Пайгамбар  эмне үчүн Курайштан жардам сураган эмес?

302
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Пайгамбар A эмне үчүн Курайштан жардам сураган эмес?

Суроо:

Бир суроону тактоо үчүн: Пайгамбар A Курайштан жардам сурабагандыгынын себеби алар нусрат ээлери болушпагандыгыбы же алар Исламды четке кагышкандыгыбы? Мекке жетекчилерин айтып жатам. Андай болсо, Йасрибдин жетекчилери Исламды кабыл ала электен мурда жана нусрат бере электе эле Расулуллах Ясриб калкынан жардам сурады беле? Түшүндүрүп бериңизчи? Аллах ыраазы болсун сизден.

Жооб:

Меккедеги Курайштан жардам сурабоо маселеси төмөнкүчө:

Пайгамбарыбыз A жахилиятты Исламга өзгөртүүгө кудурети жеткен күчтүү адамдарды Исламга чакырчу. Алгач аларды Исламга чакырган… Эгер алар Исламды кабыл алып, жооп беришсе, андан кийин алардан нусрат талап кылган… Меккедеги өзгөртүүгө күчү жеткен Курайштын башчылары Исламды кабыл алышкан жок. Ошол себептен Пайгамбар алардан жардам сураган эмес. Тескерисинче, Расулуллах A Меккеде Исламга чакырууга чектелген. Анткени алардын арасындагы бийлик ээлери Исламга жооп бербегендиктен, алардан жардам сураган эмес…

Төмөндө мен сизге анын кандай болгонун сиродон айтып берем:

Биринчиси: Ибн Хишамдын сиросу:

Пайгамбар Aдын коому ага өтө каршы турушту, алардын бир аз гана алсызыраактары ыйман келтиришти. Пайгамбар A ажылык мезгилинде сырттан келген араб урууларына өзүн колдоону сунуштаган. Аларды Аллахка чакырып, жиберилген Пайгамбар экенин айтып, ага ыйман келтирүүнү жана Аллах  берген рисаалатты жеткирүү жолунда аны коргоону сураган…

Ибн Исхак айтты: Хусейн бин Абдуллах бин Убайдиллах бин Аббас мага айтты: Ал айтты: Мен атамдын Рабиа бин Аббадга айтып жатканын уктум, ал айтты: “Мен жаш баламын, атам менен бирге Минада элек, Аллахтын Элчиси A араб урууларынын үстү жагында туруп айтты: “Эй баланча уулдары, мен силерге Аллахтын элчисимин жана Ал силерди Аллахка ибадат кылууңарды жана ага эч нерсени шерик кылбооңорду буюрду. Андан башкага сыйынган нерселериңерди таштагыла жана мага ыйман келтиргиле. Аллах мага берген рисаалатын жеткирүү жолунда мени коргогула”…”.

2-Ибн Исхак айтты: Аз-Зухри мага айтты: Пайгамбар A Бану Амир бин Саъсаага келип, аларды Улуу Аллахка чакырып өзүн коргоону аларга сунуштады. Алардын ичинен Байхарата бин Фирас мындай деди: (Ибн Хишам айтты: Фирас бин Абдулла бин Салама (Аль-Хайр) бин Кушайр бин Кааб бин Рабиа бин Аамир бин Саъсаага деди) “Кудайга касам, эгер мен бул жигитти Курайштан алсам, аны менен арабдарды жемекмин”. Анан айтты: «Сенин ишиң үчүн сага байъат кылганыбыздан кийин Аллах сени сага каршы чыккандардын үстүнөн жеңишке жеткирсе, сенден кийин ишти биз чечебизби?”. “Ишти каалаган жерине коюу Аллахтан көз каранды”, – деди Пайгамбар A. Ал айтты: “Сен өзүңсүз бизди арабтарга таштап койгону жатасыңбы? Эгер Аллах  сени жеңишке жеткиргенден кийин иш бизден башка бирөө үчүн болсо, анда сенин ишиңе биз муктаж эмеспиз”.

3-Ибн Исхак айтты: Пайгамбар A ар дайым ар бир ажылык мезгилинде сырттан келген араб урууларын Исламга чакырып, Аллахтын рисаалатын жеткирүү жолунда өзүн коргоого алууну аларга сунуштаган. Пайгамбар A Меккеге сырттан кадыр барктуу араб келгенин угар замат ага барып аны Исламга чакырган.

Көрүнүп тургандай, Пайгамбар A эгер анын өтүнүчү кабыл алынса, эң биринчи Исламга күч-кубаты бар адамдарды чакырчу.

