Казакстандагы окуялардын саясий акыбеттери

125
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Суроо-жооп

Казакстандагы окуялардын саясий акыбеттери

Суроо:

Президент Касым-Жомарт Токаев суюлтулган газдын баасы эки эсе көтөрүлүшүнүн артынан күчөгөн нааразылык демонстрацияларын бастыруу үчүн жардам сураган соң, Россия Казакстанга ЖККУнун атынан аралашты… Россия тышкы күчтөрдү, өзгөчө, Американы мамлекеттин иштерине аралашууда жана нааразылыктарды козутууда айыптады. Кийин Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси бийликти кулатууга аракет жасады деп айыпталды. Суроо: нааразылык демонстрацияларынын түпкү себеби эмне? Эмне үчүн Россия ЖККУнун атынан мынчалык бат аралашты? АКШнын бул боюнча позициясы кандай?

Жооп:

Жогорудагы суроолордун жообу түшүнүктүү болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:

  • Борбор Азиядагы Батыш Түркстандын бир бөлүгү болгон Казакстан – 2,7 миллион км2.ден ашуун янтка ээ болгон исламий өлкө. Бирок, анын калкы майданына салыштырмалуу аз болуп, болжол менен 19 миллионду түзөт. Калкынын 75 %дан көбү мусулмандар. Казакстанда чоң сандагы орус азчылыктары жазайт. Айтылышынча, алар калктын 20 %ын т.а. болжол менен 3,5 миллион адамды түзөт. Казакстан Россия үчүн экономикалык жана геосаясий жактан маанилүү өлкө болуп эсептелет. Ал Советтер Союзу доорунда 1991-жылы өз эгемендүүлүгүн жарыя кылганга чейин түздөн-түз Россиянын өкүмдарлыгы астында болгон. Бирок, ал Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму о.э. Шанхай кызматташтык уюму алкагында Россияга байланып калды. Байконурда Россия космодрому жайгашкан, космостук кемелер ошол жайдан учурулат. Россия Казакстандын үлкөн байлыктарын ээлеп алган. Казакстан нефтиге бай мамлекет. Нефть мамлекеттин ички дүң продукциясынын 21 пайызын түзөт жана күнүнө 1,5 миллион баррелден ашуун нефть казып алынат. Дүйнөдө эң ири уран өндүрүүчүлөрдүн бири эсептелген бул өлкө 1,5 миллион тонна уран запасына ээ. Ал жерде чоң көлөмдө марганец, темир, хром, көмүр жана газ бар. Азыркы убакка чейин 2 триллион куб метрге жакын табигый газ табылган. Ошентип, Казакстан Россия үчүн чоң мааниге ээ. Себеби, постсоветтик аймакта Россия анын таасири астындагы маанилүү регион деп эсептелген мамлекеттер ичинде Казакстан Украинадан кийин экинчи орунда турат. Ушул себептен улам, Казакстанга окшоп сөздө эмес, иш жүзүндө Россиядан эгемендүү болгон Украинадагыдай окуялар кайталанбашы үчүн, Россия аны өз колунда сактап калууга болгон күчүн жумшайт.
  • Америка да Казакстандын канчалык маанилүү экенин билет. Себеби, анын жайгашуусу чоң мааниге ээ. Ал Россиянын түштүк чегараларында жана Кытайдын батыш чегараларында жайгашкан. Мына ушундан улам, Америка бир тараптан Россияны курчоого алып, анын региондогу таасирине чекит коюуну көздөйт, башка тараптан Кытайды курчоого алуу үчүн бул мамлекетте өз таасирин кеңейтүүнү каалайт. Кала берсе, бул мамлекеттин Россиянын колунан чыгышы Борбор Азиядагы башка мамлекетердин да Россиянын таасиринен чыгышына алып келиши мүмкүн. Американиын бул кызыгуусу Казакстан эгемендүүлүгүн жарыя кылганда эле пайда болду. Ошондуктан, Америка Казакстан эгемендүүлүгүн тааныган биринчи мамлекет болду. Кийин Америка компаниялары ал жерге кирип, мамлекеттеги көптөгөн нефть жана газ өнөр жайын ээлеп ала баштады. Мисалы, Американын «Шеврон» компаниясы «Тенгиз» нефть кенинин 50 %ына ээлик кылат. Бул кен мамлекеттеги өндүрүштүн үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Европа компаниялары да Казакстандагы энергия ресурстарынын бир бөлүгүн ээлеп ала баштады. «Казакстан экспортунун болжол менен 90 пайызын нефть жана газ сыяктуу энергия ресурстары түзөт. Алардын баары дээрлик чектелген болуп, Батыштын капитал ээлерине о.