Жаңы шайланган парламент ишин баштады

206
0

Жаңы шайланган парламент ишин баштады

 Кабар: Жогорку Кеңештин VII-чакырылышынын депутаттары 29-декабрда жыйынга чогулуп, ант бергенден кийин ишин башташты.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 депутат келди.

Партиялык тизме боюнча парламентке “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Ыйман Нуру”, “Альянс” жана “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын өкүлдөрү келди. Жаңы Баш мыйзам боюнча эми парламентте мурункудай 120 депутат эмас, 90 депутат болот.

 Комментарий: 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн парламенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхындагы шайлоочулар эң аз катышкан шайлоо болду. Добуш берүү участкаларына шайлоочулардын болгону 32.25 пайызы гана келди. Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда шайлоого катышкан көпчүлүк жарандар “баарына каршы” добуш бергени себептүү аталган райондордо 2022-жылдын 27-февралында кайрадан шайлоо өткөрүлө турган болду.

 Адамдар демократиядан да, учурдагы бийликтен да, бири-биринен айрымаланбаган, жалаң гана чиновниктер менен акчалуулардын кызыкчылыгына кызмат кыла турган, карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууда эч кандай рол ойнобой турган шайлоолордон чарчады. Шайлоочулардын болгону 32.25 пайызы катышкандыгы да элдин учурдагы түзүм жана бийликке ишеними канчалык экендигин көрсөттү. А бирок ушуга карабастан, шайлоо өттү деп эсептелди.

 Демократиялык түзүмдүн тарапкерлери демократияда көпчүлүктүн добушу чечүүчү күчкө ээ экендигин айтышат. А бирок, Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоо бул куру сөз экендигин далилдеп койду. Эгер алар айткандай “көпчүлүктүн” пикири эсепке алынса, шайлоочулардын үчтөн эки бөлүгү катышпаган шайлоонун натыйжасы жокко чыгарылышы керек болчу. А бирок, өкмөт андай болушунун алдын алуу үчүн шайлоого канча адам катышканына карабастан “шайлоо өттү” деп эсептелишин белгилеп койгон.

 Кыргызстандын өнүгүү жолу бирөө гана. Ал да болсо, мусулмандар Ислам акыйдасынан келип чыккан түзүмдү жашоосуна колдонушу. Исламда башкаруу бир гана Аллахтыкы, анда мыйзам чыгаруучу парламент болбойт. Анда өкүмдөр Куръан, Сүннөт, Ижма жана Кыястан ижтихад жолу менен иштелип чыгат. Өкүм истинбат кылынып жатканда бул саясий, экономикалык же социалдык… проблемалар деп эмес, булар адамдын проблемалары жана адамдарга колдонулат деген этибарда ижтихад кылынат. Ислам мабдасын толук жана кемтиксиз колдонуу болсо исламий Халифалык Мамлекетинде ишке ашат жана ал демократияны да, аны бизге мажбурлап тыгыштырып жаткан колонизаторлорду да түп-тамырынан сууруп таштайт. Ушундай болгон соң, биз Аллахтын жолунда Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн аракет кылышыбыз керек.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here