Даъватты жеткирүүдө тилдин мааниси

204
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Даъватты жеткирүүдө тилдин мааниси

Исламий жашоону кайрадан баштоо үчүн аракет кылып жаткан, даъват жүгүн көтөрүүчү адам – бул чындап эле өзүн жетекчилик борборуна койгон, Үммөттү жетектеймин деген адам. Мына ушундай жетекчи Үммөттү жетектөөдө ийгиликке жетишүүсү үчүн ал кайрат, катъият жана илим сыпаттары менен сыпатталышы керек. Себеби, эч кандай Үммөт өз жетекчилигин коркок, эрки бош жана жахил адамга берип койбойт.

Ушул үч сыпаттын эң маанилүүсү илим сыпаты. Даъватты жеткирүүчү чакырып жаткан фикратты түшүнүү да, аны жашоого алып келүүгө колдонмокчу болгон тарыйкатты түшүнүү да мына ошол илимден болуп эсептелет. Себеби, фикрат жана тарыйкатты түшүнүү о.э. алардын арасын байлоо даъваттын ийгилигиндеги эң негизги факторлордон болуп саналат. Себеби, амал т.а. даъватты жеткирүү жемиштүү жана натыйжалуу болушу үчүн амалга тиешелүү болгон пикир менен үндөш болушу  о.э. бул амал белгилүү бир гоя үчүн болушу керек.

Ырасында, тил пикирдин идиши, пикирди алуудагы жана аны берүүдөгү негизи васита болгон соң о.э. ал ар дайым маърифат таратуунун, пикирлерди жана хис-туйгуларды билдирүүнүн эң ыңгайлуу жолу болгон соң, албетте пикирде жана даъватты жеткирүүдө тилдин мааниси абдан чоң. Себеби, тилдин милдети жеке адамдын пикир жана маалыматтарды алып, аларды башкаларга да жеткирип бериши менен эле чектелбейт. Балким, ал ошону менен бирге, амалга үндөө үчүн башка инсандардын туйгуларын козгоонун да каражаты болуп эсептелет.

Демек, эгер инсан тилдин тизгинин колго ала билсе, мына ушул тил менен ал өзүнүн мээсинде сакталып жаткан пикир жана райъларды ифадалап берүүгө, жүрөгүндө согуп жаткан туйгуларды таасирдүү жана назик көрүнүштө таърифтеп берүүгө кудуреттүү болот. Мына ушул тил менен инсан өзүнүн түшүнүктөрү башкалардын да түшүнүктөрүнө айланышы үчүн аларды башкаларга жеткирүүгө кудуреттүү болот.

Б   Туура, исламий даъваттын жүгүн көтөргөн инсан өзүнүн Исламга тартиптелген сулуку – исламий жашоо таризи менен жерде аракеттенип жүргөн тирүү Исламга айланып калат. Анын мына ушул сулуку, жашоо таризинин ал жашап жаткан коомдо чоң таасири болот. Бирок, ал өзүнүн пикирлерин жана түшүнүктөрүн инсандарга ачык-айкын жана таасирдүү кылып жеткирүү үчүн лугавий баянга, тил байлыгына муктаж болот. Себеби, жашоо таризинин өзү мындай баян үчүн жетиштүү эмес. Расулуллах с.а.в. жана сахабалар Меккедеги инсандар арасында чыныгы Исламды чагылдырып турар эле. Бирок, ал нерсе Пайгамбарыбыз с.а.в.дын  тил менен даъват кылууну токтотуп коюшуна жетиштүү болбоду. Расулуллах с.а.в. жыйындарга, базарларга барып, жеке адамдар жана жамааттар менен жолугушту. Аллах Таала жиберген динди кабыл алууга жана Аллахтын ордуна сыйынып жатышкан буттарын таштоого даъват кылып, аларга Исламдын акыйкатын айтып берчү. Аллах Таала Өз Расулуна жана бардык даъват жүгүн көтөрүүчүлөргө хытаб кылып мындай деген:

ادْعُ إِلَىٰ سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ ۖ وَجَادِلْهُم بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ

Роббиңдин жолу-динине дааналык-хикмат жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар менен эң көркөм жол менен далилдешип-тартышкын!”[16:125].

