Афганистан согушу жөнүндө чындыктар жана сабактар

278
0

Афганистан согушу жөнүндө чындыктар жана сабактар

 Устаз Абу Хамза Хутваний

Көбүнчө узак убакытка уланган согуштардын натыйжалары көп сабактарга жана ибраттарга бай болот. Мындан улам, киши бул натыйжалардын пайдалуусун тандашы жана аларды вакиъликке салып, чындык даражасына көтөрүшү керек. Маанилүү тарыхий жана саясий контекстте чогулган сабак жана ибраттар мына ушул чындыктардан алынып, коом ойгонууда, көз карандысыз жана азат болууда ушулардан пайдаланат.

Бул чындыктарды иштеп чыгуу үчүн Афганистан согушу эң ылайыктуу мисал болот. Согуш бир тарапта эл аралык союздаштардын жана мунафык регионалдык малайлардын жардамына таянган ири текебер мамлекет менен, экинчи тарапта жакыр бечара калктан башка жардамчы таба албаган катардагы бир исламий кыймыл ортосунда болуп өттү.

Биринчи чындык: ири күчтөрдү согушуу эрки бекем кичине күчтөр да жеңиши мүмкүн.

Баш-аягына чейин заманбап куралдар менен куралданган Америкадай чоң бир күч Талибан кыймылы сыяктуу аз гана аскерий күчкө ээ болгон кичине күчтөр тарабынан анык жеңилүүгө учурашы мүмкүн. Бул кичине күчтүн чыныгы кубаты эркте, убада-шерт жана сабырда көрүнөт. Ошондуктан, Американын  Афганистандан шерменде болуп чыгып кетиши жөнөкөй күчтөн жеңилүүдө жана шексиз качып калууда көрүндү. Бүгүн биз көрүп турган абал империялар көрүстөнү деп атыккан Афганистандагы окуялардын агымын эч кандай согуштук күч өзгөртө албашын далилдеди.

Экинчи чындык: малай күчтөр ар дайым тез кулатылып күчсүз болушат.

Малай күчтөр, канчалык жаңы курал-жарактар менен куралданса да, дайыма тез кулатылып күчсүз болушат. Себеби, аларда таяна турган элдин колдоосу жок, алар чет элдик колонизаторлорго гана таянышат. Алар – Уммат денесине жабышкан о.э. Аллах жана Анын Расулуна, өз элине жана Умматына кыянаттык кылган жалданган күчтөр. Муну афган малай өкмөтүнүн тез кулашынан жана президент Ашраф Ганинин качып кетишинен ачык-айкын көрүүгө болот. Анын 300 миң аскери алардын тең жарымына тете Талибан аскерлеринен жеңилди.

Үчүнчү чындык: Исламий пикирдин кубатына ишенүү жана андан баш тартпоо жеңишке жана аман калууга негизги себеп болот.

Талибан кыймылында – чектелген даражада болсо да – исламий пикир жана ага берилгендик бар. Ушул нерсе анын аман калышына жана бекем турушуна жардам берүүдө. Негизи, жеңиштин башкы себеби да мына ушул. Талибан кыймылы шаръий илим талап кылууну таптакыр четте калтырбайт, мүчөлөрүнө да, кол астындагы адамдарга да белгилүү бир даражада исламий сакафаттан таалим берип турат. Бул болсо, исламий пикирди бекем кармоонун, берилүүнүн, аны Батыштын пикирлерине аралаштырбоонун белгиси.

Талибанга тескери түрдө, исламий сакафаттан баш тарткан, Ислам менен Батыш хазаратын ылайыкташтырууга урунган жана жаңылануу, заманбаптык деп колонизаторлук сакафатка ээрчиген кыймылдар, мисалы, Мухаммад Абду кыймылы жана Жамалиддин Афганий кыймылы, Тунистеги Нахза кыймылы, баары ийгиликсиздикке учурап, натыйжа кыйроо жана кулоо болду.

Төртүнчү чындык: эркиндик, демократия, плюрализм, заманбаптык, аялдардын укуктары жана адам укуктары сыяктуу ураандарды ооз көбүртүп мактоо азаттык аракетинде жана өзгөрүүдө эч кандай кыйматы жок жалгандан башка нерсе эмес.

Бул сыяктуу ураандардын артында азаттык аракетине тоскоолдук кылуу жана Талибанды максатынан адаштыруу сыяктуу карамүртөз ниеттер турат. Бул ураандар куру кыял болуп, Талибан кыймылына таасир кылбаганы ырасталган. Ал тургай, Америка да Талибан менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөндө буларды оозго албады. Себеби, бул сыяктуу ураандар пикирлери күчсүз жана өзгөрүүгө багыныңкы чөйрөдө гана алга сүрүлөт. Талибан кыймылына аларды алга сүрүү пайдасыз, Батыш аны жакшы билет.

Бешинчи чындык: жакшы башкаруу элдин колдоосун күчөтөт, кеңейтет жана калкты Талибандын айланасында бириктирет. Ал эми, жаман башкаруу элдин колдоосун жок кылат о.э. бөлүнүү жана душмандыкка тартат.

