Афганистанда жеңилүүгө учураган Америка санкцияларды колдонуу жана экономикалык абалды оорлоштуруу менен өч алууда!

194
0

Маалымат баянаты

Афганистанда жеңилүүгө учураган Америка санкцияларды колдонуу жана экономикалык абалды оорлоштуруу менен өч алууда!

Акыркы бир нече күндө Афганистан валютасынын АКШ долларына карата наркы акыркы жыйырма жылдагы наркына салыштырылганда болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти. Андан тышкары, финансы сектору жана өлкөдөгү ири банктар банкрот болуу алдында турат. Өз кезегинде, бул жагдай базардагы баалардын көтөрүлүшүнө алып келип, Афганистанды экономикалык кризиске батырды.

Хизб-ут-Тахрир–Афганистан вилаяты Афганистандагы азыркы экономикалык абал өтө кооптуу деп эсептейт. Абалдын мындай түс алышы мурунку режимден калган карамүртөз мураска, Афганистан Исламий Амирлигинин колунда активдүү экономикалык программанын жоктугуна, Кошмо Штаттар Афганистанга санкцияларды колдонуп, активдери тоңдуруп койгонуна барып такалат. Түпкүлүгүндө, Батыш Афганистанда акыркы жыйырма жыл ичинде чет элдик гуманитардык жардамдарга негизделген жасалма экономика курган. Бирок, бүгүн бул финансылык жардам деген нерсеге да чектөөлөр коюлушу натыйжасында афган экономикасы тездик менен кыйроого карай бара жатат.

Кошмо Штатта жана НАТО күчтөрү Афганистандан шерменде болуп чыгып кеткен соң, өздөрүндөгү аскерий, саясий жана разведка жаатындагы басым көрсөтүү каражаттары жетиштүү эмес деп билишти. Ушул себептен улам, Афганистанга экономикалык санкцияларды киргизүү аркылуу саясий кызыкчылыктарына жетүүгө урунушууда. Батыш өкмөттөрү «таяк жана таттуу» саясатын алып барып, Афганистанда жеңилгени үчүн афган калкынан өч алышууда. Бул бир тараптан, башка тараптан болсо, Америка бул санкциялары менен Афганистан Исламий Амирлигинин аракетин жана башкаруу ыкмасын өзгөртмөкчү болуп жатат. Американын бул Амирликтен күтүп жаткан негизги нерсеси – Ислам түзүмүн тикелөөдөн баш тарттыруу. Американын каалоосу боюнча, бул «Исламий Амирлик» эл аралык чегаралар менен курчалышы, батышча баалуулуктага ылайык кеңири көлөмдүү өкмөт түзүшү о.э. Афганистандан качып чыккан жана Батыш менен жашыруун алака кылып жаткан кээ бир афган расмийлерине өкмөттөн орундарды бериши… муну менен бирге, Кошмо Штаттар менен бекем разведка кызматташтыгын камсыздашы шарт.

Батыш ар дайыма гуманитардык жардамдар жөнүндө ооз көбүртүп келген болсо да, ал гуманитардык жардамдардан саясий басым катары пайдаланып, гуманитардык жардамдарды белгилүү бир талаптарды аткарууга байлап жатканына күбө болуудабыз.

Афганистандагы мусулман калк ушуну билиши керек – саясий жана экономикалык проблемаларды бүгүнкү чегара аймактары ичинде жана учурдагы эл аралык системанын алкагында чечип болбойт. Проблемалардын туура жана түпкү жалгыз чечими – Афганистан-Пакистан-Орто Азияны бир Ислам мамлекети жетекчилиги астында бириктирүү. Түпкүлүгүндө, мына ушул колонизаторлор белгилеген чегаралар мусулмандарды алсыратып, бөлүп жарды жана аларды ушул санкциялар астында кармап турууну жеңилдетүүдө. Дагы бир жактан, батыштыктар мусулмандардын региондогу экономикалык ресурстарын өздөрүнүн колонизаторлук пландарына жана малай мусулман башчыларына пайда келтире турган ыкмада бөлүштүрүүдө.

Силер, Исламий Амирликтеги акимдер жана расмийлер, Батыштын азыркы бир катар саясий басымдары нукура Ислам түзүмү тикеленишин алдын алуу үчүн коюлган тузак экенин түшүнүп жетишиңер керек. Батыштын саясий талаптарына бир аз болсо да моюн сунушуңар бул дүйнө жана Ахыретте коркунучтуу акыбеттерге алып барат. Согуштарда кайраттуу турганыңар силерди жеңишке жеткиргендей, бүгүн да Американын талаптарына каршы ачык бекем позицияны ээлешиңер силерге көз карандысыз өкмөттү башкарууда ийгиликке жеткирет. Муну менен бирге, силер бүгүн эсеп суроо керек болгон өкмөт катары мындай суздук абалынан кутулушуңар о.э. калктын экономикалык проблемалары үчүн реалдуу программа иштеп чыгуу милдетиңерди аткарышыңар зарыл. Шексиз, мындай экономикалык кризистен чыгуунун бирден-бир жолу – Исламий экономикалык түзүмдү жүзөгө чыгаруу аркылуу Исламды толук колдонуу. Ислам – аклий түзүм, андан башка ар кандай түзүмдү колдонуу бүгүнкү кризисти дагы да оорлоштурат.

﴿إِن يَنصُركُمُ اللهُ فَلاَ غَالِبَ لَكُم وَإِن يَخذُلكُم فَمَن ذَا الَّذِي يَنصُرُكُمْ مِنْ بَعدِهِ وَعَلَى اللهِ فَليَتَوَكَّلِ المُؤمِنُونَ﴾

«Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт жана эгер силерди жардамсыз койсо, Андан башка эч бир зат жардамчы болбойт, момундар Аллахтын өзүнө гана таянышсын!»                                                                                                               [3:160]

 

Хизб-ут-Тахрирдин  Афганистандагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here