Парламенттик шайлоо – 2021

209
0

Парламенттик шайлоо – 2021

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Өкүм жүргүзүү Аллахка гана таандык

Кыргызстанда 2021-жылы 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтмөкчү. Бул парламенттик шайлоо мурунку шайлоолордон өзгөчөлөнүп, аралаш системада өткөнү жатат. Т.а. мында пропорционалдык система менен мажоритардык система аралаш колдонулат. Пропорцианалдык система ичинен ачык тизме формасында добуш берилет б.а. партияга добуш берүү менен бирге тизмедеги белгилүү бир талапкер да тандалат. Ал эми мажоритардык система боюнча б.а. бир мандаттуу округдарда талапкерлер өзүн-өзү көрсөтөт же партия тарабынан көрсөтүлөт. 27-ноябрга чейин үгүт кампаниясы жүрөт.
Негизи, мусулман адам ар бир иште ага тиешелүү шаръий өкүмдөргө амал кылуусу керек. Мына ошондуктан, Кыргызстан мусулмандарына ушул парламенттик шайлоо жөнүндөгү шаръий өкүмдү баяндап кетмекчибиз. Шайлоо жөнүндөгү шаръий өкүмдү билүү үчүн эң оболу ал байлана турган орунду анык билип алуу керек. Бул болсо парламент жана парламент мүчөлөрүнүн кыла турган иштерин о.э. алардын укук-милдеттерин билүү менен болот. Мына ушундай жол менен парламенттик шайлоо жөнүндөгү шаръий өкүмгө жетип алабыз.
Кыргызстан конституциясынын тиешелүү беренелерин (76, 80, 85) үйрөнүп чыксак, парламенттин иши төмөнкүлөр экени айкын болот: 1) Мыйзамчылык т.а. мыйзам чыгаруу, аларга өзгөртүү жана кошумчалар киргизүү. 2) Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө ишеним билдирүү. 3) Эл аралык келишимдерди ратификация кылуу же токтотуу. 4) Өкмөттү көзөмөлдөө жана отчет суроо.
Бул иштерге назар таштасак, алгачкы үч иш шариятта жайиз эмес экени маалым болот. Ал эми төртүнчү иш т.а. өкмөттү көзөмөлдөп, андан отчет суроо маселеси – эгер шаръий өкүмдөргө ылайык болсо – жайиз экени айкын болот.
1 – Мыйзамчылык Исламда жалгыз Аллахка гана таандык. Мусулман киши Аллах Субханахунун ордуна өзүн мыйзам чыгаруучу кылып алышы жайиз эмес. Балким, шаръий өкүмгө толук моюн сунуп, аны эч бир экиленүүсүз кабыл алышы важиб. Ошону менен бирге, добуш берүү жана тандоо деген нерселерге шаръий өкүмдөрдү көз каранды кылып койбоо керек. Аллах Таала айтат:
﴿وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلاَ مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالاً مُبِينًا﴾
«Аллах жана Расулу бир ишти буюрган чакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн таштап) өз иштеринде ыхтыяр кылуулары жайиз эмес. Ким Аллах жана Расулуна аасий болсо, анда ал ачык жолдон адашыптыр» [Ахзааб: 36]
Парламент азыркы вакалаттары (өкүлдүктөрү) менен Батыш пикирий жетекчилигине негизделген болуп, “светтиктен” т.а. динди турмуш жана мамлекеттен ажыратуудан келип чыккан. Мында капиталисттер өздөрүн эл өкүлдөрү деп аташкан парламент мүчөлөрү аркылуу мыйзамчылыкты адамдарга беришет. Бу болсо Исламга тескери келет, анткени, Ислам мыйзамчылыкты Аллах Таалага гана берген.
2 – Өкмөткө ишеним билдирүүгө келсек, бу анын куфр мыйзамдарын колдонууга вакалат беришин түшүндүрөт. Анткени, өкмөт демократиялык түзүмдөрдө Аллахтын шариятына тиешеси болбогон, балким, адамдар ойлоп тапкан конституция жана мыйзамдарды колдонот. Эч күмөнсүз, эч бир адамдын адамдар үстүнөн куфр мыйзамдарын колдонушу жайиз эмес. Себеби, Аллах Таала шариат өкүмдөрү менен өкүм жүргүзүүгө буйруп, мындай деген:
