«АКШнын аскерий күчтөрү» деген дүрбөлөң мусулмандардын назарында талкаланды

197
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

«АКШнын аскерий күчтөрү» деген дүрбөлөң мусулмандардын назарында талкаланды

2021-жылы 17-июль күнү Хизб-ут-Тахрир–Пакистан вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө ушулар баса белгиленди: «Кошмо Штаттардын аскерий күчтөрү деген дүрбөлөң мусулмандардын назарында талкаланды. Бирок, бул мамлекет мүдүрүлүп жатат, кулай элек. Ал мусулман өлкөлөрүндөгү акимдерден колдоп-кубаттоо алып өзүн бекемдеп алууга умтулуп жатат. Кошмо Штаттар исламий өлкөлөрдөгү ага союздаш малай акимдердин жардамын алууга аракет кылды. Түркия акимдери Афганистанга өз күчтөрүн жиберүүгө ыраазы болушту. Акыйкатта болсо, Акса мечити жардам сураганда ал жерге кошуундарын жиберишкен эмес! Пакистан акимдерине келсек, алар Афганистандагы маанилүү камсыздоо линияларын коргомокчу экендиктерин баса белгилешти. Негизи, бул, Кошмо Штаттардын регионалдык колонизаторлук инфраструктурасын колдогон камсыздоо болуп эсептелет. Кошумча жардам катары, Пакистан Карачи жана Исламабаддагы АКШнын разведка борборлорун коргоп жатат. Негизи, бул борборлор стратегиялык регионалдык байланыштар боюнча тыңчылык кылат».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Бажва-Имран режими Пакистандагы ири аскерий күчтөн АКШны жана Индияны коргоп, алардын кызыкчылыктарын камсыздоодо пайдаланууда. Ушул себептен улам, өлкөдөгү мусулман офицерлерге кайрылып, мындай дейбиз: Согуш абалындагы мамлекеттер менен союздаштык кылуу биздин алсырашыбызга жана жакыр болушубузга себеп болууда. Үлкөн мүмкүнчүлүктөрүбүздү текке кетирип, позициябызды алсыратууда. Бажва-Имран режими болсо, Американын пландарын аткарып, бул пландар адамдарга зыян жеткиришине көз жумууда».

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык мамлекети гана камсыздоо линиясын үзүү менен АКШдай жырткыч айбанды ачка калтырууга кудуреттүү. О.э. АКШнын разведка топторун өлкөдөн чыгаруу менен анын көздөрүн оюп алууга, түгөнүп бүткөн өкүмдарлыгына чекит коюуга о.э. Америкадан зулум көргөн бардык мамлекеттерди ага каршы коюуга кудуреттүү. Халифалык мамлекети гана мусулман өлкөлөрүнүн арасына тартылган чегараларды бузуп, бул өлкөлөрдү бириктирет. Ушул мамлекет гана даъват жана жихадды кайра баштап, бир нече кылым уланган Исламдын дүйнөлүк өкүмдарлыгын кайра тикелейт».

 

Роя гезити, №350, 2021-жыл, 4-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here