Америка Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Ирандан «мокочо» катары пайдаланууда

188
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштө Ирандан «мокочо» катары пайдаланууда

 Доктор Усман Баххаш

Британиянын «Гардиан» гезити 2008-жылы 25-сентябрда кабарлашынча, АКШ президенти Жорж Буш 2008-жылы 14-майда яхудий вужудуна сапарында премьер-министр Эхуд Ольмерттин коргоо министри Эхуд Барак менен жолугушуу талабын четке каккан. Буш аны кабыл алууну каалабай: «Мен анын эмне каалап жатканын билем, менден Ирандын ядролук объектилерине сокку берүүгө макул болушумду каалап жатат, сен менин жообумду билесиң – жок!», – деп айткан. Ошондо Ольмерт жолугушууну суранып туруп алганда, Буш аны кабыл алууга макул болот. Эхуд Барак Буш менен жолугушуп, ага Ирандын ядролук объектилерине сокку берүү зарылдыгынын себептерин, бул соккулар анын ядролук долбоорун жокко чыгара албаса да, бир нече жылдарга артка сүрүшүн түшүндүрүүгө урунган. Бирок, Буш ачууланып, анын сөздөрүн бөлүп: «Мен сага жок жана жок дегем, эмнеге түшүнбөйсүң, мен Ак үйдө турган соң, Иран объектилерине чабуул кылынбайт», – дейт.

2009-жылы Збигнев Бжезинский яхудийлердин Иранга чабуул кылышынын ыктымалы жөнүндө билдирүү берип: «Ирактагы америкалык кошуундар (израилдин) Иранга жасай турган чабуулдарына каршы турушу зарыл», – деген.

Ирандын ядролук программасы туурасында америкалык жетекчилердин бул жана башка позицияларын дыкат үйрөнсөк, бул жерде «мышык-чычкан» оюуну жүрүп жатканын ачык көрүүгө болот. Бул оюнда негизинен бир тараптан Ирандын ядролук куралга ээ болушуна таптакыр жол бербөө туурасында убадалар берилип, ага басымдар болуп жаткан болсо, экинчи тараптан, Иран ядролук объектилерине таптакыр сокку бербөө жөнүндө яхудийлердин жетекчилерине тынымсыз басымдар болууда. О.э. Америка Ирандын ядролук куралга ээ болушуна эч качан жол бербейт, муну менен бирге, яхудий вужудунун коопсуздугун кепилдейт деп яхудийлердин көңүлү кадыржам кылынууда. Ушул максатта президент Обама 2015-жылы Иран менен ядролук келишим түздү. Ошол эле учурда, Америка Иранга Сирияда таасирин кеңейтүү жана Башар режимин кулоодон коргоо үчүн эрк берди.

2015-жылдагы келишимде уранды 3.67 пайыз чекте байытуу көрсөтүлүп, байытылган урандын уруксат берилген өлчөмү белгиленген. О.э. Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигинин туруктуу көзөмөлү астында биринчи муун центрифугаларынын саны да белгиленген. Мунун акысына, АКШ тарабынан Иранга колдонулган санкцияларды бекер кылуу жана Иран менен соода жана банк мамилелерине эшик ачуу айтылган. Бирок, Трамп 2017-жылы 17-июлда отчётунда: «Иран 2015-жылдагы келишимди аткарууда», – деп айтты, ал эми, 2017-жылы 13-октябрда бул чечиминен кайтып «Иран келишимдин шарттарын бузганын» билдирди жана муну менен 2018-жылы 8-майда АКШнын келишимден бүтүндөй чыгуу чечимине чөйрө даярдады. Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигинин отчёттору Иран келишимдин шарттарын толук-так аткарганын этибарга албады.

Иран Франция, Британия, Германия жана Кытай сыяктуу келишимге кол койгон тараптардан келишимдин шарттары аткарылышын камсыздоону көп ирет суранды. Бирок, алар Европа компанияларына Иран менен мамиле кылуу эркиндигин камсыздоо жана аларды АКШ санкцияларынан коргоо үчүн айрым демилгелерди көтөрүшкөн болсо да, АКШнын санкцияларына каршы чыга алышпады. Себеби, Иран базары канчалык «кооз» болбосун, эч бир компания бул санкциялардын каарына калууга жана АКШ базарынан куру калууга даяр эмес.

Америка келишимден чыгып кеткенден бир жыл өтүп, Иран 2015-жылдагы келишимдин кээ бир милдеттенмелерин аткаруудан моюн толгой баштады жана центрифугалардын сапатын күчөтүү, алардан күчтүү болгон экинчи, төртүнчү жана алтынчы муундарды иштеп чыгуу үчүн бир нече кадамдар таштады. Ушул аркылуу Иран уранды байытуу даражасын 2019-жылы июль айында 4.5 пайызга, кийин 2021-жылдын башында 20 пайызга көбөйтүүгө жетишти. Ар ирет ирандык расмийлер, эгер АКШ 2015-жылдагы келишимдин пункттарына кайра баш ийсе, Иран да кайра баш ийери туурасында билдирүү берип келишти. Туура, яхудий жетекчилери Иран ядролук программасына катуу сокку берүү, ал тургай, айрым саботаждарга баруу, Иран ядролук программасынын төрагасы Мухсин Фахрийзаданын өмүрүнө кол салып кыжырдангандыгы менен өзгөчөлөнүп турушса да, бирок, бул кыжырдануунун чеги болуп, Иранды өз программасын өнүктүрүүдө ылдам кадам таштоодон кайтара албады.

