Афганистандан чыгуунун себептери жана акыбеттери

196
0

Афганистандан чыгуунун себептери жана акыбеттери

 Устаз Хасан Хамадан

Афганистандан чыгып кетүү учурдагы Жо Байден администрациясындагылардын оюнда туулган пикир эмес. Балким, бул жөнүндө мурунку президент Барак Обама заманында айтылган. «VOX» жарыялаган макалада 2009-жылы жаңы Обама администрациясы болжол менен сегиз жылдык согуштан кийин бийлиги кулатылган Талибан күчтөрүнүн козголоңун токтото албагандан кийин АКШнын Афганистандагы күчтөрүнүн санын көбөйтүү керекпи же жокпу, деген маселени талкуулаган. Жыйындардын биринде Обама Афганистанга кошумча күчтөрдү киргизүү жоопкерчиликсиз экенин баса белгилеп: «Биз ийгиликсиздиктин өмүрүн гана узартып жатабыз», – деген.

2015-жылы бир катар америкалык саясатчылар өз макалаларында Америка Афганистандагы согушта бир нече жыл мурда жеңилгендиги туурасында жазышкан. Алдыда «Афганистандын анык кулашын алдын алуу» жолу гана калды деп баса белгилешкен. (Кудс арабий).

Афганистандан чыгып кетүүнүн акыбеттери жөнүндө айтуудан мурун анын маанилүү себептерин үйрөнүү зарыл:

Биринчиден: АКШнын Афганистандан чыгып кетиши – анын жаңы стратегиясынын натыйжасы. Мындан мурда «Консерваторлордун» стратегиясында Американын мусулман өлкөлөрүндөгү согуштарга аралашуусу алга сүрүлгөн. Айрыкча, бул аралашуунун натыйжасында Америка чоң кризис жана кыйынчылыктар астында көзөмөлдөө жана алга кадам таштоо жөндөмүн жоготту.

Бул кризистердин негизгилери:

1 – Капиталисттик системанын кризиси. АКШ мамлекети мабданы сыртка жаюудан баш тартты т.а. услуб-каражат болуп келген колонизаторлук максатка айланып калды. Мунун үстүнө, ичкериде капитализм системасына тескери мыйзамчылык ишке ашырылды.

2 – Дүйнөгө жетекчилик кылуудагы кризис, Американын дүйнөнү башкарып жаткан жетекчилиги төмөндөп жатканы айтыла баштады о.э. көп полярдык жана күчтөрдүн түрдүүлүгү деген идея пайда болду.

3 – Америкадагы коомдун бүтүндүгүнүн кризиси жана ыдыроосунун башталышы.

4 – Саясий токтомдорго карата тилектештикте о.э. Америка мекемелери, партиялар жана компаниялары ортосундагы саясий келишпестиктерде жүзөгө келген кризис.

5 – Эл аралык терроризмге, ал тургай, Байден моюндагандай ички терроризмге каршы күрөштөгү проблемалар.

6 – Дүйнөгө жетекчилик кылууну улантуу назариясы бузулушу натыйжасында Америкада жаңы күчтөр кескин өсүүдө о.э. түздөн-түз аралашуу ири каражаттарды талап кылып жаткандыктан парда артынан башкаруу стратегиясын колдонууга мажбур болууда. Америка муну куурчак жана малайлары аркылуу о.э. өз атынан жана ага кызмат кылуу үчүн күрөш жана согуштарды алып барып жаткан мамлекеттердин колу менен ишке ашырууну пландаштырган. Мындан тышкары, Трамп доорунда токтотулган кызматташуу стратегиясы кайра башталып, дүйнөнү жеке башкаруу мүмкүн болбой калгандыктан куурчак жана малайлардын ролун активдештирүү башталды. О.э. башка эл аралык күчтөрдүн өсүшү сыяктуу ыктымалдуу коркунучту алдын алууга да аракет болууда. Себеби, кризистердин натыйжасында Американын деңгээли түшүүсү менен бул иш кечиктирилсе же аракет жасалбаса аларды тизгиндөөгө мүмкүн болбой калат.

Экинчиден: Согуш чыгашасы. Кабарларга ылайык, Америка 2001-жылы 11-сентябрдан тартып жыйырма жыл ичинде Афганистан согушуна 2 триллион доллардан ашык каражат сарптаган. АКШ документтеринде Афганистанга сарптаган бюджет күнүнө 300 миллион доллардан ашканы айтылат. 800 миллиард доллар түздөн-түз согуштун чыгашаларына кеткен жана 85 миллиард доллар афган аскерийлерин окутууга сарпталган.

Афганистан согушу Америкага чоң инсаний жоготууларды алып келди. Бул согушта курман болгон америкалык аскерлердин саны 2500гө жана каза болгон америкалык жалданма аскерлердин саны 4000ге жетти.

О.э. Афганистандагы бул согуш болжол менен 69 миң афган аскерлеринин, полициясынын, 47 миң катардагы калктын жана 51 миң оппозициялык согушкерлердин өмүрүн алды. Учурда согушта зыян көргөн 20 миң америкалык үчүн сарпталган каражат 300 миллиард долларга жетти.