Экинчиси: Ибн Касирдин сиросунан:

1- …Ал мындай деди: Анан биз бейпил жана кадырлуу жыйынга келдик, ал жыйындын катышуучулары кадыр-барктуу адамдар экен. Абу Бакр алдыга чыгып салам айтты. Али мындай деди: “Азирети Абу Бакр бардык жакшылыкта алдыда болчу”. Абу Бакр аларга: “Кайсы коомдонсуңар?”, – деди. Алар: “Бани Шайбан бин Саълабаданбыз”, – дешти. Абу Бакр Алланын Элчисине кайрылып: “Атам, апам сага садага болсун, булар өз коомунун кадыр барктуулары”, – деди. Жыйында отургандардын арасында Мафрук бин Амр, Хани бин Кубайса, Аль-Мусанна бин Хариса жана Нуъман бин Шарик бар эле. Алардын ичинен  Абу Бакрга эң жакыны Мафрук бин Амр болчу. Мафрук бин Амр алардын кызыл тилдүүсү жана көкүрөккө түшкөн эки бел чачы бар эле. Жыйында Абу Бакрга жакыныраак отурган. Абу Бакр ага: «Силердин саныңар канча?”, – деди. Ал ага мындай деди: “Миңден ашабыз, миңди эч качан азчылык менен жеңе албайсың”. Абу Бакр ага: «Силерде кандай коргоо бар?”, – деди. Ал мындай деди: “Биз аракет кылышыбыз керек, ар бир эл үчүн олуттуулук керек”. Абу Бакр ага: “Силер менен душманыңардын ортосундагы согуш кандай?”, – болот деди. Мафрук айтты: “Биз көбүнчө ачууланганда кез келебиз. Биз аттарды балдардан, куралды эмдөөдөн артык көрөбүз. Нусрат Аллахтан. Кээде биз, кээде алар үстөм болушат…”.

“Балким сен Курайштын бир тууганысың?”. Абу Бакр айтты: «Аллахтын элчиси экени жөнүндө кабар силерге жеткен болсо, анда ал ошол”. Мафрук мындай деди: “Ал тууралуу бизде айтылып жүрөт”. Анан ал Алланын Элчисине кайрылып: “Эй, Курайштын бир тууганы, сен эмнеге чакырасың?”, – деди. Ошондо Аллахтын Элчиси A алдыга чыгып отурду, Абу Бакр аны кийими менен көлөкөлөө үчүн ордунан турду. Пайгамбар A айтты: “Мен силерди Аллахтан башка илах жок, шериги жок жалгыз, жана мен Аллахтын элчиси экениме күбөлүк берүүгө чакырам. Аллах мага буйруган рисаалатын жеткирүү жолунда мени коргоп колдоп-кубаттоого чакырам. Курайштар Аллахтын буйругуна каршы чыгып, Анын элчисин жалганга чыгарышты. Акыйкатка караганда батылды жактырышты, Аллах муктаж эмес жана мактоого татыктуу”. Ал ага: “Эй, Курайштын бир тууганы, сен дагы эмнеге чакырасың?”, – деди. Андан кийин Алланын Элчиси A бул аятты окуду:

﴿قل تعالوا أتل ما حرم ربكم عليكم: ألا تشركوا به شيئا وبالوالدين إحسانا

“Айткын: “Келгиле, Роббиңер силерге арам кылган нерселерди окуп берейин: Ага бир да нерсени шерик кылбагыла жана ата-энеге жакшылык кылгыла… Такыба болушуңар үчүн силерге осуят кылды                                                                                                                   [6:151-153]

Мафрук: “Эй, Курайштын бир тууганы, сен дагы эмнеге чакырасың?” Кудайга ант болсун, бул жер жүзүндөгү адамдардын сөзүнөн эмес, эгер алардын сөзүнөн болсо, биз аны билмекбиз”, -деди.

Андан кийин Алланын Элчиси A бул аятты окуду:

﴿إن الله يأمر بالعدل والإحسان وإيتاء ذى القربى وينهى عن الفحشاء والمنكر والبغى، يعظكم لعلكم تذكرون

“Аллах адилеттүүлүктү, жакшылыкты, тууган-туушканга кайрымдуулук кылууну буйруйт. Бузукулуктан, мункардан (кайтарылган иштерден) жана зулумдуктан тыйат, эсиңерде болсун деп насаат кылат”                                                                                                             [16:90]

Мафрук айтты: «Аллахка ант болсун, эй Курайштын бир тууганы, сен жакшы ахлакка жана жакшы иштерге чакырдың. Сени жалганчыга чыгарган жана сага каршы күрөшкөн коом  жалган айтышыптыр”, – деди.