Ушулардан көрүнүп тургандай, Америка 2002-жылдын башында да, андан кийинки жылдары да Ирандын ядролук программасын токтотуу үчүн күчтүү позицияны ээлеген жок.

Бүгүнкү күндө Венадагы сүйлөшүүлөрдүн акыркы раунду өтүп жатканда бүткүл дүйнө бул сүйлөшүүлөрдөн кандайдыр бир оң натыйжа көрүнөбү же регион жарылуу алдында турган вулкан чөйрөдө жашай береби деген суроолорду беришүүдө.

Биз Вена сүйлөшүүлөрү айсбергден башка нерсе эмес деп айтабыз. Оболу Америка Ирандан жана региондон эмнени каалап жатат, ушуну түшүнүү зарыл. Ал чынында эле Чыгыш Сувайшта тынчтык, туруктуулук жана коопсуздукту сактоого аракет кылып жатабы, арийне, Иран менен болгон мындай талашка жана Иран менен яхудийлердин ортосундагы чыр-чатакка чекит коюуга урунуп жатабы?

Белгилүү болгондой, Иран жетекчилеринин региондо өз мамлекетинин таасирин кеңейтүү каалоосу күчтүү. Алар Американын колдоосу астында мамлекеттин төрт борборун өз көзөмөлүнө алгандан кийин, бүгүн бешинчи жана алтынчысын да колго алууга умтулушууда. Арийне, алар Америка менен түздөн-түз күрөшкө киришүүдөн же анын кызыкчылыктарына коркунуч туудуруудан бүтүндөй алыс. Куддуска кирүү урааны да мунафыктык жана адаштыруудан башка нерсе эмес. Яхудий жетекчилери да ушундай. Американын каарына каршы чыга алышпайт. Алар АКШнын төрт администрациясы (Жорж Буш, Барак Обама, Дональд Трамп жана Жо Байден) тарабынан коюлуп келген ветого моюн сунарын иш жүзүндө көрсөтүштү. Демек, эч бир тарап Американын каарын келтирүүгө батына албайт. Ко-ош, анда Америка эмнеге умтулууда?

Ушул айсбергдин бир бөлүгүн сүрөттөп берүү үчүн оболу ушуга этибар беришибиз зарыл: бүгүн мусулман режимдери яхудийлер менен мамиле кылуу жана Мароккодон тартып Фарс булуңуна чейинки режимдер яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштыруу деген кыянаттык поездин жолго түшүрүшкөн. Ошол эле учурда, мусулман башчылары региондо Исламдын акыйдавий түшүнүгүн «ылайыкташтырууга» багытталган жаңы ибрахимий динди зордоп тыгыштырууда. О.э. адашууга баштаган түшүнүктөрдү да таалим программаларыбызга киргизишүүдө. Бул түшүнүктөр жихад кылуу, муртаддарды жазалоо о.э. гомосексуалдарды жана алардын тобунан болгондорго жаза колдонуу сыяктуу фарздарды таалим программасынан алып салууга чакырат. Муну менен бирге, бул адашкан түшүнүктөрдө борборлордогу яхудийлерди алкыштап, түрдүү ураандар астында аларды экономикалык жана маданий иш-чараларга кошуу талап кылынган. Мисалы, жакында Сириядагы азат кылынган аймактарда Расулуллах ﷺдын сүрөтү тартылган окуу китептери таратылганы жана Сирия Демократиялык күчтөрүнүн көзөмөлүндөгү аймактарда Ислам өкүмдөрүн акаарат кылган, айрыкча, жихад өкүмдөрү кастыкты козуткан, экстремизм жана терроризмге үгүттөгөн өкүмдөр деп көрсөтүлгөн ибрахимий диндин түшүнүктөрү менен сугарылган окуу материалдары, Азхар терроризмге (т.а. экстремисттик уюмдарга) каршы күрөштү кабыл алышы сыяктуу окуялар болду. Мындан тышкары, вахийдин очогоу болгон эки Харам өлкөсүндө ачыктан-ачык батышташтыруу, илманийлештирүү, Аллахтын шариятын тануу жана залимдердин мыйзамына ыраазы болууну кабыл албаган ар кандай адамды камоо сыяктуу кампаниялар жүрүүдө.

Демек, чамасы, Америка региондо Иранды «мокочо» кылып көрсөтүү саясатын сактап турууга муктаж жана Иран иблисине каршы туруу урааны астында абалды дагы да курчутат. Бул «мокочого» каршы туруу шылтоосу астында яхудийлер менен саткынчыл алака кылуу жана Исламга каршы күрөшүү поезди тездик менен бара жатат. Ал жер, бул жерде маал-маалы менен абалды курчутуп, регион калкы арасында душмандык отуна май чачылууда. Бир тараптан мусулман башчылары Исламга каршы күрөш, арам канды төгүү, бузукулук жана мункар иштерди кеңири жаюу, Аллахтын калимасын бийик кылууга аракет кылып жаткандарды бастыруу менен Американын достугуна татыктуу болуу үчүн өз ара жарышууда.

﴿وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللهُ وَاللهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾

«Алар айла-амал кылышат, Аллах да «айла-амал» кылат, Аллах «айлакерирээк»»            [8:30]

 Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here