Браун университетинин изилдөөчүлөрү жалпы көлөмү 2.26 триллион долларга жеткен бул каражаттын 500 миллиард доллардан ашыгы сүткордук катары төлөнгөнүн айтышат. О.э. изилдөөчүлөр 2050-жылга барып Афганистан согушунун карыздары боюнча бир эле сүткордук каражаты 6.5 триллион долларга жетерин болжолдошууда. (Евроньюс).

Бул темада өтө маанилүү нерсеге көңүлдү бурмакчыбыз т.а. Америка ири согуштук ийгиликсиздикке учурады. Ал Ислам Умматы жихад Умматы экенин, согуш майданында аны жеңип болбоорун билет. Бирок, өкүнүчтүүсү, Уммат саясий аң-сезим жаатында күчсүз. Алданууда, адаштырылууда… Бул нерсени Америка бүткүл Батыш менен бирге түшүнүп турат. Түшүнгөнү үчүн согуш майданы сүйлөшүүлөр жолуна өттү. Негизи, Америка сүйлөшүү ишин өтө жакшы билет, мисалы, ал Талибандын катарындагы сүйлөшүү жолуна ыраазы болбогон бир нече жетекчилерге кол салуу менен жок кылды о.э. сүйлөшүнү жол деп билген, диалогду программа деп түшүнгөн жаңы жетекчилерди пайда кылды.

Дагы бир нерсе. Талибан Пакистан мектебинен бир пикирий кемчиликти мурас кылып алган. Бул, бир регионго чектелген мамлекетти тикелөө идеясы болуп, исламий амирлик идеясын алга сүрөт. Мындай идея Исламий аракетке коркунуч туудуруп эле калбастан, ага сокку да берет. Себеби, Ислам бир орунга чектелген жана камалган дин эмес. Исламды мамлекет ичинде чырайлуу колдонуу мүмкүн деген нерсени элестетсек да, бирок, Исламды өлкөдөн тышкарыга алып чыгууну жана аракет кылууну кантип бекер кылуу мүмкүн, деги, жихад, эл аралык мамилелер, согуш, келишимдер, Ислам дияры жана согуш дияры сыяктуу өкүмдөр эмне болот?!

Эй Талибандар, силер мулла Умардын Халифалыкты жарыя кылбай ката кылганын моюнга алганынан сабак албадыңарбы?!

Пакистан жана анын разведкасынын ролу – Американын кызыкчылыгы үчүн гана мамилелерди орнотуу жана зарыл болгондо үзүү. Силер, Талибандар, мындай ролдон сабак албайсыңарбы?!

Пакистандын ролу – Индия менен байланыш түзүү жана Кашмир мужахиддерине кыянаттык кылуу, силер Пакистандын бул ролун да билбейсиңерби?!

Ирандын ролуна ишенесиңерби, акыры, ал түндүк аймактарда силерди кандай гана балээлерге туш кылбады?! Деги, Иран жетекчилери өзүлөрү Афганистан жана Ирактагы ролдорун моюнга алышты го… Биз болбогондо, бул өлкөлөрдө Америка баткактан чыга албайт эле дешти го?!

Түркиянын ролуна эмнеге ишенип жатасыңар, акыры, НАТОдогу экинчи ири күч болгон Түркиянын Афганистанды басып алуудагы жана башка кафир мамлекеттер менен биргеликте малай режимди колдоп-кубаттоодогу ролу о.э. кафир мамлекеттер афган аэропортун коргоо үчүн Түркияны кайра-кайра чакырышы, булардын баары ачык-айкын көрүнүп турган акыйкат го?!

Россия менен кандай мамиле орнотуу мүмкүн, деги, ал өлкөңөрдө кылбаган кылмышы калбаган го, кылмыштуу коммунист режимин орноткон го?!

Америкага кантип ишенсе болот?! Силер америкалыктардын чыгып кетишине зыян бербөөгө, кызыкчылыктарына коркунуч туудурбоого жана мужахиддердин аракетин көзөмөлдөп турууга убада бердиңер! Акыры, силер жихад белгиси элеңер го?! Силер жеңилген Америка үчүн ушундай бир туңгуюктан чыгуу жолун даярдап бердиңер, Байден бул үчүн сыймыктанууда!

Жетишет, Талибан арасындагы калыс адамдар мындай туңгуюк ичинде сүйлөшүүлөр жолунда бара жаткандарды токтотуп калуусунун убагы келди!

Жыйынтыктап айтканда, бардык нерсе Аллахтын колунда. Ислам албетте нусратка жетишет, бул, Исламды саясий долбоор катары көтөрүп чыккан жана Батыштын ыплас оюндарын, кылмыштарын жана ыкмаларын ачып берип жаткан, акыйкат жолун аң-сезимдүү түрдө түшүнүп, аны бекем кармаган калыс топтун колу менен ишке ашат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here