Мечиттерге каршы согуш

185
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мечиттерге каршы согуш

Пакистан Жогорку соту 2021-жылы 27-декабрда 25 жыл мурда курулган жана миңдеген адам намаз окуп жаткан Карачидеги шаардык мечитти бузуу туурасында токтом чыгарды. Бул илманий сот кибирленип «мыйзамсыз курулган» деген шылтоо негизинде Аллахтын Байттарынын бирин бузуп, ордуна сейил бак курмакчы.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, демократия жана илманий сот Ислам Умматынын акыйдасына жана баалуулугуна бүтүндөй тескери экенин баса белгилеп, ушуларды айтты: «Пакистанда мамлекеттин каражатынан индус жана сикхтер үчүн ибадатканаларды куруп жаткан илманий бийлик мечиттердин курулушун каржылоодо жана адамдардын бул ишке аралашуусун жеңилдетүүдө өз мойнундагы милдетине кайдыгер карап жатат.

Демократиялык түзүм динибиз менен болгон байланышыбызды үзүүгө жана коомубузда Батыштын бузуку баалуулуктарын жаюуга аракет кылууда».

Билдирүүнүн аягында Пакистандагы мусулмандарга кайрылуу жасалып, ушулар баса белгиленди: «Оо Пакистан мусулмандары! Халифалык кулатылгандан кийин Ислам байланыштары үзүлдү. Азыр болсо, Ислам душмандары эң акыркы байланыш болгон намазды бутага алышууда. Ошондой болгон соң, үнүбүздү бийик көтөрүп, демократиядан баш тартуу жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө аркылуу Исламды кайра бийликке алып келүүнүн убагы келбедиби?! Халифалык намазды коргоп, башка адамдардын Исламга киришине жол ачат».

 

Роя гезити, №373, 2022-жыл, 12-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here