Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барды

163
0

Жапаров иш сапар менен Түркмөнстанга барды

Президент Садыр Жапаров 28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш бергенден кийин жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Ал жакта Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун төрагалыгы менен өтчү саммитте Ашхабаддын Экономикалык кызматташтык уюмуна жана анын уставдык органдарына төрагалык кылуусунун жыйынтыгы чыгарылат. Саммиттин соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат.
Кыргызстан Экономикалык кызматташтык уюмуна 1992-жылы негизделгенден бери мүчө. Уюмга Түркия, Иран, Пакистан, Түркмөнстан, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Афганистан кошулган. Бул сыяктуу уюмдардын тышкы көрүнүшү мусулмандарды бириктиргендей көрүнсө да, түпкүлүгүндө башка кызыкчылык жатат. Анткени, ага мүчө өлкө жетекчилери калктын эмес, колонизатор кожоюндарынын кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат. Экономикалык кызматташтык уюму Түрк мамлекеттер уюму сыяктуу эле Советтер Союзу кулагандан кийин Орто Азия өлкөлөрүн Американын таасири астына киргизүү үчүн пайда болгон.
Бул уюмдардын түзүлүшүндө мүчө өлкөлөрдүн да экономикалык кызыкчылыктары бар экени талашсыз. Айрыкча, уюмга агалык кылып жаткан Түркиянын кызыкчылыгы күчтүү. Ал саясий жактан ички саясатта упай топтосо, экономикалык жактан аймактагы ресурстарды өз пайдасына иштетүүгө аракет кылат. Маселен, Ашхабадда өтө турган саммиттин алдында Түркия президенти Эрдоган Түркмөнстанга расмий сапар менен келди. Эки өлкө ортосунда 9 пунктан турган келишимге кол коюлуп, соода алмашуу 8 эсе өскөнү айтылды. Мындай аракеттер менен Түрк өкмөтү акыркы учурдагы өлкөдөгү экономикалык кризисти – Батыш өлкөлөрүнөн колдоо таппаган соң – Жакынкы Чыгыш жана Орто Азия өлкөлөрү аркылуу чечүүгө аракет кылууда. Ал эми Орто Азия өлкөлөрү Пакистан, Иран аркылуу деңизге чыгууга, Орусиянын экономикалык алсыздыгынан улам жаңы аймактарга чыгууну максат кылышууда. А бирок, мындай аракеттер бир кожоюндан качып экинчи кожоюндун капканына түшүүдөн башка нерсе эмес! Түпкү чечим, мусулман өлкөлөрү арасындагы жасалма чек араларды ачып таштап, аны чийип берген колонизаторлордон кутулуу аркылуу болот! Мына ошондо мусулмандар көксөгөн Ислам түзүмүн колдонууга жана Экинчи Рошид Халифалыкты жарыялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт!

Мумтаз Маверанахрий 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here