Ал өз сөзүн Хани бин Кубайса менен бөлүшкүсү келгенсип, мындай деди: “Бул болсо биздин шейхибиз жана дин билгибиз Хани бин Кубайса”. Хани ага мындай деди: “Оо, Курайштын бир тууганы, сенин айткандарыңды угуп ага ынандым. Cен биз менен бирге отурган башталышы да, аягы да жок сыяктанган жыйында, биз сенин маселеңди жана сен чакырып жаткан нерсенин кесепеттерин ойлонбостон биз динибизди, комубузду таштап, сенин диниң боюнча ээрчисек, бул пикирдин, акыл-эстин тайкылыгы жана натыйжага көңүл бурбаган, шашкалактык деп ойломун. Артыбызда алардын зыянына келишим түзүүнү жек көргөн адамдар бар. Бирок, сен да кайт, биз да кайталы, кийин сен да ойлонуп көр, биз да ойлонуп көрөлү”. Ал Мусанна бин Харисаны сөзгө аралаштыргысы келип мындай деди: “Бул Мусанна биздин шейхибиз жана аскер башчыбыз”. Мусанна айтты: “Эй Курайштын бир тууганы, мен сенин айткандарыңды уктум жана сөзүңдү бааладым. Айткандарың мага жакты, жооб Хани бин Кубайсанын жообу. Биз сени менен отурган бул жыйында коомубузду жана динибизди таштай турган болсок, биз эки түркүк ортосундабыз. Анын бири – ямама, экинчиси – самава”. Пайгамбар A айтты: “Ал кайсы эки түркүк?”. Ал айтты: “Анын бирине келсек, бул жердин төгүлгөн жери (Ирактын чет жакалары)  жана арабдардын жери, экинчиси болсо Персия жери жана Хосров дарыялары. Биз биз жаныча бир иш кылбаганга жана жаңычылды колдоп-кубаттабоого Кисро менен келишим кылганбыз. Балким, сен бизди чакырып жаткан бул маселе падышалар жек көргөн нерседир. Арабдар жаатында болгон нерсеге келсек, анын ээсинин күнөөсү кечирилет жана шылтоосу кабыл болот. Ал эми, Персия жаатына келсек, анын ээсинин күнөөлөрү кечирилбейт, шылтоосу да кабыл алынбайт. (Башкача айтканда, арабдар жаатында сени колдоп, сага жардам бере алабыз. Персия жаатында сага жардам бере албайбыз). Арабдар жаатында сага жардам берип, сени колдоого алууну кааласаң, анда аны кылабыз…”.

Аллахтын Элчиси A айтты: “Силер акыйкатты айтуу менен жаман жооп берген жоксуңар. Аллахтын динине аны бардык жагынан камтыгандар гана колдоо көрсөтүп жардам бере алат…”.

2- Али G айтты: “Андан кийин бизди Авс жана Хазраж жамааты отурган жыйынга багыташты жана алар Пайгамбарга A байъат бергенге чейин оордубуздан турбадык”. Али G айтты: “Алар чынчыл жана сабырдуу болушкан, Аллахтын Элчиси A Абу Бакр G алардын санжырасы тууралуу билгендигине кубанды”. Ал айтты: “Аллахтын ЭлчисиA аз гана убакыттан кийин сахабаларынын алдына чыгып, аларга мындай деди: “Аллахка чексиз мактоолорду айткыла, анткени бүгүн Рабииъанын уулдары Персия элин жеңип, падышаларын өлтүрүштү, аскерлерин басышты, мени менен жеңишке жетишти”.

Ал айтты: “Бул окуя Зикардын жанындагы Каракар деген жерде болгон…”. Бул абдан гариб хадис..

Бул хадисте Пайгамбарлыктын далили, адеп-ахлактын жакшылыгы, асыл сапаттары жана арабдардын чечендиги орун алгандыгы үчүн жаздык. Бул башка жол менен да риваят кылынган. Анда алар Евфрат дарыясына жакын жердеги Каракарда Персия менен согушуп, аларды жеңишкен. Алар өздөрүнүн байрагына Мухаммад Aдын ысымын жазышкан жана Персиянын үстүнөн жеңишке жетишишкен. Кийин Исламды кабыл алышты.

Имам Мухаммад бин Умар аль-Вакиди урууларды бир-бирден изилдеп чыгып, Пайгамбар A Аллах берген рисаалатты жеткирүү жолунда коргоо жана нусрат талаб кылган араб урууларын бирден тизмектеген. Бани Аамир, Гассан жана Бани Фазара, Бани Мурра, Бани Ханифа, Бани Салим, Бани Абс жана Бани Надр Ибн Хавазин, Бани Саълаба бин Акаба, Кинда жана Калб, Бани аль-Харис бин Кааб, Бани Узра, Кайс бин Аль-Хатим жана башкалар. Бул тууралуу кабарлар абдан көп. Биз андан артыкчылыктуу жактарын айтып өттүк, Аллахка мактоолор болсун. Имам Ахмад мындай дейт: “Асвад бин Аамир бизге айтты, Исраил бизге Усмандан, башкача айтканда Ибн Аль-Мугиранын, Саалим бин Аби Аль-Жааъд, Жаабир бин Абдуллахтын риваяты боюнча айтты. ПайгамбарA Арафада элге чыгып: «Курайш Улуу Раббимдин сөздөрүн жеткирүүдөн мени тосуп жатат, (динди жеткирүү үчүн) мени элине алып бара турган адам барбы?”, – деди”.

Мунун баарынан көрүнүп тургандай, Расулуллах A Исламга чакыруудан мурда эч кимден нусрат талаб кылган эмес. Эгер, Исламга жооп бербесе, андан жардам сураган эмес. Курайштын башчылары Исламга жооп бербегендиктен, Расулуллах алардан жардам сураган эмес.

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рошта                                         26-жумаадил уула, 1443-х.

30-декабрь, 2021-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here