Хикмат бул жерде катъий хужжатты түшүндүрөт. Ал – инсандардын акылын канаатандыруучу далилдер менен хытаб кылуу. Ал эми, чырайлуу мавъиза – бул чырайлуу эскертме. Чырайлуу мавъиза тыңдоочу сунушталып жаткан сахих, туура пикирлерди кабыл алышы үчүн жана жаман иштерди четке кагышы, алардан качышы үчүн анын туйгуларын козгоо менен болот. Аллах Таала да төмөндө келген “ан-Набаъ” сүрөсүндө тозоктон сактануу үчүн андан коркутту, бейишке умтулуу үчүн болсо, ага кызыктырды:

إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتْ مِرْصَادًا (21) لِلطَّاغِينَ مَآبًا (22) لَابِثِينَ فِيهَا أَحْقَابًا (23) لَا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرْدًا وَلَا شَرَابًا (24) إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا (25) جَزَاءً وِفَاقًا (26) إِنَّهُمْ كَانُوا لَا يَرْجُونَ حِسَابًا (27) وَكَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كِذَّابًا (28) وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ كِتَابًا (29) فَذُوقُوا فَلَنْ نَزِيدَكُمْ إِلَّا عَذَابًا (30) إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ مَفَازًا (31) حَدَائِقَ وَأَعْنَابًا (32) وَكَوَاعِبَ أَتْرَابًا (33) وَكَأْسًا دِهَاقًا (34) لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا كِذَّابًا (35) جَزَاءً مِنْ رَبِّكَ عَطَاءً حِسَابًا

Албетте чектен ашуучулардын барар жайлары болгон жаханнам (өзүнө кулап түшүп жаткан кафирлерге) көз тутуп-күтүп туруучу болду. Алар ал жайда узак замандарга (т.а. түбөлүккө) калуучулар! Алар ал жайда (жаханнам отунан тыным бере турган) бир да салкын-көлөкөнү жана бир да ичимдикти татышпайт! Жалаң гана кайнак суу менен ириңди (татышат)! (Мына ушул алардын кылмыштарына) жараша жаза! Анткени, алар (Кыямат күнүндөгү) эсеп-китептен үмүтсүз болгон кимселер. Алар биздин аяттарыбызды бүтүндөй жалган дешчү эле! Акыйкатта болсо, Биз бардык нерсени эсеп-китеп кылып жазып койгонбуз! Ошондуктан, (эй кафирлер, биздин азабыбызды) татып көргүлө! Эми Биз силерге жалаң азапты гана көбөйтөбүз! Албетте такыбаа заттар үчүн (бейиште) нажат-кутулуу бар. О.э. бактар жана жүзүмзарлар. (Жаш жана сулуулукта) теңдеш келишимдүү (хур кыз)дар. Жана (шарап менен) толо кеселер бар. Алар ал жайда эч кандай пайдасыз жана жалган сөз угушпайт. (Бул) Роббиң тарабынан (берилген) сыйлык, жетишээрлик жоомарттык”.[78:21-36].

Ал эми, эң чырайлуу нерсе менен мужадала-муназара (талкуу) кылуу кесел пикир, адаштыруучу түшүнүктөргө сокку берүү үчүн, андан соң туура пикирлерди жана сахих түшүнүктөрдү баян кылуу үчүн хикмат жана чырайлуу мавъизага таянган муназара. Демек, муназара батылды талкалоо жана акыйкатты тикелөө үчүн ачыктан-ачык, сылыктанбастан хужжатты хужжат менен сындыруу. Аллах Таала айтат:

فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ

Демек, сен өзүңө буйрулган ишти (т.а. Акыйкат динге даъват кылууну) аткар жана мушриктерден жүз үйүр!”[15:94].

Дагы айтат:

فَأَعْرِضْ عَنْهُمْ وَعِظْهُمْ وَقُل لَّهُمْ فِي أَنفُسِهِمْ قَوْلًا بَلِيغًا

Демек, сен алардан жүз үйрүгүн жана аларга мавъиза кылгын. Аларга өздөрү жөнүндө балагаттуу сөздөрдү сүйлө”.[4:63].

يَا أَيُّهَا الرَّسُولُ بَلِّغْ مَا أُنزِلَ إِلَيْكَ مِن رَّبِّكَ ۖ وَإِن لَّمْ تَفْعَلْ فَمَا بَلَّغْتَ رِسَالَتَهُ

Эй пайгамбар, сага Роббиң тарабынан түшүрүлгөн нерсени жеткиргин. Эгер (бул буйрукка амал) кылбасаң, Анын рисалатын жеткирбеген болосуң”.[5:67].

