Швецарияда бир жыныстууларга бала асыроого уруксат берилди

220
0

Швецарияда бир жыныстууларга бала асыроого уруксат берилди

Швецарияда 25-сентябрда бир жыныстуулардын үйлөнүүсүнө жана бала асыроого уруксат берген референдум өттү. Шайлоочулардын 64,1%ы референдумда «ооба» деп добуш беришти. Бул тууралуу Le Temps гезити жазды.

Маалыматка ылайык, референдумдун жыйынтыгында бардык илахий диндерде тыюу салынган бир жыныстуу бүлөгө эркиндик беткабы менен уруксат берилди. Швецария мындай бузукулукка уруксат берилген отузунчу өлкө болуп калды.

Ал эми ушул эле референдумда добушка коюлган бай үй-бүлөлөрдүн салыгын көтөрүү боюнча сунуш колдоо тапкан жок.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө өкүмдарлык кылып жаткан демократия системасы бузукулуктарга жол ачып, аларды «эркиндик», «адам укугу» деп таанытууда. Натыйжада, Батыш мамлекеттеринде жаш муун азайып, кары-картаңдардын саны өсүп баратат. Анын негизги себеби бир жыныстуу түгөйлөргө уруксат берүү, зынакорлуктун, жыныстык оорулардын кеңири жайылышы болуп саналат. Бүгүнкү күндө ЛГБТ өкүлдөрүнүн саны статистикалык маалыматтарда жер калкынын 2%на барабар экени айтылат. Алардын көбөйүп жатышын Батыштын пропагандалык саясатынын жемиши катары карасак болот.

Ал эми демократияда мындай ыпластыкка жол ачылышы пайда жана зыянга негизделген өлчөөсүнө байланыштуу. Бул системада адал жана арам деген өлчөө жок. Адам ырахат алышы үчүн бардык иштерге уруксат берилет. Анткени, бул бузукулукту кылуу ал адам үчүн пайдалуу жана ырахаттуу болуп эсептелсе болду.

Мунун каршысында, Ислам адамдын нав гарыйзасын (адамзат тукумун улоочу «түр» инстинктин) кандыруу туура жүргүзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондуктан, Исламда бир жыныстуу байланыш, зынакорлук сыяктуу бузуку амалдарга катуу тыюу салынып, кылмышкерлер оор жазага тартылат. Мындай бузукулукка адамдар барбашы үчүн балдарга ата-энеси, мектеп, медресе жана маалымат каражаттары тарабынан ыйман тууралуу, адал-арам жөнүндө билим, тарбия берилет.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө адамзат, айрыкча батыш дүйнөсү эркиндик маскасын жамынган бузукулуктардын айынан оор демографиялык кризисте жашап жатат. Бул көйгөйдөн чыгуунун жолу Жаратуучу берген Исламдын өкүмдөрүн колдонуп жашоодо!

Аллах Таала айтат: “Эй момундар, Алла силер үчүн адал кылып койгон таза-пакиза нерселерди арам дебегиле жана (Алла белгилеген) чектен ашпагыла! Албетте Алла чектен ашуучу адамдарды сүйбөйт”.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here