э. Америка жана Европанын ири нефть компанияларына тиешелүү»… (Спутник агенттиги, 2022-жыл, 8-январь). Американын аракети нефть жана газ компаниялары менен гана чектелип калбастан, андан ашып, 1989-жылдан тартып 2019-жылы март айында отставкага чыкканын жарыя кылганга чейин мамлекетти башкарып келген Назарбаевдин доорунда кээ бир аскерий келишимдерди түзүүгө чейин үлгүрдү. Кийин Назарбаевдин мураскорунун доорунда аны менен Россиянын жакын мамилелери Американын натыйжалуу аскерий келишимдерди түзүшүнө тоскоолдук кылды. Ошондой болсо да, Америка аракеттерин улантуудан үмүт үзгөн жок. «2019-жылы февраль айында АКШ борбордук командачылыгынын командачысы генерал Жозеф Вотел сенатта АКШ менен Казакстандын мамилелери жөнүндө: «Борбор Азиядагы эң жетик мамилелер…», – деди. (Ал-Жазира, 2022-жыл, 6-январь). АКШ менен Казакстан армиялары ортосундагы алакалар эки мамлекет ортосундагы мамилелердин маанилүү тарабын түзөт. 2003-жылдан баштап Казакстан көп тараптуу аскерий машыгууларды, 2019-жылы июнь айында Казакстандын түштүк-чыгышында болуп өткөн, анда АКШ күчтөрү да катышкан аскерий машыгууну өткөрдү. Ал тургай, бул машыгуулар жөнөкөй машыгууларга жакын болсо да, бирок, бул Американын Казакстанга болгон кызыгуусунан кабар берет. Россия болсо, шексиз, анын бул кызыгуусунан коркот…
  • Нааразылыктар жүз берип, күтүлбөгөндө кеңейип кеткен соң Россиянын кооптонуусу күчөдү. Бул окуялар өз-өзүнөн табигый башталды. Белгилүү болгондой, 2022-жылы 5-январда мамлекеттин батышындагы Жанаозен жана Актау шаарларынын калкы суюлтулган газ баасынын эки эсе кымбаттаганына каршы нааразылык демонстрациялар жайылып, Алматы шаарына чейин жетти. Алматы мамлекеттин эски борбору, Казакстандын эң чоң шаары, эң маанилүү соода-сатык, экономикалык жана финансылык шаарларынын бири болуп эсептелет. Маалымат агенттиктери маалымдашкандай, шаардагы президенттик резиденция жана шаар мэриясынын имараты өрттөлгөн. Россиянын «Спутник» агенттигинин кабарына ылайык, «Коопсуздук күчтөрү борбор Нурсултан (мурдагы Астана) администрациясынын имаратынын айланасына коопсуздук коргонун орноткон. Интернет өчүрүлгөндүктөн накталай акчалай төлөмдөрү токтотулган, борбордун калкы банктардан чоң көлөмдөгү акчаларын алып чыгууга шашылышкан». Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына ылайык, Чыгыш Балхаш облусундагы кен казган жумушчулар нааразылыктарга кошулуп, жумуштарын токтотушкан. Ошентип, демонстрациялар зомбулукка айлана баштады… Казакстандын Анкарадагы элчиси анын өлкөсүндөгү окуяларга түшүндүрмө берип, мындай деди: «Демонстрациялар турмуш шартты жакшыртууну талап кылуу жана суюлтулган газдын баасы көтөрүлүшүнө каршы чыгуу менен башталган. Алматы шаарына өткөндөн кийин демонстрациялар башкача түс алды о.э. провокация жана мыйзамсыз иштер менен аралашып кетти…». (Анадолу, 2022-жыл, 6-январь). Абалды тынчтандыруу үчүн 2022-жылы 5-январда Казакстан өкмөтү отставкага кеткендиги жарыяланды жана суюлтулган газдын баасы төмөндөтүлдү. Бирок, демонстрациялар токтогон жок, тескерисинче, жайылып күчөп кетти.
  • Демонстрациялардын минтип жайылышы Казакстандан мурун Россияны айыпты эки тарапка багыттоого үндөдү:

