Минбардан Халифалыкты тикелөөгө даъват

340
0

Минбардан Халифалыкты тикелөөгө даъват

Түркиянын Анкара шаарыдагы “Мелике Хатун” мечитинин имам хатиби Халил Конакчы мусулмандарды Халифалык мамлекетин тикелөөгө чакырды. Буга, эстрада ырчысы Сезен Аксунун Адам алайхиссаламды жана Хава энени “жахил” деп  ырдашы себеп болду.

“Айткылачы, Исламдын борбору кайсы жер? Исламда сөзү өтө турган киши ким жана ал кайсы макамда болот? Эмнеге Халифалыкты кулатышты, эмнеге 100 жыл мурда ал макамды (Халифалыкты) жок кылышты, эми түшүнгөн чыгарсыңар? Ыплас бир ырчы Адам алайхиссалам жана Хава энебизди беймарал жахил дей алышы үчүн ушундай кылышты. Эгер Халифалык бүгүнкү күндө бар болгондо, эч ким бул жаатта ооз ача алмак эмес. Аллах Халифалыктын кайрадан тикеленишин бизге насип кылсын. Ал үчүн аракет кылабыз. Ислам тикеленип, анын бир Халифасы болгондочу… Алар бул динди бир четке сүрүп, өзүмбилемдик кыла башташты. Эгер Халифа болгондо, Мариям энебизге да, Адам алайхиссалам жана Хава энебизге да, Расулуллах с.а.в. га да, шариятка да, Куръанга да, жоолукка да эч ким тил тийгизе алмак эмес. Биз ошол башкаруу кайтып келишин каалайбыз. Биз муну Исламдын атынан талап кылабыз”, – деди имам Бурса шаарындагы мечиттердин биринде сүйлөгөн сөзүндө.

Комментарий: Халифалык мамлекети кулатылгандан бери Ислам жана мусулмандардын жандары менен малдарына тынымсыз чабуул болуп жаткандай эле, Ислам өлкөлөрүндө да, куфр өлкөлөрүндө да, Исламий баалуулуктарга карата акаараттар үзгүлтүксүз уланууда. Бир аз мурда академик Жихад Киса Куръан аяттарын шылдың кылып, Мариям энебизге акаараттарды жаадырган эле. Эми болсо Адам алайхиссалам жана Хава энебиз “жахил” деп акаарат кылынды. Белгилүү адамдар телевидение жана маалымат каражаттары аркылуу “демократия жана сөз эркиндигин” шылтоолоп, бул адепсиздикти коргоп чыгышты. Ал эми “Сөзчү” гезитинин кабарына таянсак, Халифалыкка даъват кылган имам Халил Конакчыга кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу берилген билдирүүдө Халил Конакчынын өз хутбасында Халифалык тикеленишин каалашы жана аны тикелөө үчүн аракет кылууга ачык эле чакырышы кылмыш катары сүрөттөлгөн.

Ооба, мындай учурда “демократия жана сөз эркиндиги” бир четке сүрүп коюлат. Мисалы, Емина Шахин аттуу 21 жаштагы кыз Мустафа Кемелди эскерүү күнүндө “Ататүрк кудай эмес, Аллахтын мыйзамдары бар, Ататүрк Батыштын мыйзамдарын алып келди” дегендиги үчүн дароо камакка алынган эле. О.э. социалдык тармак аркылуу “Биз Чанаккала согушунда жеңген болсок, эмне үчүн душмандын сакафаты, мыйзамдары, кийинүү таризи бизге кирип келди” деп Мустафа Кемелдин кыянатын ачыкка чыгарган жигиттин колуна да кишен салынган болчу. Мындай мисалдар көп. Мындай учурда “сөз эркиндиги” иштебей калат.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here