Түрк мамлекеттер уюму 20 жылдык стратегиясын жарыялады

202
0

Түрк мамлекеттер уюму 20 жылдык стратегиясын жарыялады

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкө башчыларынын сегизинчи саммити өттү. Саммитке Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Венгрия жана Түркмөнстандын лидерлери катышты. Саммитте Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, самиттин жыйынтыгында өлкө башчылары “Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040” стратегиялык документке кол коюшту.
Саммиттин алкагында Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экени айтылды.
Ал эми, Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар союзунун жетекчиси Рыфат Хисаржыклыоглу Түрк кеңешине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда жалпысынан 1 триллионго жакын товар алмашуу мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеп, дүйнө жүзүнө чоң күчтү көрсөтүүгө убакыт келгенин айтты.
Түркиянын Статистика комитетинин маалыматына ылайык 2021-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда 529 миллион долларга соода жүргүзүлгөн. 2020-жылдын ноябрь айына чейин бул сан 449 миллион долларга жеткен.
Буга чейин Жапаров Кыргызстан Түркиядан “Байрактарды” алып жатканын бир жылда аскердик техниканы жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 млн. доллар бөлгөнүн айткан.
Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы түзүлүп, башында түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданий тармакта кызматташтыгын камсыздап келген. Негизги максаты түрк элдерин бириктирүү менен Орусиянын Борбор Азиядагы таасирин алсыратуу болуп эсептелет. Бул уюм аркылуу Эрдоган ички саясатта калктын колдоосуна ээ болсо, тышкы саясатта АКШнын Борбор Азияны тартып алуу саясатына кызмат кылат.
Белгилүү болгондой, АКШ Борбор Азияга карата саясатын Түркия аркылуу ишке ашырат. А бирок, Кыргызстан өкмөтү биринин таасиринен кутулуу үчүн башкасы менен мамилени жакшыртып жатканы менен бардык колонизаторлордун максаты бир. Алар алсыз өлкөлөрдү колония кылуу менен байлыктарын талап-тоноону, калкын арзан жумушчу күчү катары пайдаланууну гана каалашат.
Андыктан, биз мусулмандар, бүгүнкү эл аралык майдандагы эч бир уюмду тан албашыбыз керек. Анткени, алардын баары жогорудагы империалист мамлекеттердин, же алардын биринин кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Демек, алардын баары кандай гана иш алып барбасын, түпкүлүгүндө катага негизделген. Тескерисинче, биз бул уюмдардын ордуна, мусулмандарды эле эмес бүткүл адамзатты империализм зулматынан Ислам нуруна алып чыга турган мамлекетти тикелөөгө аракет алып барышыбыз шарт! Мына ушул мамлекетте бир тууган мусулман мамлекеттеринин арасында чек ара тосугу маселеси калбайт. Тескерисинче, бардык мусулман өлкөлөрү адилеттүү амирдин кол астында ар кандай коркунучка каршы бир денедей күрөш алып барышат!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here