Эй Чыгыш Судан калкы, колонизатордун тузагынан сактангыла!

218
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй Чыгыш Судан калкы, колонизатордун тузагынан сактангыла!

Чыгыш Судандагы инспектор Мухаммад Амин Тирак жетектеген «Бажа элинин инспекциясы жана көз карандысыз аксакалдар кеңеши» Портсудан менен башка шаарларды байланыштырган магистраль жана темир жолдорду тосуу аркылуу өкмөткө каршы нааразылык аракеттерди күчөттү.

Өз кезегинде, Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, Чыгыш Судандагы ак ниет элди колонизатор кафирдин тузагына түшүп калуудан сак болууга чакырып, ушуларды баса белгиледи: «Өкмөт өз милдетин аткарышы керек. Анткени, өкмөттүн милдети бүткүл Судан калкынын, алардын катарында, өлкөнүн чыгышындагы калктын иштерин башкаруу жана проблемаларын чечүү, негизги муктаждыктарын камсыздап, фитна чыгышына себеп болгон ар кандай нерселерди жок кылуу.

Уруу бул бийликке жетүүнү же кандайдыр бир кызматты алууну түшүндүрбөйт. Ислам урууну адамдар бири-бири менен таанышуусу жана мамиле кылышы үчүн жакшылык дарбазасы кылып берген. Демек, силер, жетекчилер урууну өз ара согушкан карамүртөздүк очогуна айлантпагыла».

О.э. билдирүүдө жогорку кызматтарды ээлөө же турмуштук проблемаларды чечүү үчүн тарапкечтик жана регионализм жолун кармануу туура эмес экени айтылды. Адамдар ар кандай кызматка түсүнө, тегине же уруусуна карабастан, жөндөм жана таланты негизинде келиши жана проблемалар Ислам өкүмдөрү негизинде чечилиши керектиги баса белгиленди. Билдирүүдө дагы мындай делет: «Биз Чыгыш Судандагы элибизди автономия идеясынан о.э. өз тагдырын өзү белгилөө укугунан эскертебиз. Cебеби, бул нерсе колонизатордун Суданды бөлүп жарууда колдончу уу канжары болуп эсептелет. Бул идея биринчи түштүктө башталып, түштүктү чыгыштан бөлүүгө кызмат кылды. Бүгүн болсо, Судандын башка бөлүгүндөгү малай акимдер жана саясатчылар кайра дагы ушул пикирден пайдаланып, өлкөнү бөлүп, ыдыратууга урунуп жатышат. Негизи, биримдик – фарз жана күч. Ал эми, бөлүнүү – күнөө, алсыздык жана Умматка кыянаттык».

Билдирүүнүн соңунда Судан калкын өлкөнүн чыгышындагы жана башка региондордогу гана эмес, бүткүл дүйнөдөгү бул сыякту фитналарды жок кылуу үчүн биргеликте аракет кылууга чакырылды. Мунун жалгыз жолу Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетиндеги исламий башкарууну тикелөө экендиги баса белгиленди.

 

Роя гезити, №347, 2021-жыл, 14-июль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here