﴿وَأَنِ احْكُمْ بَيْنَهُمْ بِمَا أَنْزَلَ اللَّهُ وَلَا تَتَّبِعْ أَهْوَاءَهُمْ وَاحْذَرْهُمْ أَنْ يَفْتِنُوكَ عَنْ بَعْضِ مَا أَنْزَلَ اللَّهُ إِلَيْكَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَاعْلَمْ أَنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُصِيبَهُمْ بِبَعْضِ ذُنُوبِهِمْ وَإِنَّ كَثِيرًا مِنَ النَّاسِ لَفَاسِقُونَ * أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْمًا لِقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾
«(Эй Мухаммад), алардын арасында Аллах назил кылган нерсе менен өкүм кылгын, алардын хавайи-нафистерине ээрчип кетпегин жана Аллах сага назил кылган өкүмдөрдүн айрымдарынан сени буруп, фитнага салып коюуларынан этият болгун! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз үйрүшсө, билип койгун, Аллах аларга айрым күнөөлөрү себептүү мусибат жеткирүүнү каалоодо. Шексиз, адамдардын көпчүлүгү фасыктар. Динсиздик өкүмдар болушун каалашабы?! Ыймандары толук коом үчүн Аллахтан да чырайлуураак өкүм кылуучу ким бар?!» [Мааида 49-50]
Ушуга ылайык, шариаттан башка мыйзамдар менен өкүм жүргүзүүчү өкмөткө ишеним билдирүү ачык-айкын харам.
3 – Эл аралык келишимдерди ратификация кылуу маселесине келсек, бу келишимдер адам ойлоп тапкан конституция жана мыйзамдарга негизделген. Ушул жагынан алар ачыктан-ачык шариатка тескери. Көпчүлүк абалдарда ушул келишимдер кафирлердин мусулмандар үстүнөн өкүмдарлык кылышына алып келет. Бул болсо Аллах Тааланын ушул каламына ылайык, шаръан таптакыр жайиз эмес:
﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Аллах эч качан кафирлер үчүн муминдер үстүнө жол бербейт» [Нисаа 141]
4 – Өкмөттү шаръий өкүмдөргө ылайык көзөмөлдөө жана андан отчет суроого келсек, бу маъруфка буйруу жана мункардан қайтаруу бабынан болуп, ал мусулмандардын мойнундагы важиб милдет. Буга Китеб жана Суннаттан далилдер абдан көп. Мисалы, Термизий «Сунан»ында Хузайфа ибн Ямандан риваят кылган хадисте Пайгамбар ﷺ мындай деген:
«وَالَّذِي نَفْسِي بِيَدِهِ لَتَأْمُرُنَّ بِالْمَعْرُوفِ وَلَتَنْهَوُنَّ عَنْ الْمُنْكَرِ أَوْ لَيُوشِكَنَّ اللهُ أَنْ يَبْعَثَ عَلَيْكُمْ عِقَابًا مِنْهُ ثُمَّ تَدْعُونَهُ فَلاَ يُسْتَجَابُ لَكُمْ»
«Жаным колунда болгон Затка ант болсун, силер албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар, болбосо, Аллах силердин үстүңөргө Өз алдынан бир жаза жиберет, кийин дуа кыла бересиңер (бирок) дуаларыңар кабыл болбойт». (Абу Иса бу хадисти ҳасан деган). Лекин, өкмөттү адамдар ойлоп тапкан мыйзамдар негизинде көзөмөлдөө жана андан отчет суроо жайиз эмес.
Жогорудагылардан маалым болгондой, парламентте жайиз болгон бир гана иш бар, ал өкмөттү шариат өкүмдөрүнө ылайык көзөмөлдөө жана андан отчет суроо. Ошондуктан, парламентке талапкерлигин коюуну көздөгөн киши өзүнүн бул иши шариатка тескери болбошу үчун бир канча иштерди аткаруулары керек. Аларды кыскача айта кетебиз:
а) Аллахтан башкасынан алынган мыйзамчылыкка каршы экенин, куфр түзүмдөрүн четке кагышын, куфрду колдонуучу өкмөткө ишеним билдирбешин адамдарга ачык айтышы керек. О.э. куфр түзүмүн өзгөртүүгө жана рошид Халифалыкта көрүнүүчү Ислам түзүмүн тикелөөгө аракет кылып жатканын ачык көрсөтмөгү даркер. Буга кошумча, эгер шайлоодо жеңип чыга турган болсо, булардын баарына амал кылуусу лазым.
б) Китеб жана суннаттан истинбат кылынган конституцияны кабыл алышы о.э. эгер шайлоодо утуп чыкса, парламентти акыйкатты айта турган жана өкмөттөн Ислам негизинде отчет сурай турган минбарга айландыруусу керек.
