Кыргызстандык ырчы Казакстандагы башаламандыкка айыпталып кармалды

281
0

Кыргызстандык ырчы Казакстандагы башаламандыкка айыпталып кармалды

9-январда Казакстандын “Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы” башаламандыкка катышы бар деп кармалган кыргызстандык жарандын видеосун таратты. Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге алып барганын айткан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги видеодогу адам Викрам Рузахунов аттуу музыкант экенин, концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылганын билдирди. Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынган жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткен.

         9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкантка байланыштуу өтүп жаткан акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды. Ал Рузахунов террорчу эмес экенин, эч кандай башаламандыктарга катышпаганын айтты. Ташиев Кыргызстанда террорчулар жок деп жоопкеричилик менен айта алаарын кошумчалады.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев учурда эки мамлекеттин Тышкы жана Ички иштер министрликтери тарабынан Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

Белгилүү болгондой, Казакстанда 2-январда башталган нааразылык акциялардын артынан өлкөгө ЖККУнун 3000 чамалуу аскери Токаевдин чакыруусу менен киргизилген. Натыйжада, нааразылыкка чыккандарга ок атылып, 200гө чукул адам жок кылынганы жана алты миңдей адам террордук аракетке айыпталып кармалганы расмий айтылды.

Буга чейин казак президенти өлкөдө 20 миң куралданган террордук топ менен күрөш жүрүп жатканын айткан. Мунун артынан эле айрым сакалчан адамдардын тобу кармала баштаган.

А бирок, жогорудан маалым болгондой, өлкө бийлиги өзүнүн кылмыштуу аракеттерин жашыруу үчүн жалган айыптар менен карапайым калкты бутага алууда. Ал жетишпегендей, коңшу өлкөлөрдөн барган жарандар куру доомат менен кармалууда. Ошондой эле, Орусиянын адатына айланып калган мусулмандарды террозимге айыптап, аймакта Исламга каршы күрөштү күчөтүү аракети байкалууда.

Казак бийлиги коркунуч келгенде ар дайым Орусия сактап калат деп ойлоп жатса катуу адашат. Анткени, Орусия өзүнө ылайыксыз малай акимдерди кырдаал талап кылса башкасына алмаштырып кое берет. Буга биз Кыргызстандагы төңкөрүштөрдө, а түгүл, Атамбаев-Жээнбеков күрөшүндө да күбө болдук.

Демек, Борбор Азия калкы аймактагы зулумдуктар Орусиянын жетекчилиги астында жасаларын сезиши керек. Ошондой эле, калктын кызыкчылыгы алар ишке ашырып жаткан капиталисттик системада эч качан корголбошун түшүнүүбүз зарыл. Мындай кордуктан кутулуунун жападан жалгыз жолу Исламды мабда катары жашоого алып келүүдө! Ислам гана биздин аймакка тумшугун салып алган колонизаторлорду ийинине кууп кирүүчү кудуретке ээ!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here