Коронавируска каршы эски вакцина жөнүндөгү келишим – Фалестин калкына каршы атайылап жасалган кылмыш

266
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Коронавируска каршы эски вакцина жөнүндөгү келишим – Фалестин калкына каршы атайылап жасалган кылмыш

«Шабакатул Кудс» маалымат агенттиги колго алган документте айтылгандай, Фалестин администрациясы яхудий вужуду жана «Pfizer» компаниясынын менен вакциналарды айырбаштоо жөнүндө келишим түзгөн. Документте «(израиль) өкмөтүнүн мөөнөтү ушул жылдын июнь-июль айларынын аягында бүтө турган бир миллион доза өлчөмүндөгү вакцинаны Фалестин администрациясына өткөрүшү, ошол эле учурда ушунча өлчөмдөгү вакцинаны Фалестин администрациясынын «Pfizer»деги үлүшүнөн алышы» айтылган. Кабарга ылайык, Фалестин администрациясы мөөнөтү дээрлик аяктаган вакцинаны анык билип туруп келишим түзүүгө жана анын жоопкерчилигин өз мойнуна алууга батынган. Ушуга байланыштуу бийлик тарабынан түзүлгөн «көз карандысыз» комиссия кече шейшемби күнү өз отчётун сунуштады. Комиссиянын отчётунда саясий жетекчилик бул айырбаштоо маселесинен кабардар болгону о.э. бул келишимде бир да кемчилик болбогону баса белгиленди. Ошол эле убакта, отчётто комиссиянын саламаттыкты сактоо министри тарабынан сунушталган көптөгөн техникалык кеңештерди да, келишимге кол койбоо сунушун да этибарсыз калтырганы айтылат.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Бул маалымат агенттиги колго алган документтен о.э. вакциналар маселесин күзөткөн комиссиянын отчётунан Фалестин режими өлкө калкына карата коррупция жана жаман башкаруу даражасынан ашып өтүп, аң-сезимдүү түрдө кылмыш жасоо даражасына жеткендиги ачык көрүнүп турат, буга эч кандай күмөн жок. Себеби, келишимде крсөтүлгөн сөздөр режимдин саткындык жана коррупция менен алектенишине эмес, адамдар өмүрү менен ойношкон кылмыштарды жасап жатканынан кабар берүүдө. О.э. Фалестин калкына кам көрбөгөн, анын коопсуздугун жана өмүрүн ойлобогон режимдин башындагы жетекчилердин акылын ачыктады. Анын ар күнкү аракетинен адамдарды террор кылуучу, бастыруучу жана зордукчул режим экени ачыкталууда. Режимдегилер айтып жаткан «улуттук долбоор» өлкө калкына карата оройлук, ырайымсыздык жана жазалоодо баскынчы яхудийлердин долбоорунан айырмаланбай калды. Негизи, бардык бузукулук жана ыпластыктардын «энеси» болгон Осло келишимине негизделген мындай долбоордун ушундай болушу да табигый. Муну менен бирге, бул келишимге кол койгон жана баскынчыларга кызмат кылуунун акысына Фалестиндин көпчүлүк бөлүгүнөн баш тарткан жетекчилердин ушундай кылмыштарды жасашы таң калычтуу эмес.

Абал ушундай болгон соң, Фалестин калкы мындай режимдин алдынан тосуп чыгышы керек, себеби, ал кылмыш артынан башка кылмыштарды кууган, коррупциясына башка бузукулуктарды кошкон режимге айланды.

 

Роя гезити, №347, 2021-жыл, 14-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here