Кыргызстанда кылмыштар менен жакырчылыктын саны өстү

183
0

Кыргызстанда кылмыштар менен жакырчылыктын саны өстү

Кыргызстанда 2021-жылдын тогуз айында Жазык жана жорук кодексиндеги беренелер менен 121 миң 659 факт катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Былтыркы жылга салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды. Паракорчулук 1,5 эсе, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары 36% көп болду.
Статистика комитети болсо 2016-2019-жылдары кедей жашаган үй-бүлөлөр кирешесинин 60 пайызын тамак-ашка жумшаса, быйыл кирешесинин баары азык-түлүктөн ашпай калганын билдирди. Ошол эле учурда жакырчылыктын деңгээли 25,3 пайызга жетип, 8 пайыз калк алардын катарына кошулуу коркунучунда турат. Салыштыруулар калктын кирешесинин төмөндөшү азык-түлүккө болгон суроо-талапты гана азайтпастан, тургундар көп түрдүү тамак-аш сатып албай калганын көрсөтөт. Башкача айтканда, жашылча-жемиш, эт сыяктуу витаминге бай азыктарды алууга эмес, нан жана кумшекер сыяктуу азыктарга басым жасап калышкан. Мындай кризис жумушсуздардын санын да көбөйттү.
Мындай көрүнүш коомдун чыныгы көйгөйү болуп эсептелет. Бирок, ар келген бийлик аталган көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна Исламды көтөрүп чыккан муслималардын жана момун мусулмандардын үйүнө бастырып кирип, кылмыш жоопкерчилигине тартууну адатка айландырып алды.
Мусулмандарга жалаа жабуу иштеринде бийлик кафир колонизатор кожоюндарынын жана коңшу мамлекет бийликтеринин Исламга каршы тукурууларына моюн сунуп жатканы анык. Экинчиден, азык-түлүк кымбаттап, жумушсуздук жана жакырчылык күн санап өсүп жатат. Натыйжада бийликке нааразылыктар күчөп барууда. Ушундан улам, бийлик элдин көңүлүн «диний экстремизм» менен алаксытууга өтүүдө. Хизб мүчөлөрүнө жана аны колдоочуларга карата болуп жаткан бул жана мындан башка окуялар ушуну көрсөтүүдө. Негизи, бийликтин учурдагы милдети элди проблемадан алаксытуу эмес, проблеманын туура чечимин таап, адамдардын көйгөйлөрүн чечүү болушу керек эле.
Түпкүлүгүндө, «диний экстремизм» жок нерсе, бул колонизаторлордун Исламга каршы күрөшүү үчүн ойлоп тапкан жомогу. Кала берсе, Акаевден тартып бүгүнкү күнгө чейинки бийликтердин баарынын бийликке келип кетиши – алардын өздөрүнүн мыйзамына ылайык – экстремизмге туура келет.
Эй бийлик ээлери, силер да Үммөттүн бир бөлүгүсүңөр, андыктан Үммөттүн перзенттери болгон Хизб мүчөлөрүнө жалган-жалаа жаап, жабыр көрсөтүүчү залимдерден болуп калбагыла! Үммөт бүгүн кыйын абалда турат, анын көйгөлөрүн абзел көрүнүштө чечүү менен алектенгиле. Ал эми, эң туура чечимдер Исламда жатат. Анткени, силер башкарып жаткан капиталисттик мыйзамдар кылмышты азайтууга эмес, анын көбөйүшүнө жол ачып берет! Андыктан, чирик капиталисттик мыйзамдардын ордуна Аллахтын азиз жана адилет өкүмдөрүнө негизделген Ислам түзүмүн колдонууга жүздөнгүлө!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here