«Акылсыз кимселерге малыңарды берип койбогула» Зыянкеч акимдер буга мисал

208
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

﴿وَلاَ تُؤْتُوا السُّفَهَاء أَمْوَالَكُمُ﴾

«Акылсыз кимселерге малыңарды берип койбогула»

Зыянкеч акимдер буга мисал

 

Ал-Жазира нет веб-сайтында хижрий 1443-жылы 18-мухаррам, миладий 2021-жылы 26-август күнү мындай кабар жарыяланды: «Катар жаңы муундагы «F-15» аскерий учактарынын биринчи партиясын кабыл алды. Бул учакты АКШ жана «Boeing» компаниясы Катар менен биргеликте иштеп чыгарган.

Тапшыруу аземи кече шаршемби күнү АКШнын Миссури штатында, Катардын коргоо министри Халид Атиянын катышуусунда болуп өттү. Атия Катар бул учактарды коргонуу максатында сатып алганын баса белгиледи.

Атия бул жаңы учактар мурунку учактарга караганда жогору согуштук техникалык артыкчылыктары о.э. тездиги менен айырмаланышын маалымдады.

Белгилүү болгондой, Катар 2017-жылы эң жаңы техникалык каражаттар менен жабдылган кеминде 30 жаңы түрдөгү аскерий учактарды сатып алуу жөнүндө Вашингтон жана «Boeing» компаниялары менен келишим түзгөн.

Миссури штатында «Boeing» компаниясында өткөрүлгөн тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн америкалык расмийлер АКШ-Катар кызматташтыгын о.э. эки мамлекет ортосундагы стратегиялык шериктештикти жогору баалашты. Бул шериктештик жаңы муун эсептелген «F-15» тибиндеги учактардын иштелип чыгышына алып келди. О.э. адистер да бул типтеги учактарды чабуул же коргонуу абалдарында тез манёвр кылуу жөндөмүнө ээ эң жакшы учактардан деп баалашты».

Роя:

Фарс Булуңу мамлекеттеринде, ал тургай, ушундай үлкөн курал арсеналдары бар болсо да, бирок, Ислам жана мусулмандардын душмандарына, өзгөчө, мубарек Фалестин жеринин баскынчысы яхудийлерге каршы бир болуп сокку берүү мүмкүнчүлүгү аларга берилбеди. Демек, ал куралдарды душманга каршы колдонууга уруксат берилбесе, алардан эмне пайда?! Эгер Катар акимдери чынында эле эгемендүү болуп, иш жүзүндө саясий эркке ээ болуп, өздөрүнүн тагдырий маселелерин өздөрү чечишкенде бул миллиарддаган долларларды мындай пайдасыз курал-жарактарды сатып алуу үчүн текке сарптоонун ордуна туура жолго т.а. оор өнөр жай заводдорун куруу жана чыныгы согуштук системаны иштеп чыгарууга сарпташмак. Ошондо, өзүлөрүнүн саясий эркине ээ болуп, раелдуу чечимдерди кабыл алышмак. Бирок, малай жуундукорлорго мындай чечимдерди кабыл алуу кайдан. Алар Батыш мамлекеттерине малай болуп, ошолордон милдеттенмелерди алышууда о.э. батыштык кожоюндарынын талаптарын эч бирин калтырбай аткарышууда.

 

Роя гезити, №355, 2021-жыл, 8-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here