в) Улутчулдукка же “светтикке” негизделген партиялар сыяктуу Исламдан башка нерсени кабыл алган жана ошо нерселерге чакыра турган партиялардын мүчөсү болбошу керек. Эгер шахстын талапкерлиги партиялык тизмеде алга сүрүлгөн болсо, ошол тизмедегилердин программасы Китеб-Суннаттан истинбат кылынган программа болушу, максады куфр түзүмүн жок кылып, ордуна Исламды орнотуу болмогу даркер. Партиялык тизмеде талапкерлигин көрсөтүү шаръан жайиз болушу үчүн, тизмедегилер Ислам программасын кабыл алган болушу жана Халифалыкты тикелөө жана куфр түзүмүн жок кылуу аркылуу Исламды колдонууга чакырып жаткан болушу керек. Мындан сырткары, Исламга негизделбеген тайпалар менен шайлоодо коалиция катары катышуусу жайиз эмес.
Бирөөнүн парламентке кириши үчүн добуш берүүдө да албетте жогоруда айтылган шарттар табылышы керек. Себеби, добуш берүү вакалаттын (өкүлдүктүн) бир түрү болуп саналат. Вакалат болсо харам иште берилбейт, балким, жайиз иште гана берилет. Ошондуктан, Аллахтын ордуна мыйзам чыгара турган же куфр мыйзамын аткара турган, же болбосо, шариатка тескери келишимдер түзө турган же өкмөттөн Исламдан башка негизде отчет сурай турган шахска же тарапка добуш берүү жайиз эмес.
Айрым мусулмандар парламенттик шайлоодо катышуусун актоо үчүн, эгер парламентке мүчө болушса, “мечит жана медреселер куруу, хижабга тыюу салууга каршы күрөшүү сыяктуу мусулмандардын кызыкчылыктарын жүзөгө чыгарууга мүмкүнчүлүк туулат” деп айтышат. Же “келечекте мусулман депутаттар көбөйгөндө Ислам мамлекетин куруу мүмкүнчүлүгү пайда болот” ж.б.у.с. дешет. Негизи, алар мында шариатка каршы чыгуу менен мусулмандар кызыкчылыгын жүзөгө чыгаруу жайиз эместигин унутуп коюшуптур. Алар дагы төмөнкүлөрдү унутушуптур: Ислам өлкөлөрүндө мындай кептерди айткандар мурун да болгон. Андай кишилер парламенттик шайлоолорго катышып, айрымдары депутат да болушкан. Бирок, кылган иштеринин акыбеттери Ислам жана мусулмандар үчүн балекет болгон. Буга Египетте болуп өткөн иштерди мисал келтирүүнүн өзү эле жетиштүү.
Парламенттик шайлоого катышпоо исламий даъватчыларды коомдон үзүп коёт деп айта тургандар да бар. Бул туура эмес! Себеби, шайлоого катышпоо коомдон үзүлүүнү түшүндүрбөйт, тескерисинче, Ислам даъватын көтөрүп чыгып жаткандар Росулуллох ﷺдан өрнөк алган абалда, коомго аралашып, ага таасир өткөрүүлөрү керек. Анткени, Пайгамбар алайхиссалам Мекке коому менен күчтүү күрөш алып барган. Бирок, кафирлердин башкаруусунда катышкан эмес. Жалаң гана шариятка чектелип, Исламдан кылча да ообой, минтип баса белгилеген:
«وَاللهِ لَوْ وَضَعُوا الشّمْسَ فِي يَمِينِي، وَالْقَمَرَ فِي يَسَارِي عَلَى أَنْ أَتْرُكَ هَذَا الْأَمْرَ حَتّى يُظْهِرَهُ اللهُ أَوْ أَهْلِكَ فِيهِ مَا تَرَكْتُهُ»
«Аллахка ант болсун, ушул ишти ташташым үчун оң жагыма күндү, сол жагыма айды коюшса да, эч качан бул ишти таштабаймын. Же Аллах ушул динди үстөм кылат, же ушул жолдо өлүп кетемин». (Сийрати Ибн Хишаам).
Белгилүү болгондой, Кыргызстан бийлиги бирер шахс же тайпанын жогоруда айтып өтүлгөн шаръий шарттар негизинде шайлоого өз талапкерлигин коюуга эч качан урухсат бербейт. Ошондуктан, мында мусулмандар үчун бир гана тандоо бар, бул шайлоого катышпоо жана харамдан тыйылуу. Аллах Таала айтат:
﴿وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ﴾
«Албетте, мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго гана ээрчигиле! (Башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт. Таква кыларсыңар деп, силерди мына ушу нерселерге буюрду» [Анъом 153]
Хизб ут-Тахрир 8-робиус-сааний 1443-х.
Кыргызстан 13-ноябрь 2021-м

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here