат же президенттик башкаруу парламенттик башкарууга өзгөртүлөт. Үммөт ушундай убактылуу өзгөрүүлөр менен соска эмип калууда. Түпкүлүгүндө булардын баары үстүбүздөгү капиталисттик системанын зулматынан келип чыгууда. Калктын нааразылыгы болсо адам табиятына тескери келген демократиялык системага вирус денеге киргенде организм ага каршы күрөшкөндө пайда болгон температура сыяктуу ар дайым уланууда. Бирок, бул абал убактылуу дарылар менен алаксытылып жатат. Ал эми үммөттүн чыныгы дарысын көтөрүп чыккандар терроризм-экстремизм атамалары менен жек көрсөтүлүп жатат.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here