Cадыр Жапаров:Террористтерге жана коркунучтарга каршы бирге турабыз
Кабар: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Казахстанская правда» гезитине маек куруп, эки өлкөнүн достугу — Кыргызстан менен Казакстан жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруп, ар башка тармакта кызматташып, келечекке бирге кадам таштайт деген үмүттө экенин айтты.
Казак бийлигинин Казакстанга «пландалган террористтик агрессия» жасалды деп айткан риторикасы менен макул болгон Садыр Жапаров: “Биз бул күрөштө жардам беришибиз керектигинен бир мүнөт да күмөн санаган жокпуз. Казакстандын бийлиги бийликти күч менен басып алуу үчүн адамдардын өлүмүнө жана массалык баш аламандыктарды уюштурууга күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартат деп ишенем. Текшерүү учурунда бейкүнөө жарандар жабыркабашы керек”, – деди.
О.э. “биздин өлкөлөр Жакынкы Чыгыштагы жана Афганистандагы белгилүү окуяларга байланыштуу жаңы коркунучтарга биргелешип каршы турууда” деди.
Комментарий: Казакстанда көптөгөн жылдардан берки экономикалык жана социалдык проблемалардан кыйналган калк жаңырган жылдын башында суюлтулган газдын баасы эки эсе кымбаттаганы шылтоосунда “жарылды”. Демонстрациялар табигый жол менен башталган болсо да, казак президенти бул демонстрациялардан өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып кетти. Токаев демонстранттарды террорчуга чыгарып, “Алматыга жакшы даярдыктан өткөн 20 миң “террорчу” кол салганын билдирди жана күч түзүмдөрүнө “эскертүүсүз ок атууга” буйрук берди. Өз элине каршы Россия башында турган ЖККУ күчтөрүнөн жардам сурап, демонстрацияларды күч менен бастырды. Нааразылык акциялары бастырылгандан кийин Токаев өкмөтү демонстрациялардан “исламий террорчулардын” изин издей баштады. Күч түзүмдөрү сакал коюп, намаз окуган карапайым жарандардын үйлөрүнө бастырып кирип, курал-жарак жана ок-дарыларды таштап коюу менен аларды ак жеринен камай башташты. Расмий өкмөт бул иште “Таблиг” жамаатын айыптоо кампаниясын алып барууда. Мындан тышкары, учурдан пайдаланган Токаев Назарбаевди саясаттан биротоло четтетүүгө жана бардык бийликти өз колуна топтоого аракет кылууда. Демонстрациялардын артынан Назарбаевдин туугандары мамлекеттик ири компаниялардагы, мамлекеттик органдардагы жана өкмөткө тиешелүү уюмдардагы ээлеген кызматтарынан бошотулушу, Назарбаев кадрларынын камакка алынышы жана кызматтан четтетилиши казак элитасында кызуу күрөш жүрүп жатканына ишара кылат.
Акылы ордунда болгон адамга Токаевдин “террорчулар” жөнүндө айтканы акыйкатка туура келбей турган жомок экендиги ачык-айкын көрүнүп турса да, Казакстанга кошуна республикалар, анын ичинде, Кыргызстан да учурдан пайдаланып, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн ого бетер күчөткөнү турат. Кыргызстанда коомдук талкууга коюлган “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөш” жөнүндөгү мыйзам да тез арада тастыкталары жана мунун артынан Ислам динине каршы күрөш жаңы баскычка чыгары күтүлүүдө. Расмий өкмөттөр “жаңы коркунуч жана чакырыктар” дегенде Ислам дини менен мусулмандарды гана назарда тутушат. Расмий өкмөттөр Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан күрөштөрү аркылуу бийлигин бекемдеп алууга аракет кылышат.
Абдурахман Адилов