Уббада ибн Самиттен Расулуллах с.а.в. экинчи акаба байъатында байъат кылган нерсе жөнүндө риваят кылынат;

وعلى أن نقوم او نقول بالحق أينما كنا، لا نخاف في الله لومة لائم

“Кайда болсок да жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон акыйкатты кылууга же аны айтууга байъат бердик”.

Аиша энебиз р.а. дан риваят кылынат:

كان كلام رسول الله ﷺ كلاما فصلا يفهمه كل من يسمعه

“Расулуллах саллаллоху алайхи ва салламдын сөздөрү фаслул хытаб (хак менен батылды ажыратуучу) эле, уккан адам түшүнө турган, даана сөздөр эле”.

Даъватты катъий хужжаттар келтирип, чырайлуу эскертме жана канааттандыруучу талкуулар менен жеткирүү албетте тилге муктаж болот. Себеби, бул иштерди жүзөгө чыгаруу үчүн зарыл болгон бирден-бир  васита бул тил. Тилсиз даъватты жеткирүү мүмкүн эмес.

Даъватты жеткирүүдө тилдин орду жана анын мааниси улуу болгондуктан, Аллах Таала пайгамбарларды өз коомдорунун тилинде жиберди. Аллах айтат:

وَمَا أَرْسَلْنَا مِن رَّسُولٍ إِلَّا بِلِسَانِ قَوْمِهِ لِيُبَيِّنَ لَهُمْ

Биз ар бир пайгамбарды (өкүмдөрүбүздү) баян кылып бериши үчүн өз коомунун тили менен (сүйлөй турган кылып) жибергенбиз”. [14:4].

Аллах Таала баянды, таалим берүүнү инсанды жаратууга шерик кылды.

الرَّحْمَنُ (1) عَلَّمَ الْقُرْآنَ (2) خَلَقَ الْإِنْسَانَ (3) عَلَّمَهُ الْبَيَانَ

Рахман (Мээримдүү Аллах Мухаммад пайгамбарга жана анын үммөттөрүнө) Куръанды таалим берди. Ал Зат инсанды жаратып, ага (дилиндеги максатын ачык билдире алышы үчүн) баянды (сөздү) таалим берди.[55:1-4].

Даъватты жеткирүүдө баяндын зарылдыгы Куръани Каримде Муса алайхи салам тилинде айтылат:

وَاحْلُلْ عُقْدَةً مِّن لِّسَانِي (27) يَفْقَهُوا قَوْلِي

Тилимден түйүндү чечип жибергин, алар сөзүмдү түшүнүшсүн”.[20:27-28].

Дагы айтат:

وَأَخِي هَارُونُ هُوَ أَفْصَحُ مِنِّي لِسَانًا فَأَرْسِلْهُ مَعِيَ رِدْءًا يُصَدِّقُنِي ۖ إِنِّي أَخَافُ أَن يُكَذِّبُونِ

Агам Харун менден көрө тили жатык-чеченирээк. Андыктан аны да мени менен бирге мени тастыктай турган жардамчы кылып жиберчи. Себеби, мени алар жалганчы дешинен коркомун”.[28:34].

Тилдин маансиси улуу болгондуктан Аллах Таала ыйман жана салих амалды пакиза калимага, куфр жана жаман амалды болсо, ыфлас калимага окшотту:

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلاً كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَآءِ* تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا وَيَضْرِبُ اللَّهُ الأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ* وَمَثلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ اجْتُثَّتْ مِن فَوْقِ الأرْضِ مَا لَهَا مِن قَرَارٍ

(Эй инсан), Аллах жакшы сөзгө (ыйман калимасына) кандай мисал келтиргенин көрбөйсүңбү: ал сөз бир кооз даракка окшойт, анын тамыры (жер астына) бекем орношкон, бутактары болсо асманда болуп, Роббисинин изни-ирадасы менен ар дайым мөмө берет. Аллах адамдар эскертме-ибрат алышсын үчүн мына ушундай мисалдарды келтирет. Жаман сөз (кафирдик сөз) болсо жерден амыры) үзүлүп калган, бир жайда (орношуп) жай таппаган ыфлас даракка окшойт.[14:24-26].