Биринчи тарап – жергиликтүү коопсуздук кызматынын кызматкерлери:

а)   Бул үчүн кээ бир коопсуздук кызматынын кызматкерлери нааразылык демонстрацияларга жана башаламандыктарга көз жумуп жатканы себеп кылып көрсөтүлдү. Ошондон кийин мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо үчүн жооптуу болгон Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси Карим Масимов айыптуу деп табылды. Бул адам бийликти басып алуу үчүн абалдан пайдаланган деп көрсөтүлдү. Ошондуктан, ал 2022-жылы 8-январда отставкага чыгарылып, кыянаттыкта айыпталды. «Казакстан Улуттук коопсуздук комитети анын мурунку жетекчиси Карим Масимов «өлкөгө кыянаттык кылууда» шектелип камакка алынганын билдирди. Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүнө ылайык: «Ушул жылдын 6-январында Улуттук коопсуздук комитети мамлекетке кыянаттык кылуу факты боюнча Казакстан республикасынын кылмыш кодексинин 175-беренесинин биринчи бөлүмүнө ылайык кылмыш ишин ачуу максатында тергөө иштерин баштаган»». (RT, 2022-жыл, 8-январь). Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаевдин мурунку кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев: «Мамлекеттеги кризистин себептеринин бири – айрым жогорку кызматтагы расмийлердин кыянаты», – деди. Ал мамлекеттеги акыркы окуяларды «мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылуу жана куралдуу кол салуу» деп атады. Ертысбаев дагы мындай дейт: «Мамлекеттик төңкөрүш жасоого багытталган бул иш-аракеттин жана куралдуу кол салуунун көлөмү өтө таң каларлык. Ал уюшкан жана күчтүү аракет. Аны бийликтин жогорку эшелонундагы, айрыкча, укук коргоо органдарындагы саткындарсыз ишке ашыруу мүмкүн эмес»». (RT, 2022-жыл, 8-январь).

б)   Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Россия жетектеген ЖККУнун аралашуусун сурап кайрылгандыгын актап, «анын мамлекети террористтик чабуулга, чет элдик согушкерлердин катышуусундагы атайылап уюштурулган агрессияга учураганын» айтты. Ал кошумчалап: «Террорчулар тарабынан жасалган зомбулуктардын натыйжасында коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана катардагы адамдар арасында көптөгөн курман болгондор болду, 1300гө жакын ишкердик объектилер зыян көрдү, 100дөн ашык соода борборлоруна жана банктарга чабуул жасалды, 500 полиция унаасы өрттөлдү, зыян 2 жана 3 миллиард тегерегинде», – деди. Ал: «Он миңге жакын адам камакка алынды, абал турукташты жана көзөмөлгө алынды. Террордук коркунучтун борборлору зыянсыздандырылды. Айрыкча, маанилүү стратегиялык объектилер, курал-жарак сакталган жайлар корголду», – деп кошумчалады. (RT, 2022-жыл, 10-январь).

