Кыргызстан бийлиги «экстремизм» шылтоосу артында Исламга каршы күрөшүн дагы да күчөтмөкчү болууда
2021-жылы Кыргызстанда жаңы конституция кабыл алынган. Ошондон бери мыйзамдарды жаңы конституцияга шайкеш келтирүү иштери жүрүп келет. Анын алкагында, Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгып, долбоор 29-декабрдан 28-январга чейин коомдук талкууга коюлду.
Белгилүү болгондой, империалист кафирлер өздөрүнүн Исламга каршы күрөшүн “экстремизм” менен чүмбөттөп келишет. Исламий өлкөлөрдө болсо кафирлердин мындай арамзалыктарын алардын малайлары ушундай мыйзамдарды кабыл алуу жана колдонуу менен ишке ашырып беришет. Жогоруда аталган мыйзам долбоорунун текстинен да биздин бийлик кафир кожоюндарына жагалдануу менен ушул мыйзамды кабыл алганы жатканы айкын көрүнүп турат.
Мисалы, мыйзам долбоорунда мындай тексттер кездешет:
1-берене. Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүүнүн укуктук негиздери
Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүнүн укуктук негизи болуп …эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле …эл аралык келишимдер саналат.
5-берене. Экстремизмге каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык кызматташтык
…Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары …Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенишет.
Маалым болгондой, “эл аралык укук”, “эл аралык уюмдар” жана “эл аралык келишимдер” империалист кафирлердин биздин өлкөлөр мойнуна салган укуруктары экендиги эч кимге сыр эмес.
Ооба, Исламга каршы күрөшүүчү мындай мыйзам Кыргызстанда алгачкы жолу кабыл алынып жаткан жок. Болгону, бул мыйзам долбоору өзүнөн мурунку мыйзамдардын “өркүндөтүлгөн” уландысы гана. Азыркы мыйзам долбоорунун мурункулардан айырмаланган өзгөчөлүктөрүн төмөнкү 3 нуктада көрсөтүп өтүүгө болот.
- Азыркы Кыргызстан бийлиги бул мыйзам долбоорун Шанхай кызматташтык уюмунун “Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясы”на ылайык келтирип жатышат. Бул дегени “Экстремизмге каршы күрөштө кафир кожоюндардын ичинен Россия жана Кытайга ээрчийбиз” деген маанини түшүндүрөт. Б.а. Исламга жана мусулмандарга каршы күрөштө Россия менен Кытайдын катаал чараларын көчүрүп алып, ал аркылуу бул кафир кожоюндарына жагынганы жатышат.
- Бийликтин “светтик” оппоненттерине карата да “экстремизм” тамгасы басылышы. Анткени, Шанхай уюму тарабынан экстремизмге берилген аныктама буга жол берет. Ушундан улам да, 2 жылдан бери батышчылдар тарабынан Бишкекте эл аралык эксперттердин катышуусунда “Экстремизмге каршы күрөшүүнүн шартында адам укуктарын сактоо” деген тегерек стол өтүп келүүдө. Муну менен, батышчыл оппозиционерлер өздөрүн экстремизм менен айыпталып калуудан коргомокчу болушууда. Бирок, эгер мыйзам ишке түшсө, батышчылдардын бул аракетинен майнап чыкпайт. Анткени, мыйзам ишке ашпай туруп, айрым оппозиционерлер азыр эле экстремизм менен айыптала башташты. Ушул орунда эскерте кетсек, бир кездерде калыс мусулмандар экстремизм менен айыпталып, оор жазаларга кириптер болуп жатышканда, бул “светскийлкр” кол чаап кубанып олтурушкан. Мына эми таяктын экинчи учу өздөрүнүн башына да келип тие турган болуп турат.
- Буга чейин эле Кыргызстанда 21 диний уюмдарга тыюу салынып, алардын мүчөлөрүнө карата ар кандай жазалар колдонулуп келет. Эми бул мыйзам мурун ишмердигине тыюу салынбаган “умеренный исламчыларды” бутага алууну көздөйт. Себеби, Ички иштер министрлигинин баяндамасында мындай делет: “Кыргызстанда диний уюмдардын жана айрым жарандардын деструктивдүү ишмердиги кайрымдуулук, билим берүү же башка социалдык маанидеги акцияларга жамынуу менен жүзөгө ашырылып жатат. Алардын аракети белгилүү этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөгөнү менен айрым жарандардын, коомдун, бүтүндөй мамлекеттин жашоо-турмушуна коркунуч туудурат”. Бул маани – кези келгенде – эми мындан ары салафизм кайрымдуулук фонддору жана таблигчилер бул жакта турсун, ал тургай, гуленжилерге тыюу салынышын айгинелеп турат. Негизи, мындай аракеттер мыйзам кабыл алынганга чейин башталган. Өткөн парламенттик шайлоодо талапкерлердин диний сөздөрдү колдонушуна тыюу салынды. Өздөрүн “умеренный исламдын” өкүлдөрү кылып көрсөтүшкөн талапкерлер Исламга тиешелүү бир да сөз айта албастан шайлоого катышышты. (Ушул тыю үчүн эле ооздорун жаап алышты, парламентке келгенден кийинки тыюулар каршысында динге кандай кызмат кылышмак эле…) Булардын каршысында, Исламды батыш философиясынан келип чыгып талкуулай турган “даъватчыларга” жолдор ачып берилүүдө. Мисалы, кече эле алардын айрымдарынын “жаңы жылды тосуу жайиз эле эмес, важиб” деген пикирлери жайылтылды.
Бул мыйзам долбоорундагы негизги нукталар мына ушулар. Мындан Кыргызстан бийлигинин динибизге каршы күрөштү күчөтүүнү көздөгөнү көрүнүп турат. О.э. жаңы кабыл алынган диний концепциядан да, “экстремизм” жаатындагы жаңыртылган жаза кодекстеринен да ушул максат ачыкка чыгууда.
Бирок, булардын баары – Аллахтын рухсаты менен – жокко чыгат, иншАллах. Анткени, дүйнөдө жана региондо болуп жаткандай, алардын уландысы катары Кыргызстандагы идеологиялык жана саясий боштук да улам тереңдеп барууда. Буюрса, бул идеологиялык боштукту Ислам, саясий боштукту саясий аң-сезимдүү мусулмандар толтурушат. Колонизатор кафирлер менен алардын малайларынын куулук-шумдуктары бүтүндөй таш кабат.
Аллах Таала айтат:
وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ
– «Алар айла кылышат, Алла да «айла» кылат. Алла «айлакерирээк». [8:30]
Кыргызстандагы Хизб-ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү