Коопсуздук кеңешинде шайлоо маселеси талкууланды

146
0

Коопсуздук кеңешинде шайлоо маселеси талкууланды

26-октябрда бийлик өкүлдөрү Коопсуздук кеңешинин жыйынына чогулуп парламенттик шайлоого даярдыкты талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же алардын кол алдындагы адамдардын бири дагы шайлоо процессине кийлигишпеши керектигин кайталады. Ал эми, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку эки күнү акча тараткандарга көзөмөл күчөтүлөрүн эскертти.
Ал арада “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен 15 адам камалганын УКМК билдирди. Атайын кызмат алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, мурда жогорку бийликте иштегендер бар экенин маалымдады.
Бийлик буга чейин да бир катар депутаттар менен саясатчыларды «бийликти басып алууга даярданган» деген негиз менен суракка чакырган. Ал эми Октябрь окуяларынан улам мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов ушул берененин негизинде камалган.
Кыргызстанда ар бир шайлоо бийлик үчүн чоң коркунуч экени талашсыз. Анткени, өлкөдөгү бийлик алмашуулар дал ушул шайлоолордун артынан жүз берет. Ал эми, оппозиция болсо калктын нааразылыгын өз кызыкчылыктарына буруу менен ар шайлоо артынан бийликти басып алууга аракет кылат. Учурдагы оппозиция азык-түлүктүн кымбаттыгын, энергитикалык кризисти өз кызыкчылыгы үчүн колдонуп, калктын нааразылыгын козгоого аракет кылууда. Бийлик дагы бул абалды оңдоо үчүн популисттик кадамдарды жасап, убактылуу элди алаксытуу аракетинде. Алар да мурункулардай эле президентке караштуу жетекчи топту парламентке алып келүү аракетин көрүп жатат. Башкача айтканда, аты башка, бирок, жетекчи топко тиешелүү партиялар парламентти ээлеп алышмакчы. Анткени, Кыргызстандын башкаруу системасынын негизи капитализм болгондуктан, жетекчи топ өз кызыкчылыктары үстүндө убактылуу гана биригишет. Бул нерсе диск сыяктуу ар бир бийликтин тушунда айлана берет. Себеби, капиталисттик башкаруу түзүмүнүн табияты ушундай! Чындыгында, учурда колдонулуп жаткан капиталисттик түзүм менен элдин үмүтүн актоо мүмкүн эмес. Муну буга чейинки бийликтердин абалы тастыктап турат.
Тилекке каршы, мындай орун алмашуулардан калкыбыз да, бийликке келген жаңы күчтөр да сабак албай жатат. Болгону Орусия өлкөдөгү колонизаторлугун сактап калуу, Батыш болсо айрым кадрларын бийликке аралаштыруу менен ийгиликке жетти. Ал эми үммөт үчүн эч кандай натыйжа болбоду. Демократия маскасын кийген капитализм жана империализм дале үстүбүздөн эзип жатат. Абактар Аллахтын динин аалий кылууга аракет кылган даъватчылар менен толтурулуп жатат. Түпкүлүгүндө, маселе президентти же алардын тобун алмаштырууда эмес. Маселе, биздин жетекчилерди иттей иштетип ыргытып жаткан колонизаторлук саясатта. Биз мына ушул саясатка каршы күрөшүү жана алардан баш тартуу менен чыныгы жетекчилердин бийликке келишин камсыздай алабыз.
Демек, биз мусулмандар эртең да ушул сыяктуу жасалма шайлоолорго алданып калбашыбыз керек. Тескерисинче, бузук демократияны түп-тамырынан кулатып, дүйнөнү Ислам адилети менен жетектей турган мамлекетти тикелөөгө аракет кылышыбыз шарт!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here