в)   Ошентип, Казакстан президенти Токаев Россиядан аралашууну сурады. Орустар анын талабынан мурун эле аралашууга чечим кабыл алгандай, суранычка тезинен жооп беришти. Россия 1992-жылы түзүлгөн ЖККУ аркылуу Казакстанга аскерий жактан аралашуу баштады жана 2022-жылы 6-январда биринчи аскерий батальонду жиберди… (Ал-Жазира Нет, 2022-жыл, 6-январь). Кийинки эки күн ичинде 2500 аскер аскерий жабдыктар жана унаалар менен аба аркылуу жөнөтүлдү. Бул өзгөчө абалдагы миссияда, Армения менен Кыргызстан күчтөрүн Казакстанга жеткирүүдө 70тен ашуун Россия аскерий жүк ташуучу самолёттору катышты. Ошондуктан, Токаев мындай деди: «Мен Россия президенти Путинге өзгөчө ыраазычылык билдирем. Себеби, ал менин жардам сурап кайрылган кайрылуума тезинен жооп берди». (RT, 2022-жыл, 7-январь). Андан кийин Путин 2022-жылы 10-январда ЖККУнун видеоконференциясында мындай деди: «Айрым тышкы жана ички күчтөр өз максаттарына жетүү үчүн Казакстандагы экономикалык абалдан пайдаланышты. ЖККУ Казакстандагы абалдын көзөмөлдөн чыгышына жол бербөө үчүн маанилүү чараларды көрдү жана өз учурунда керектүү чечимди кабыл алды. Бул күчтөр ушул мамлекеттин президенти белгилеген мөөнөткө чейин Казакстанда калат. Казакстандагы окуялар тышкы аралашуунун биринчиси эмес жана акыркысы да болбойт. ЖККУга мүчө мамлекеттер түстүү ыңкылаптарга жол бербестигин көрсөтүштү. Казакстандагы акыркы окуялар кээ бир күчтөр экстремист жана террористтерди тартууда, согушкерлердин уктап жаткан ячейкаларын түзүүдө кибермейкиндиктен жана социалдык тармактардан экиленбей пайдаланышын тастыктады». (RT, 2022-жыл, 10-январь).

Россия бул окуяларда айыптаган экинчи тарап т.а. тышкы күчтөр:

Путин ЖККУ конференциясында Американын бул окуяларга байланышы бар экенин оозго албаган болсо да, бирок, анын сөздөрүнөн муну түшүнүүгө болот. Андан мурун Россия маалымат каражаттарында айтылган кабарлар бул пикирди тастыктайт… Россия маалымат каражаттарында демонстрацияларда Американын ролу болушу мүмкүн экендиги айтылган… Муну Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псакинин бул пикирлерди төгүндөгөн билдирүүлөрү да тастыктайт. Псаки Россия маалымат каражаттарынын Казакстанды силкинткен башаламандыктарда Кошмо Штаттардын ролу болушу мүмкүн деген кабарларын «Россиянын алаңгазар пикирлери» деп атады. О.э. ал мындай сөздөр «бүтүндөй жалган» экендигин жана «Россиянын дезинформациялык стратегиясын» ачыктарын баса белгиледи. (Индепендент арабий, 2022-жыл, 7-январь). Россиянын ЖККУ аркылуу аралашуусун актоо үчүн уюмдун учурдагы жетекчиси – Армения премьер-министри Никол Пашинян «Уюм «тышкы аралашуу» жөнүндөгү кайрылууга жооп бергенин» баса белгиледи». (Индепендент арабий, 2022-жыл, 7-январь). Бул билдирүүлөр ушуга далалат кылат: Казакстан, анын артында, кала берсе алдында турган Россия бул окуялар ички себептер аркылуу гана жүз бербестен, Американын да колу бар деп билет. Американын бул окуялардагы ролун анын билдирүүлөрүн карап чыгуу менен айкын болот:

а)   Блинкен казакстандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө «Казакстандагы башаламан абалга тынчтык жол менен чечим табууга о.э. массалык маалымат каражаттарынын эркиндигин урматтоого» чакырды. АКШ мамлекет департаментинин катчысы Нед Прайс: «Блинкен Кошмо Штаттардын Казакстан конституциялык мекемелерин толук колдорун баса белгиледи. Ал кризиске адам укуктарын урматтап, тынчтык жол менен чечим табуунун тарапкери», – деди. Ал кошумчалап: «Америка Казакстандагы окуяларга тынчсызданууда. Бирок, ал мамлекет ЖККУ жардамысыз өз алдынча абалды жөнгө сала алат деп ишенет», – деди. (Франс Пресс, 2022-жыл, 6-январь).

б)   Блинкен Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин демонстранттарды атуу жөнүндөгү билдирүүсүнө түшүндүрмө берип: «Мен бул билдирүүлөрдү каралайм, эгер бул улуттук саясат болсо, мен аны каралайм…», – деди». (СNN, 2022-жыл, 9-январь). Казакстан президенти: «Мен террорчуларды эскертүүсүз атууга буйрук бердим», – деген эле. Ал: «Алматы шаарына жасалган чабуулда 20 миң террорчу катышты», – деп кошумчалаган.

