Тунис коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Мухаммад Ахмадийди уурдап кетти

172
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Тунис коопсуздук кызматы Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Мухаммад Ахмадийди уурдап кетти

Коопсуздук кызматынын көптөгөн кызматкерлери Хизб-ут-Тахрир мүчөсү Мухаммад Ахмадийди баракча таратканы үчүн 2021-жылы 29-июлда Сиди Бузид көчөсүндө адамдардын көз алдында ачык эле уурдап кетишти. Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын Мухаммад Ахмадий жана башка мүчөлөрү тараткан билдирүүдө президент Саид алып барып жаткан жаткан иш-чаралардын бети ачылган. О.э. элди жана Тунис армиясындагы калыс аскерийлерди Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө аркылуу Ислам менен өкүм жүргүзүүгө о.э. өлкөнү чет элдиктердин таасиринен жана куурчактарынан азат кылууга чакырылган.

Билдирүүдө Тунис жетекчилерине ушул суроо берилген: «Эй Тунис акимдери, силердин бузгунчу түзүмүңөрдө коопсуздук кызматынын ролу саткындарга акыйкат сөздү айтып, фитналарын ачып таштаган адамды коркутуу жана камакка алуубу?!».

Билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Биз, Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын мүчөлөрү, ушуларды баса белгилейбиз: силердин коркутуу жана басым өткөрүү менен бирге уурдоо сыяктуу бул кылмышыңар мурунку президенттин полициячыл башкаруусун эске салууда. Бирок, бул нерсе залим режимдерге жана алардын колонизатор кожоюндарына каршы пикирий жана саясий күрөшүбүздү улантууга жолто болбойт. Тескерисинче, Тунис калкын жана калыс күч-кубат ээлерин улам-улам даъват кылып, бул акимдерди кулатууга чакырууну улантабыз. Аллахтын досторуна азар берип жаткандар, Аллахтын жолунан тосуп, өлгөнгө тепкендей болуп жаткандар ушул акимдер болот».

 Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here