Германия АКШдан “Түндүк агым-2”ге каршы санкция салбастыкты суранууда

65
0

Германия АКШдан “Түндүк агым-2”ге каршы санкция салбастыкты суранууда

Кабар: Германия өкмөтү “Түндүк агым-2” газ түтүгүнө каршы жаңы санкцияларды киргизбестикти суранып АКШ Конгрессине кайрылды. “Axios” басылмасынын кабарына таянсак, Германиянын АКШдагы элчиканасы 19-ноябрь күнү конгрессмендерге ушул тууралуу жашыруун документти тапшырган.
Документте келишинче, Германия өкмөтү Украина аркылуу газ транзитине тиешелүү учурдагы келишимди 10 жылга узартууга жетишүү боюнча милдеттенмеге олуттуу жандашат. “Түндүк агым-2” долбооруна каршы тараптардын негизги аргументтеринин бири – Россия бул транзиттен баш тартып коюшу мүмкүн деген тынчсыздануулар.
О.э. документте, эгер Украина аймагы аркылуу газ транзити сакталып калса, Балтика деңизинин түбүнөн өткөн газ түтүгү ага коркунуч туудурбастыгы айтылган.
Берлин АКШнын өз союздашы болгон Германияга каршы санкция киргизиши “Путиндин жеңиши гана” болорун о.э. Германиянын Украина алдындагы милдеттенмелери аткарылышын коркунучка кептеп, “Трансатлантика биримдигине” зыян жеткириши мүмкүн экендигин баса белгилеген.
Документте Кремль “Түндүк агым-2”ни саясий максаттарда колдоно баштаган учурда Германия Москвага басым өткөрүү үчүн бир нече ыкмаларды ишке салышы мүмкүн экендиги айтылган.

Комментарий: … Америка Европага Россия газын жеткирген Россия менен Германия ортосундагы Балтика деңизи астынан өтө турган «Түндүк агым-2»ден Германиянын баш тартуусу үчүн кысым көрсөтүп жатат. Өткөн жылдын аягында, 2020-жылдын декабрь айында Америка долбоорго катышкан компанияларга санкцияларды киргизип, менменсингендик жана текебердик менен түтүктөрдү төшөөнү токтотууну талап кылды. Ал долбоорду каржылап жаткан Германия фондуна санкция киргизүүнү каалап жатат. Германиянын министрлер кабинети мындай деп жооп берди: «Германия жана европалык компанияларга каршы бир тараптуу тышкы санкциялардын киргизилишине карата Германия өкмөтү кандайдыр бир санкциялар фондго да каршы багытталбай тургандыгын жокко чыгара албайт. Берлин АКШнын «Түндүк агым-2» газ түтүгүнө киргизген санкцияларын Европанын суверендүүлүгүн бузуу катары четке кагат». (Sputnik, 03.03.21). Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Нед Прайс билдирди: «Тышкы иштер министри Блинкен Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас менен Брюсселдеги НАТОнун тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрүнүн алкагында жолугушту. Блинкен Россиянын жамааттык коопсуздукка шек келтирген аракеттерине каршы туруу боюнча АКШнын союздаштары жана өнөктөштөрү менен биргеликте аткара турган милдеттенмесин баса белгиледи. Бул контекстте ал АКШнын «Түндүк агым-2»ге каршы экендигине өзгөчө көңүл бурдурду». (D.B.A, 24.03.21). Бул Трамп доорунда Америка жүргүзүп келген жана Байден доорунда дагы эле жүргүзүп келе жаткан саясат. Ал Россияга экономикалык сокку берүү аркылуу анын Европа менен мамилесин чыңалтып, Германияны америкалык газды кымбатыраак жана сапатсыз сатып алууга мажбур кылгысы келет!
Хизб ут-Тахрир амири Ата ибн Халил Абу Роштанын 20210-жыл, 30-марттагы суроо-жообунан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here