ЖККУ Ооганстандагы абалды талкуулады

220
0

ЖККУ Ооганстандагы абалды талкуулады

23-августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары Ооганстандагы абалды жана анын чөлкөмгө тийгизчү таасирин онлайн форматта талкуулады. Талкууга Өзбекстандын президенти байкоочу катары катышты.

Жыйында орус президенти Владимир Путин Ооганстандагы абалдан улам исламчылардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичине киришине, жарандарды өз катарына тартышына жол бербөө керектигин белгиледи. Ошондой эле, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун Ооганстандагы күчтүү позициясы ЖККУга мүчө өлкөлөр үчүн коркунуч туудурарын кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын айтты.

Жалпысынан кезексиз сессияда ЖККУнун мүчө-мамлекеттиринин, баарынан мурда Борбор Азиянын коопсуздугун күчөтүү боюнча кошумча чара көрүү сунушталды. Муну менен катар тажик-ооган чек арасын бекемдөө үчүн Тажикстанга техникалык жактан жардам зарылдыгы белгиленди.

Жыйындын артынан 1-9-сентябрь күндөрү Ооганстандагы абалга байланыштуу ЖККУнун Борбор Азиядагы жамааттык ыкчам күчтөрүнүн “Чек ара – 2021” аттуу машуугуулары өтөрү белгилүү болду. ЖККУнун кезектеги саммити 16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Буга чейин Путин Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындаган. “Бул Орусиянын коопсуздугуна коркунуч. Биз качкын атын жамынган жоочулардын пайда болушун каалабайбыз”, – деген Путин өз сөзүндө.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен оогандык качкындарга транзиттик аймак болуп берүүгө макул болгон мамлекеттерди санап жатып, Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан макул болгонун билдирген.

Кыргыз бийлиги буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл аларын билдирген. Мунун артынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

Тышкы иштер министрлиги 23-августта дипломаттар жана расмий делегация мүчөлөрүнөн башка ооган жарандарына виза берүүдө чектөөлөр киргизилгенин жарыялады. Ал эми Өзбекстан Ооганстандан качып келген миңден ашык жаранга убактылуу башпаанек бергени кабарланды. Муну менен катар Ооганстандан 2000дей чет өлкөлүк Өзбекстан аркылуу эвакуацияланды.

Путиндин камтама болуусу Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугу эмес, тескерисинче, качкындар шылтоосу менен Батыштын таасири аймакта күчөп баруусуна байланыштуу. Ошондуктан, чек ара аймактарында кайра-кайра аскердик машыгууларды өткөрүп, аймактагы малай акимдерге эскертүү берип жатат. Демек, Борбор Азиядагы мындай чыңалган абал Орусиянын провакациялык аракеттери менен коштолушу мүмкүн. Маселен, качкындар арасынан жасалма теракттарды уюштуруу ыктымалдан алыс эмес.

Андыктан, Борбор Азия калктары Орусия менен Батыштын таасир талашы астында эзилүүдөн кутулуу жолун издеши керек. Ал эми кутулуунун жападан жалгыз жолу өз Исламдарына бекем жабышып, Халифалык мамлекетин куруу кербенине кошулуу!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here