Тилдин орду жогору болгондуктан Аллах Таала Куръани Каримди өзүнүн лугавий услубу менен Мухаммад с.а.в. дын пайгамбарлыгына далалат кылган муъжиза кылды. Аллах Таала Куръани Каримди арабдар терең өздөштүрүп алышканына сыймыктанып жүрүшкөн тилде түшүрдү жана аларды Куръанга окшогон бир сүрө келтирүүгө чакырды. Натыйжада, алар ага кудуретсиз болушту. Бул нерсе араб тилин Исламдын эле эмес, бүткүл мусулмандардын акыйдасынын ажырагыс бир бөлүгүнө айландырды. Аллах Таала айтат:

إِنَّا أَنزَلْنَاهُ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لَّعَلَّكُمْ تَعْقِلُونَ

Чындыгында, Биз аны (бул аяттарды) акыл жүгүртүүңөр үчүн арабча Куръан абалында түшүрдүк”.[12:2].

Ошону менен араб тили Ислам тилине жана Халифалык мамлекетинин тилине айланды. Араб тили Куръан жана Сүннөт насстары түшүнүлө турган жалгыз тил. Араб тилисиз шаръий өкүмдөрдү өз далилдеринен истинбат кылып болбойт. Ошондуктан, араб тилин терең үйрөнүү фарзи кифая. Себеби, араб тилинен мукаммал кабардар болуу менен гана аягына чыга турган ижтихад фарзи кифая.

Ислам таалим алууга жана кыраат илимине үндөдү. Ошондуктан да Расулуллах с.а.в. га биринчи түшүрүлгөн аят Аллахтын ушул сөзү болду:

اقْرَأْ بِاسْمِ رَبِّكَ الَّذِي خَلَقَ (1) خَلَقَ الْإِنْسَانَ مِنْ عَلَقٍ (2) اقْرَأْ وَرَبُّكَ الْأَكْرَمُ (3) الَّذِي عَلَّمَ بِالْقَلَمِ (4) عَلَّمَ الْإِنْسَانَ مَا لَمْ يَعْلَمْ

(Эй Мухаммад, бардык жаратылышты) жараткан Зат болгон Роббиңдин наамы менен окугун. Ал инсанды коюу кандан жараткан (Зат). Окугун! Сенин Роббиң (адамзатка) калемди (т.а. жазууну-катты) үйрөткөн өтө берешен Зат. Ал Зат инсанга анын билбеген нерселерин үйрөттү”.[96:1-5].

Аллах Таала инсанды көптөгөн махлуктардан акылы менен абзел кылгандай эле, өзүнө жакын периштелер үстүнөн да илими жана издениши менен абзел кылды. Ушул илим жана изденүүгө болсо, тил аркылуу жетишилет. Аллах Таала айтат:

 وَعَلَّمَ آدَمَ الْأَسْمَاءَ كُلَّهَا ثُمَّ عَرَضَهُمْ عَلَى الْمَلَائِكَةِ فَقَالَ أَنبِئُونِي بِأَسْمَاءِ هَٰؤُلَاءِ إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ (31) قَالُوا سُبْحَانَكَ لَا عِلْمَ لَنَا إِلَّا مَا عَلَّمْتَنَا ۖ إِنَّكَ أَنتَ الْعَلِيمُ الْحَكِيمُ (32) قَالَ يَا آدَمُ أَنبِئْهُم بِأَسْمَائِهِمْ ۖ فَلَمَّا أَنبَأَهُم بِأَسْمَائِهِمْ قَالَ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ إِنِّي أَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَأَعْلَمُ مَا تُبْدُونَ وَمَا كُنتُمْ تَكْتُمُونَ (33) وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ وَاسْتَكْبَرَ وَكَانَ مِنَ الْكَافِرِينَ

«Анан Ал Зат Адамга бардык нерселердин ысымдарын үйрөттү. Кийин аларды периштелерге бетме-бет кылып (мындай) деди: «Эгер халифалыкка биз (акылуу) ылайыкпыз, деген сөзүңөр ырас болсо, мына бул нерселердин аттарын Мага билдиргиле!». Алар айтышты: «Оо Пакиза Роббибиз, биз жалаң Сен билдирген нерселерди гана билебиз. Албетте, Сен Өзүң илим жана даанышмандык Эгесисиң». (Аллах); «Эй Адам, буларга ал нерселердин ысымдарын билдир», деди. (Адам) аларга бардык нерселердин аттарын билдиргенден кийин (Аллах) айтты: «Силерге, Мен асмандардын жана Жердин сырларын о.э. силер ашкере кылган жана жашырган нерселерди билемин, дебедим беле?». Эстечи, (эй Мухаммад), Биз периштелерге Адамга таазим кылгыла дешибиз менен алар сажда кылышты. Иблис гана текебердик менен баш тартып — кафирлерден болду». [2:31-34].

