Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт

151
0

Казакстан менен Өзбекстан биргелешкен аскерий машыгуу өткөрөт

Кабар: 17-ноябрдан 24-ноябрга чейин Өзбекстандын “Термез” полигонунда Казакстан менен Өзбекстан “Кызматташтык -2021” деген аталышта биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүшөт.
Казакстан Коргоо министрлигинин кабарында: “Аскердик машыгуунун максаты – биргелешкен тапшырманы аткаруу учурунда эки элдин куралдуу күчтөрүнүн өз ара аракеттенишүүсүн күчөтүү”, – деп айтылган.
Кабарда келишинче, машыгууларга казак тараптан 100дөн ашык аскер катышып, Су-30СМ согушкер жана С-295 аскердик-транспорттук учактары да тартылат. О.э. дрондор да сыналат.
Машыгууда эки өлкө аскерлери ыкчам-издөө операцияларын ишке ашырат .э. душмандын мизин кайтаруу, согуш майданында жарадар болгон жарандарды жана жарактан чыккан техниканы эвакуациялоо боюнча тапшырмаларды аткарышат.

Комментарий: АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгып кеткенден кийин Россия жана анын жетегиндеги Борбор Азия өлкөлөрү биринен кийин бири аскерий машыгууларды өткөрө башташты. Август айында Өзбекстан жана Казакстан чек ара аймактарында аскерий машыгууларды өткөргөн эле. 1-августтан 10-августка чейин Россия Өзбекстан жана Тажикстан биргеликте Тажикстандын Афганистанга чектеш Хатлон облусундагы “Харб-Майдан” полигонунда аскерий машыгууларды өткөрдү. 2-4-сентябрь күндөрү Кыргызстандын Баткен жана Ош облустарында “Түштүк-2021” деген аталышта аскерий машыгуулар болуп өттү. Ал машыгууларга 1500дөй жаран жана 200 аскер катышты. Машыгуунун максаты – аскердик, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин, элдин чукул кырдаалдарга даярдыгын текшерүү экендиги айтылды.7-9-сентябрь күндөрү ЖККУга мүчө мамлекеттер Кыргызстанда “Рубеж-2021” аскерий машыгууларын өткөрүштү. Ал эми октябрь айында кудум ушундай машыгуу Тажикстанда өткөрүлдү.
Ушул аскерий машыгуулардын бардыгы Россия тарабынан көбүртүп көрсөтүлүп жаткан Талибан “коркунучунун алдын алуу” шылтоосунда Россиянын региондогу аскерий аралашуусун күчөтүүгө каратылган. Региондогу залим жетекчилер да өз режимдерин сактап калуу үмүтүндө Россиянын артынан барууга жана ушул шылтоо менен Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырып жаткан залимдик саясатын улантууга аракет кылышууда. Кыскасы, Талибан “коркунучунан” ар бир мамлекет – колонизаторлор да, алардын малайлары да – өз кызыкчылыгы жолунда пайдаланып калууга умтулушууда.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here