в)   Америка Россия күчтөрүнүн Казакстандан чыгышын талап кылды. АКШ мамлекеттик департаментинин катчысы мындай деди: «ЖККУ күчтөрү Казакстандан чыгышы керек… Алардын катышуусу суроолорду жаратууда. ЖККУнун катышуусуна эч кандай негиз жок…». (Новости, 2022-жыл, 11-январь).

Көрүнүп тургандай, Америка Россия күчтөрүнүн Казакстанга киргизилишине каршы чыкты. Ал проблеманы Россияны аралаштырбай жана демонстранттарга каршы күч колдонбостон чечүүнү талап кылды… Себеби, Америка бул аралашуу Россиянын Казакстандагы таасирин жана Казакстан режиминин Россияга байланып каларын бекемдешин түшүнүп турат… Америка анын окуяларга аралашкандыгы жөнүндөгү айыпты четке какты. Бирок, анын четке кагышы демонстранттарды бастырбоону жана адам укуктарын тебелебөөнү талап кылуу менен коштолду…

Корутунду:

а)   Жогоруда айтылгандардан Россия Казакстанга канчалык маани бериши көрүнүп турат. Анткени, ЖККУ беренелери ишке киришинин артында Россия турду. Бул, Казакстандагы демонстранттарды күч менен бастырууга багытталды. Уюм 1992-жылы ушул аталышта түзүлгөндөн бери демонстрациялар уюмдун аралашуусу менен бастырылганы биринчи ирет жүз берди. ЖККУга мүчө мамлекеттердеги бул сыяктуу окуяларда мындан мурун уюмдун аралашуусу байкалбаган эле. Бул болсо, Россия Казакстанга канчалык маани беришин көрсөтөт.

б)   Башка тараптан, Казакстандагы коопсуздук жаатындагы абалдын туруксуздашы Россиянын постсоветтик аймактагы таасиринин жаңы күчсүз тараптарын көрсөттү. Бул жагдай Батышты Россияны Борбор Азиядан тартып Белоруссияга чейинки кризистер менен курчап алууга кызыктырышы мүмкүн.

в)   Бирок, Америка Казакстанда өз таасирин кеңейтүү аракеттинен көздөгөн нерселерине жетише албады. Көрүнүп тургандай, Америка демонстрациялардын күч алышына кызыкдар эле. Ал мамлекет ичине өз адамдарын киргизип алып, кийин ичкериден да, тышкарыдан да басым кылууну көздөгөн…

г)   Биз ушуну баса белгилейбиз: Казакстандай исламий өлкөдө душмандардын өз ара күрөшүп жатканы, өлкө байлыктарын талап-тоноп, өлкөнүн абалынан жана мүмкүнчүлүктөрүнөн өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланып жатышканы, ошол эле учурда, өлкөнүн калкы арасындагы малайларды тактыга жана жогорку кызматтарга жетүү күрөшүнөн башка нерсе ойлондурбай жатканы, алар өлкө калкын – мамлекет кең жер аянтына жана байлыктарга ээ болуп туруп – жакырчылык жана азап-кыйынчылыктарга салып жатышканы о.э. мамлекет калкынын көпчүлүгү мусулман болушуна жана Ислам момундар үстүнөн кафирлерге жол бербөөгө буйруганына карабастан, өлкө калкын душмандарга таштап коюшканы аянычтуу абал. Ушул себептен улам, өлкө-жаранды куткаруу үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылуунун зарылдыгы дагы бир ирет өз тастыгын табууда. Халифалыктын тикелениши менен гана Ислам Умматы адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы, күчтүү жана үстөмдүк кылган Умматка айланат.

﴿وَلَيَنْصُرَنَّ اللَّهُ مَنْ يَنْصُرُهُ إِنَّ اللَّهَ لَقَوِيٌّ عَزِيزٌ﴾

«Албетте, Аллах Ага (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз, Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                                 [22:40]

                                                                                                    12-жумадулаввал, 1443-х.

                                                                                                              15-январь, 2020-м

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here