Шек-күмөнсүз, Талибандын адамдарга жумшак мамиледе болушу, алардын иштерин камкордук менен башкарып, мал-мүлкүн жана ар-намысын коргошу, шарият өкүмдөрүн адилеттик жана калыстык менен колдонушу адамдардын анын айланасында биригишин бекемдейт, чыныгы элдик колдоону жаратат. Бирок, Талибандын адамдарды жаман башкарышы жана каршы болгондордон өч алышы элдик колдоону талкалайт, Талибанды колдоодон безилдетет, адамдар ортосунда душмандык жана чыр-чатакты пайда кылат. Бул кыймыл адамдарды жакшы башкарса, адамдар анын акыйдавий жана пикирий табанний кылган нерселеринде каршы чыкса да аларга ушундай мамиледе болсо, адамдар ага кошулат жана жетекчилигине ыраазы болот. Бирок, Талибандын табанний кылган нерселерине кошулганда да Талибан аларды жаман башкарса, албетте адамдар аны четке кагып, аны душман кылып алышат.

Буга ИШИМ уюму ачык-айкын мисал. Ал Сирия жана Ирактан кууп чыгарылышынан мурун ал көзөмөлдөгөн жерлерде адамдарды жаман башкарды, акыбетте – исламий ураандарды көтөрүп чыккан болсо да, ал тургай, халифалык тикеленгенин айтса да – адамдар аны колдоп-кубаттабады. Себеби, алар бул уюмдун ырайымсыздыгынан, карама-каршы пикирдегилерден өч алып, аз гана күмөн болсо да өлтүрүп жатканына күбө болушту.

Бул Талибанды Ислам пикирлеринен кылча четке чыкпашы жана аны башкасына алмаштырбашы о.э. «азчылыкты ыраазы кылуу», «Исламга тескери пикирлегендер башкарууга кирүүсү мүмкүн» деген сыяктуу «далилдер» менен исламий түшүнүктөрдү өзгөртпөшү керек экендигин түшүндүрөт. Себеби, эгер Ислам чырайлуу колдонулса адамдар кафир болсо да анын башкаруусун кабыл алышат.

Алтынчы чындык: эл аралык эрежелер күчтүү мамлекеттер тарабынан орнотулат. Эгер, бул эрежелер Исламга тескери келсе, аларды хикмат жана күч менен өзгөртүү важиб болот.

Эл аралык эрежелер өзгөрбөй турган, алмашпай турган стандарт деп карабоо керек. Тескерисинче, Талибан бийликке келген алгачкы күндө эле эл аралык мыйзам-эрежелерди өзгөртүшү шарт. Себеби, кафир бир тилди гана түшүнөт – ал күч. Алар күч менен гана моюн сундурулат. Шек-күмөнсүз, Афганистанды көзөмөлдөп жаткан Талибан күчтүү кыймылга айланат. Себеби, ал мамлекеттин потенциалдарын көзөмөлүнө алды. О.э. Талибан кыймылынын тарабында афган эли гана турган жок, афган эли менен бирге Талибандын артында бир жарым миллиард мусулман турат, эгер, колонизатор кафир мусулмандарга зордоп тыгыштырган ушул залим эл аралык эреже-стандарттарды Талибан жок кылса, албетте. Бул эл аралык мыйзам-эрежелердин эң жаманы – бир Исламий Умматтын калктары ортосунда орнотулган чегаралар. Буга англис колонизаторлору Афганистанды кошуна мамлекеттерден бөлүү үчүн тарткан чегаралар да мисал болот. Арийне, англистер бул өлкөнү өзүнүн күч кубат булагынан үзүү максатында о.э. Пакистан менен Борбор Азиядагы табигый исламий чөйрөсүнөн ажыраган алсыз мамлекет болушу үчүн аны чакан географиялык аймакка чектеп коюшкан. Ошондуктан, 1893-жылы т.а. дээрлик жыйырма жыл мурун Британиянын тышкы иштер министри тарабынан Индия өкмөтү үчүн орнотулган Пакистан-Афганистан ортосундагы Дюранд линиясын таптакыр моюнга алып болбойт, тескерисинче, аны бекер кылуу зарыл. Бул линиядан Афганистанды ошол убакта Британия менен Россияны ажыратып турган буфердик зона кылуу көздөлгөн. Бирок, бүгүн абал өзгөрдү, Британия Индиясы калбады. Абал өзгөрүшү менен региондогу мамлекеттерди талкалап, биримдигин бузган жана мажбурий түрдө орнотулган чегара линиялары да өзгөрүшү керек.

Биздин Талибанга насаатыбыз ушул: ал өз дипломатиясын кошуна Пакистан жана Борбор Азия мамлекеттери менен биргеликте исламий региондун мамлекеттерин бириктирүүгө негизделген жаңы исламий эрежелер негизинде баштасын. Негизи, бул регион Афганистандан баштап дүйнөлүк Исламий Халифалык мамлекетинин ядросу болууга татыктуу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here