Америка келерки жүз жылда кыйратуучу кырсыктан сактануусу үчүн мүмкүнчүлүгүндө бир нече апта гана бар
Доктор Абдуллах Рубин
Кризис чындык. Элестеткис кырсык өтө жакын. Конгресс тез арада чечимин таппаса, Америка бул кырсыктан качып кутула албайт. АКШ финансы министри Жанет Йеллендин айтымында, бир нече апта ичинде эгер «болгон бардык чаралар жана накталай акчалар түгөнсө, Америка Кошмо Штаттары тарыхта биринчи ирет өз милдеттерин аткара албай калат». Америка жумушчулардын маяналарын төлөшү, каражаттарын камсыздашы, ири карыздарынын пайыздарын төлөшү керек. Чынында ондогон жылдардан бери Американын улуттук карызы ички дүң продукцияга карата тездик менен өсүп барууда. Т.а. карыз ички дүң продукциянын 133 %ын түзөт. Американын расмий чөйрөлөрүн коркутуп жаткан нерсе да ушул. Учурда Американын карызы 28 триллион долларга жетти. Бул мамлекет карыздарын качанга чейин көбөйтөт, качан токтотот, муну эч ким билбейт. Бирок, конгресс түздөн-түз туш болуп жаткан кризис учурда Америка карызынан келип чыккан жок, бюджет жана карызга болгон мамилесинен келип чыкты.
Карыз алуунун жогорку чегин көтөрүү Конгресс тарабынан белгиленет. Жылда мамлекет карыз ала турган акчанын көлөмүн Конгресс чектеп берет. Америка бул чекке 1-августта жетип келди. Бирок, Америка өзүнүн финансылык милдеттенмелерин «өзгөчө абалдагы чаралар» жардамында төлөп келүүдө. Мисалы, бухгалтерия эсептер бар, ал пенсиялык фонддорго төлөмдөрдү токтотууну өз ичине алат. Бирок, ага карабастан, бул өзгөчө абалдагы чаралар болгону өкмөттүн ийгиликсиздикке учурашын кечиктирүүдө. 8-сентябрь күнү АКШ финансы министри Конгрессте келерки айда Американын акчасы түгөнөрүн маалымдады. Бул болсо, маяналарды төлөө токтотулушун түшүндүрөт. Негизи, 2018-жылдын аягы, 2019-жылдын башында 35 күн ушундай болду. Ушуга карабастан, азыркы абал мурдагылардан кыйла жаман. Америка карыздарын эч качан төлөй албайт. Мындай коркунуч мындан мурда да көп ирет жүз берген жана мунун чечими бирөө гана болду: Конгресс ар ирет карыз алуунун жогорку чегин көтөрүүгө макулдук бере берди. Бул болсо, өкмөткө кезектеги чекке жеткенге чейин каражат табуу жана дагы карыз алууну улантууга уруксат берет.
Бул күчөп жаткан карыздын узак мөөнөттүү акыбеттери сакталып калууда. Бирок, Конгресс келишимге жетүүдө кыйынчылыкка бет алган сайын, бул нерсе ар түрдүү кризистерди келтирип чыгарууда… Мисалы, мындан он жыл мурун республикачылар карыз алуунун жогорку чегин көтөрүүнү тастыктабады жана качан президент Обама талапка ыраазы болсо гана тастыктоолорун билдиришти. АКШ финансы министрлиги Америка накталай акчасыз калат, деген отчёт чыгаргандан кийин эки күн өтүп-өтпөй, карыз алуунун жогорку чегин көтөрүү тастыкталды. Бул финансы базарларында кескин башаламандыктарды жүзөгө келтирди. Натыйжада үч ири рейтинг агенттигинин бири болгон «Standard & Poor’s» рейтинги төмөндөп кеткен. Американын кредит рейтинги карыз алуунун кымбатташына алып келди. Өткөн жылы АКШдагы пайыздуу карыздар 345 миллиард долларды түздү, качан пайыздык ставкалар көтөрүлсө, кийинки жылдарда карыздын төлөмдөрү өтө жогорулайт. 2011-жылы карыз алуунун жогорку чеги 16.391 триллион долларга көтөрүлдү жана ошол убактан тартып көтөрүлө баштады. Муну менен бирге, 2013-жылы карыздын чеги убактылуу токтотулушу менен көптөгөн башаламандыктар жүз берди. Учурда, 2021-жылы Конгрессте өкмөттүн каражаттары туурасында олуттуу карама-каршылык пайда болгон, республикачылар менен демократтар бири-бирине каршы чыгып жатышат… Алар карыздын жогорку чегинен пайдаланып, бири-бирин «АКШны кыйроо жарына алып келип койгону үчүн кайсыл партия жооп берет, ким биринчи болуп артка чегинет?!» деп коркутушууда. АКШ Сенатындагы азчылыктар лидери Митч Макконнелл июль айында: «Биздин республикачылар карыз алуунун жогорку чегинен өтүүгө таптакыр добуш бербейт», – деди. Ал эми, Сенаттагы көпчүлүктөрдүн лидери Чак Шумер шаршемби күнү республикачыларга асылып, алардын карыз алуунун жогорку чегинен өтүүгө каршылык көрсөтүшү үрөй учурган жана жийиркеничтүү аракет деди. АКШ финансы министри Жэнет Йеллен Конгрессти тил табышууга үндөп: «Кошмо Штаттарга болгон ишенимди, айрыкча, анын карыз алышын коркунуч астына коюу – жоопкерсиздик», – деди.
Дүйнөлүк экономика коронавирус пандемиясы себептүү өтө кыйын абалда турат. Эгер, капыстан Америкада фонддулук биржалар кулап, доллардын кыйматы түшүп кетсе, муну менен бирге, Американын өз карыздарын төлөшүнө же төлөөгө даярдыгына ишеним жоголсо, анда, мунун акыбеттери бүткүл дүйнөгө таасир кылбай койбойт.
Негизги кредиттик агенттиктерден эки адам күтүлүп жаткан акыбеттин үрөй учурган коркунучунан эскертти. Алардын бири «Moody’s» агенттигиндеги башкы экономикалык аналитик Марк Занди мындай деди: «Бул финансылык Армагедон фантастика болот. Себеби, карызыбызды өз убагында төлөбөө жөнүндө жөн гана ойлонуу да – келесоолук». Экинчиси «JPMorgan Chase» агенттигинин башкы директору Жеймс Даймон, ал мындай деди: «Бул карыз өтө чоң масштабдагы кырсык болушу жана Америкага жүз жыл чамалаган чоң зыян алып келиши мүмкүн».