Араб тили – бул мабдаъсы Ислам болгон ар кандай уюмдагы негизги рукн болуп эсептелет. Себеби, Ислам негизине курулган уюм өзү туш боло турган окуяларга шаръий өкүмдөрдү истинбат кылуу үчүн ижтихадга муктаж болот. Ижтихад болсо, бир гана араб тилинде болот. Ошондуктан, ар кандай уюмдун шарттарынын бири, ал ийгиликке жетишүүсү үчүн ушул уюм мүчөлөрү арасында ижтихадга күчү жете турган кишилердин жетиштүү болушу.

Бул болсо, ижтихад бир гана араб тилинде болгону үчүн Исламга болгон даъватты жеткирүү да араб тилинде гана болушун түшүндүрбөйт. Себеби, уюмдагы ижтихад фарзи айн эмес, фарзи кифая. Ошондуктан, уюмга мүчө болгон, араб тилинде сүйлөбөгөн мусулмандар даъватты өзүнүн эне тилинде жеткириши мүмкүн.

Ар кандай тил өз маанилерине ээ болгон харфтарга, исмдерге же иш аракеттерге далалат кылган сөздөрдү түзүү үчүн оозеки же жазма түрүндө, белгилүү бир услубда жамдала турган, тартиптеле турган добуштардан турат. Инсан бул сөздөрдү зээниндеги максатты же жүрөгүндөгү хис-туйгуларды ифадалаб берүү үчүн, өз ара (урфта) келишилген эрежелерге ылайык таризде жумлаларда калыптандырат.  Ошондуктан, тил инсандардын бири-бирин түшүнүүсүндө негизги васита болуп эсептелет.

Жетиштүү тил байлыгына ээ болбогон инсандын өзү угуп жаткан же окуп жаткан пикир жана маалыматтардын баарын эле кабыл алышы кыйын болот. Ошол себептен анын кабыл алып жаткан пикирий жөндөмү да суз болот. Башка инсандар менен мамиле орнотушу, аларга өз пикирлерин ифадалап бериши о.э. аларга таасир өткөрө алуу мүмкүнчүлүгү да аз болот.

Жогоруда айтылган пикирлерге ылайык, мусулмандын өз тилин билиши жана аны белгилүү бир даражада терең өздөштүрүшү даъватты жеткирүүдөгү зарыл фактор. Себеби, ал даъватты жеткирүүгө токтом кылганда өзүн Үммөттү жетектөө борборуна койгон болот. Жетекчи болсо, өзүнүн дүйнө карашын түшүндүрүү, пикир жана райъларын ифадалоо о.э. өзүнүн план жана максаттарын түшүнүктүү тилде ачыктап шархтоо үчүн терең өздөштүрүлгөн тилге муктаж болот. Ошондо гана ал өз пикирлери менен башкаларга таасир өткөрүүчү боло алат о.э. инсандарды – алар менен биргеликте ишке ашыруу үчүн умтулуп жаткан гояга жетүү максатында – өзү даъват кылып жаткан түшүнүктөргө канааттандыра алат.

Ар бир даъватчынын тилчи аалым болушу шаръий түрдө важиб эмес. Балким, андан талап кылынган нерсе даъватты таасирдүү көрүнүштө жеткиришине мүмкүнчүлүк бере турган деңгээлде тил байлыгы болушу. Ал мына ушул тил байлыгы менен өзү табанний кылып жаткан пикир жана райъларды түшүнүүгө кудуреттүү болот. Ошол эле учурда, аларды башкаларга да түшүнүктүү жана таасирдүү кылып жеткирүүгө кудуреттүү болот. Бул болсо, андан өзүн “даъватты жеткирүү тили” менен чыныктырышы үчүн халкаларга, жыйындарга ар дайым ойгоо зээн жана ачык кулак менен келишин, мунакаша жана муназараларга туруктуу түрдө катышып турушун талап кылат. О.э. даъват жүгүн көтөрүүчүдөн туруктуу түрдө Куръан тилават кылышы, хадиси шарифтерди үйрөнүшү жана хизбий сакафатын тынымсыз өстүрүшү, китептерде, газета жана журналдарда жарыяланып жаткан макалалардан тынымсыз кабардар болуп турушу, массалык маалымат каражаттарын күзөтүшү о.э. даъватчы катары хизб мүчөлөрү о.э. башка инсандар менен туруктуу алакада болуп турушу, алар менен туруктуу талкуу жана диалогдо болушу талап кылынат. Мына ушул иштер анын пикир чөйрөсүн жана тил байлыгын тынымсыз өстүрөт.

