Хусийлер туткундарды коё берүүнүн акысына аларды өз пикиринен баш тартууга мажбурлашууда!

341
0

Басма сөз баянаты

Хусийлер туткундарды коё берүүнүн акысына аларды өз пикиринен баш тартууга мажбурлашууда!

Мындан бир жылдай мурун Хусийлер Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын мүчөлөрүнүн бири Мухсин Мухаммад Жаъдийди эки дүйнө бакытына жетүү үчүн Ислам өкүмдөрүн жашоодо колдонууга даъват кылуудан башка «айыбы» жок экенине карабастан камакка алышкан. Алардын жогорку саясий кеңеши болгон расмий өкүлдөрү Мухаммад Жаъдийдин ишин «карап чыгып», башкы прокурор тарабынан санкция чыгартышты жана санкцияны ички иштер министрлерине тапшырышты. Өз кезегинде, ички иштер министрлиги Хизб-ут-Тахрирдин камакка алынган мүчөлөрүнө карата төлөм кепилдиги колдонулганын, Мухаммад Жаъдийдин төлөм кепилдиги физикалык эмгек кепилдигине өзгөртүлгөнүн расмий билдирди. Бирок, министрликтин талабы кабыл алынып, канааттандырылса да, Мухаммад Жаъдийден Хизб-ут-Тахрирдеги иш-аракетин токтотууну талап кылышууда… Мухаммад Жаъдий бул талапты катъий четке каккан соң, аны кайра камакка алышты!

Хусийлердин камактагы Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнөн Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөгө аракет кылбоо талабы шаръий эмес жана мыйзамсыз болуп эсептелет. Ал тургай, бул Аллах жана Расулуна каршы согушуу, даъватты көтөрүп чыккандарга каршы чыгуу. Исламды колдоно турган жана колонизаторлор тарабынан мусулмандар ортосунда тартылган чегараларды алып сала турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылып жаткан адамдарды эмнеге камашууда?! Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бул аракеттери жазага ылайык кылмышпы?! Силерге эмне болду, кандай өкүм чыгарып жатасыңар?! Аллах Таала айтат:

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللهِ جَمِيعًا وَلاَ تَفَرَّقُوا﴾

«Бардыгыңар Аллахтын арканына (бекем) байлангыла жана бөлүнбөгүлө»                     [3:103]

﴿وَأَنِ احْكُم بَيْنَهُم بِمَآ أَنزَلَ اللهُ وَلاَ تَتَّبِعْ أَهْوَاءهُمْ﴾

«Алардын ортосунда Аллах түшүргөн нерсе менен өкүм кылгын жана алардын каалоо-нафсилерине ээрчибе»

                                                                                                                                     [5:48]

Тескерисинче, Хусийлар куралдарын кафир Батышка каратышы керек. Себеби, күнү-түнү мусулмандарды бөлүп салуу, талкалоо, мазхабчылык фитнасын алоолонтуу жана байлыктарын талап-тоноо үчүн аракет кылып жаткандар ушул кафир Батыш эмеспи?! Мусулмандар кафир Батыштан жана исламий өлкөлөрдөгү режимдерден ушунча зулумдарды көрүп жатканы аздык кылып жатабы?!

Хизб-ут-Тахрир өз калкын алдабаган жетекчи, ал башкалар тарабынан алып барылып жаткан бул сыяктуу ийгиликсиз аракеттерге эч качан моюн сунбайт. Ал саясий Хизб, 40тан ашуун мамлекетте иш алып барат. Анын мабдасы – Ислам, аракети – саясат (адамдар иштерин камкордук менен башкаруу), Ислам менен өкүм жүргүзүүдөгү туткан жолу – Расулуллах ﷺдын тарыйкаты.

Демек, Хусийлер башкаларга караганда жакшыраак билип алышсын, Исламды колдонуучу рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуу аларга да фарз, муну бийликке келүүдөн кийин жана өкүм жүргүзүүдөн мурун билип алышсын. Өздөрүн «Тирүү Куръан» деп аташкандар Исламды колдонушу керек. Хизб-ут-Тахрир болсо, Ислам өкүм-башкарууда жок болгону, Яманда да, башка исламий өлкөлөрдө да Исламды колдонуучу мамлекет жок болгону үчүн катуу аракет кылууда жана Аллах Субханаху ва Таала Өзүнүн убадасын жана Расулу ﷺдын башаратын жүзөгө чыгаруу аркылуу солих пенделерин нусрат жана үстөмдүк менен сыйлаганга чейин аракетин эч качан токтотпойт. Хизб Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнү өмүр же өлүм маселеси деп эсептейт. Негизи, Өз убадасын жана Расулу ﷺдын башаратын жүзөгө чыгаруу Аллахка жеңил. Аллах Таала айтат:

﴿وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا مِنكُمْ وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَيَسْتَخْلِفَنَّهُم فِي الْأَرْضِ كَمَا اسْتَخْلَفَ الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ﴾

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдар кылгандарга, кудум мурунку өткөндөрдү (жер жүзүнө) халифа-өкүмдар кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды»

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here