Миллиондогон афган балдары Американын кресттүү согушунун курманына айланды

345
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Миллиондогон афган балдары Американын кресттүү согушунун курманына айланды

 «Ал-Жазира» хижрий 1443-жылы 23-мухаррам, миладий 2021-жылы 31-август күнү ушул кабарды таратты: «Бүгүн шейшемби күнү «Save the Children» эл аралык уюму Афганистанда акыркы жыйырма жыл ичинде 33 миңге жакын бала өлтүрүлгөнүн жана майып болгонун билдирди.

«Save the Children» уюмунун бул маалыматы АКШнын тарыхындагы жыйырма жыл уланган эң узак согушу артынан Афганистандан чыгып кеткенде айтылды.

Уюм Афганистанда акыркы жыйырма жылда ар беш саатта кеминде бир бала өлтүрүлгөнүн же майып болгонун билдирди.

«Бул сандар балдарга каршы бул кыйратуучу согуштун аянычтуу көрүнүшү болуп эсептелет», – дейт уюм. Уюм баса белгилешинче, афган согушунда 32 945 бала өлгөнү айтылат, бирок, чыныгы сан мындан да көп болушу мүмкүн о.э. бул сан согуш убагында ачкачылык, жакырчылык жана оорудан каза болгон балдардын санын камтыбаган.

Уюм эл аралык коомчулукту Афганистандагы балдарды куткарууга жана колдоп-кубаттоого чакырык жолдоду».

Роя:

АКШ терроризмге каршы күрөшүүнү шылтоолоп жыйырма жыл алып барган кресттүүлүк согушунда он миңдеген афганистандык балдарды өлтүрдү. Мындан тышкары, Американын бул баскынчылыгы себептүү о.э. афган калкына өкүмдар кылып койгон малай жемкор өкмөттөрдүн тушунда жакырчылык, ачкачылык, аз тамактануу жана оорудан миллиондогон бала азап-кыйынчылыктарга туш болду жана дагы эле туш болууда. ЮНИСЕФ ачыктаган отчётко ылайык, Афганистанда 10 миллионго жакын бала тирүү калуу үчүн гуманитардык жардамга муктаж. Мындан тышкары, ушул жылы бир миллионго жакын бала азык-түлүк жетишсиздигинен азап чегиши о.э. дарыланбоо натыйжасында каза болушу мүмкүн. ЮНИСЕФтин айтымында, миллиондогон балдар полиомиелит жана кызамыкка каршы эмдөө кампаниялары, азык-түлүк, коргоо, башбаанек, суу жана санитария сыяктуу негизги кызматтарга муктаж болуп турат.

Ушундай нерселерден кийин да эл аралык коомчулуктан Афганистандагы балдарды куткарууну талап кылгандар чыгууда… Бул эки жүздүү эл аралык коомчулук качан мазлумдарды коргоп, бечараларга жардам берди эле, айрыкча, мусулмандарга?!

Мусулмандардын проблемалары алар Ислам акыйдасы негизинде биригиши, улуттук бөлүнүүлөрдөн баш тартуу о.э. колонизатор кафир Батыш жана анын уюмдары менен болгон алаканы үзүп, Аллахтын арканын бекем кармоо менен чечилет.

﴿وَاعْتَصِمُوا بِحَبْلِ اللَّهِ جَمِيعًا وَلا تَفَرَّقُوا وَاذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ كُنْتُمْ أَعْدَاءً فَأَلَّفَ بَيْنَ قُلُوبِكُمْ فَأَصْبَحْتُمْ بِنِعْمَتِهِ إِخْوَانًا﴾

«Бардыгыңар Аллахтын арканына байлангыла жана бөлүнбөгүлө! О.э Аллахтын силерге берген ниъматын эстегиле: бири-бириңерге душман болгон убагыңарда дилдериңерди достоштуруп койду эле, силер Анын ниъматы себептүү бир тууган болуп калдыңар»                                                                                                                   [3:103]

 

Роя гезити, №355, 2021-жыл, 8-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here