Даъватчы адам шаръий лафздардан жана фикхий истилахтардан (терминдер) кабардар болушу лазым. “Дарул Ислам”, “Дарул куфр”, “Халал”, “Харам”, “Жакшылык” жана “Жамандык”, “Мутаватир”, “Ахад” сыяктуу истилахий лафздардын ифадаларынан кабардар болууга умтулушу керек. О.э. өзү өзгөртмөкчү болуп жаткан коомдогу “Илманийлик”, “Демократия”, “Глобализация”, “Менчиктештирүү”, “Протекционизм”, “Интелектуалдык менчикти коргоо” сыяктуу истилахтарды түшүнүүгө да катуу аракет кылышы керек. Анткени, ал ушул истилахтар алдында даъватчы катары өзү табанний кылып жаткан пикирге татыктуу позицияны ээлесин. Мусулмандар да ушул истилахтар алдында татыктуу позицияны ээлеши үчүн аларга да ушул истилахтарды жана алардын маңызын түшүндүрүп берсин.

Ошондуктан, даъватчы адам өзүнүн пикир жана райъларын анык, тунук жана өтө назиктик менен жеткирип берүү үчүн тыңдоочуларга, алардын шарттарына ылайык келген услубдарды колдонгон абалда, зарыл болгон лафздар, истилахтар жана сүйлөмдөр менен камсыздалган болушу керек. Ошондо ал кыска сүйлөө максатка ылайык болгон орунда кыска сүйлөйт. Ифадалоо жана шархтоо керек болгон жерде болсо, кеңири ифадалайт, теманы кеңири шархтайт. (Араб тили эрежелерине ылайык, ушул сөз услубдарынын мурункусу “Ийжаз”, кийинкиси болсо “Итнаб” деп аталат. Пикирдин көлөмүнчө сөз сүйлөө т.а. пикир менен сөздүн көлөмү бирдей болушун түшүндүргөн “Мусават” ушул услубдун үчүнчү бөлүгү. Демек,  аз гана сөз менен көп пикирлерди ифадалоо “Ийжаз”, ал эми аз гана пикирди көп калималар менен ифадалоо “Итнаб” жана пикир менен сөздүн көлөмү бирдей болгондогу абал болсо “Мусават” деп аталат).

Албетте, пикир менен тил бир-бирине тыгыз байланган. Алардын арасындагы алака абдан бекем. Анткени, тил пикирдин идиши о.э. аны кабыл алуунун о.э. башкаларга берүүнүн автивдүү васитасы болуп эсептелет. Даъват жүгүн көтөрүүчү инсандын тил тармагындагы билими канча жогору болсо, тилдин лексика жана грамматика жактарын т.а. тилдин сарф, нахв коидаларын канчалык даражада жакшы өздөштүрүп алган болсо, анын пикирлерди өздөштүрүшү да, аларды башкаларга жеткирип берүүгө болгон мүмкүнчүлүгү да ошончолук деңгээлде жогору болот.

Бирок, лафз жана жумлалардын өзү канчалык жалындуу жана чырайлуу болбосун, эгер алардын маанилери болбосо, алар сырты жалтырак, бирок ичи бош идишти эске салышат. Эгер, алар сүйлөөчү тарабынан тыңдоочуга пикир жана туйгуларды жеткирип бербесе, бул сөздөрдөн өлүк дене сыяктуу эч кандай пайда болбойт.

Тил коомду өзгөртүү үчүн даъват жүгүн көтөрүүчүгө кандай деңгээл зарыл болсо, коом да тилдин маанилүү булактарынын бири болуп эсептелет. Себеби, тил мына ушул коом кучагында пайда болду жана өсүп жетилди. Даъват жүгүн көтөрүүчү инсандын коомдо даъват жүгүн көтөрүүчү сыпатындагы жашоосу ага жаңы-жаңы сөздөрдү жана сийгаларды үйрөнүүгө жардам берет. Ал коомдогу адамдар менен канчалык көп алакада болсо, анын тили да ошончолук өсүп-өнүгөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here