Французча ислам

230
0

Французча ислам

Франциянын президенти Эммануель Макрон Францияга таандык Исламды жаратуу аракетин күчөтүүдө. Француз маалымат каражаттарында учурдагы “Ислам Кеңешинин” ордуна жаңы форум жаратуу көздөлүп жаткандыгы жөнүндө кабарлар тарады. “DW Türkçe” сайтынын кабарына таянсак, Франция өкмөтү мамлекеттеги мусулмандар ушул форумда көрсөтүлгөндөй болушун каалайт. Франция өкмөтү ушул максатта «Французча Ислам» жаратуу саясатынын алкагында активдүү кадам таштай баштаган.

Франциянын Ички иштер министрлиги жаңы форум чет өлкөдөн таасирленбеген жана «Исламий фундаментализмди» катъий четке каккан форум болушуна өзгөчө көңүл бурууда. О.э. бул форумдан ишеним эркиндигин, илманийликти (динди мамлекеттен ажыратуу) жана пикир эркиндигин колдоп-кубаттоо кылынат.

Жаңы түзүлө турган Ислам форумунун алкагында төрт жумушчу топ иш алып барат: Биринчи топ диний адамдардын иш-аракеттерин көзөмөлдөйт, экинчи топ мусулмандарга каршы аракеттерди аныктайт, калган эки жумушчу топ болсо кадрларды даярдоо, анын ичинде, имам-хатибдерди даярдоо жана “Французча ислам” долбоорун ишке ашыруу менен алектенет.

Комментарий: Ислам Америкача, Французча, Британча же арабча деген түрлөргө бөлүнбөйт. Ислам Расулулах га түшүрүлгөн бир бүтүн дин. Суннийлер исламы, шиалар исламы, тарыйкатчылар исламы, суфийлик исламы, радикал ислам, мээлүүн мслам деп Исламды бөлүп-жаруу – бул колонизатор Батыштын айла-амалы. Себеби, мусулмандардын жүрөгүнөн Исламды сууруп таштоо таптакыр мүмкүн эместигин Батыш аябай жакшы билет. Ошондуктан, аны өздөрүнө ылайыктап, бузуп көрсөтүүгө болгон күчү менен аракет кылууда.

Жогоруда айтылган французча Исламга терең көз жүгүрткөн адамга мындай Ислам моделинен динди бузуп көрсөтүү о.э. аны Батышча жашоо таризин кабыл ала турган абалга келтирүү көздөлгөнү анык болот. Алардын максаты мына ушундай жол менен Исламды демократияга, ишеним эркиндигине, илманийликке (динди мамлекеттен ажыратууга) байлоо жана анын саясий жагын өчүрүп, христиан дини сыяктуу жашоодон биротоло ажыратылган, жалаң гана ибадаттарга жана сөөк узатуу ырасымдарына гана чектелген динге айландыруу о.э. мусулмандарды башка элдердин курамына аралаштырып, сиңирип жиберүүгө жетишүү. Натыйжада өлчөөлөр өзгөрүп, адал-арамдын ордун пайда жана зыян ээлейт, риба (сүткордук) пайдага, шариятка амал кылуу экстремизмге айланат. Акыбетте Ислам өкүмдөрү ийилчээк болуп, куфр менен Исламдын ортосунда айырма калбайт.

Батыштын саясий Исламга каршы тиш-тырмагы менен күрөшүүсү табигый көрүнүш. Себеби, анын хазаратына, баалуулуктарына, бүтүндөй вужудуна коркунуч туудура турган о.э. анын баскынчылыгына чек коюп, Исламий өлкөлөрдөн кууп чыга турган Ислам Үммөтү күндөн-күнгө күчөп барууда. Бул Үммөт аймагы Испаниядан Малайзияга чейин созулган мамлекетке негиз салууга кудуреттүү экендигин Батыш жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан, ар түрдүү айла-амалдар аркылуу мусулмандарды чалгытууга аракет кылууда. А бирок, анын бул аракеттери эч качан пайда бербейт. Себеби,      «ثُمَّ تَكُونُ خِلاَفَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ “…Андан соң пайғамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот” деп башарат кылган зат эч качан жалган сүйлөгөн эмес.          

Киямуддин Шариф

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here