Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин премьер-министрге кат жолдоду

228
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестин премьерминистрге кат жолдоду

2021-жылы 13-декабрь күнү Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндин делегациясы Фалестин администрациясынын министрлигине барып, премьер-министр Мухаммад Штайехтин атына кат тапшырды.

Катта эки мугалим: Хусайн Абу Хаж жана Анис Хамамира окуучуларга Ислам Умматынын биримдиги туурасында о.э. Расулуллах ﷺдын байрагы менен колонизатордук байрактарынын ортосундагы айырма жөнүндө билим беришкени үчүн Фалестин администрациясынын коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Катта ушулар баса белгиленди: «Мындай репрессиячыл чараларды Исламга жана Расулуллах ﷺдын байрагына каршы күрөшүү жана Ислам душмандарына кызмат кылуу деп гана түшүнүү мүмкүн. Яхудий вужудун жана Батыш мамлекеттерин коркутуп жаткан нерсе – Ислам Умматынын биригиши жана Ислам башкаруусунун тикелениши. Ошондуктан, яхудийлер жана Ислам душмандары биригүүгө, Аллах жолунда жихад кылууга жана Ислам менен өкүм жүргүзүүгө байланыштуу ар бир нерсени мусулман балдардын сабак китептеринен жок кылууга катуу урунушууда».

Хизб катта «Фалестин администрациясы Ислам душмандарынын колундагы куралга айланганын, Ислам душмандары бул администрациядан өлкө калкын бузууда, балдарды, жаштарды жана үй-бүлөлөрдү туура жолдон адаштырууда пайдаланып жатканын» маалымдады. Катта «Фалестиндин улуттук белгилери», аларды кимдер тартканы жана кимдер иштеп чыкканы туурасында түздөн-түз Штайехке суроолор берилди.

Хизб Штайехке минтип кайрылды: «Аллах Тааланын каарын эсепке албай жатасыңарбы?! Бир күн келип Уммат бул зулумуңарга каршы козголушун ойлобой жатасыңарбы?! Силер яхудий вужудуна жана Батыш мамлекеттерине көз каранды болуп, алардын Фалестин калкын ойрон кылуучу саясаттарын аткаруу менен эмне пайда табасыңар?! Америка силерди Аллах Тааланын ачуусунан жана азабынан куткарабы?! Силердин кылмышыңардан жана коррупцияңардан тажаган мусулмандар силерди коргошобу?! Кимге таянып жатасыңар?! Ыктымал момундардан кутулуп калаарсыңар, бирок, Аллах Тааланын өч алуусунан силерди ким куткарат?!».

﴿وَاللهُ أَشَدُّ بَأْسًا وَأَشَدُّ ‌تَنْكِيلاً﴾

«Аллах кубаттуу, азабы катуу»                                                                                   [4:84]

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here